Стамбулда жайкы Куран окутуу курсуна 350 миң бала кабыл алынат

91
0

Стамбулда жайкы Куран окутуу курсуна 350 миң бала кабыл алынат

“Анадолу” агенттиги: “Стамбулдун муфтийи Хасан Камил Йылмаз 17-июнь күнү мечиттерде жаш балдар үчүн жайкы Куран курстары башталарын кабарлады”, — деп кабарлады. 

Курстарда башталгыч жана орто мектептин о.э. лицейдин окуучулары билим алышы мүмкүн болот. Балдарга Куран окуу үйрөтүлүп, диний маалыматтар берилет. Муфтийдин айтымында, мектептерде “Дин жана адеп” сабагы өтүлөт, бирок, мечиттердеги Куран курстарында балдар практикалык билимдерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 

“Мечитке келген балдар мечит жамаатынын мүчөлөрү болуп эсептелишет. Жамаатка кошулуп, чоңдор менен бир катарда Исламды жана мусулманчылыкты үйрөнүшөт”, – деди Хасан Камил Йылмаз. 

Өткөн жылы Куран курстарына 287 миң бала катышкан, быйыл 350 миңге жеткирүү пландаштырылууда. Курстардын саны 2018-жылы 8925 болчу, быйыл 10 миңге жетти. 

Комментарий:

Бул Эрдоганча митайым саясат!  Башкача айтканда, бул Исламды мечит-медресе менен чектеп, зикир- тасбех деп тааныткан бузуку саясат! Динди турмуштан эле эмес, дилдерден да ажыраткан жийиркеничтүү саясат!

Эй Эрдоган,  адамдарды алдап, пикирий төмөндүккө батырышың мүмкүн, бирок Жаратуучуну алдай албайсың го. Дүйнөдө көптөгөн мусулмандар анын негизги иш-аракеттерин мактап,  анын колу менен Шарият өкүмү үстөм болушун күтүшөт. Кана эми ушундай болсо… Өкүнүчтүүсү, илманий (светтик) долбоорлор негизинде өкүм жүргүзүп жаткан түрк өкмөтү да Үммөттү пикирий ойготууга тоскоолдук кылууда.  Ошол 282 миң бала Үммөттүн келечеги болуп, алар менен Шарият корголушу керек жана  алардан мужтахиддер чыгышы шарт! А бирок, илманий режим буга эч качан жол бербейт. Түркия өкмөтү өзүнүн эки жүздүү саясаты менен Үммөттү  алдоону улантууда. Элестетип көрүңүз, кошунаңызды бирөөлөр ачык эле өлтүрүп,   үйүн урандыга айландырып, жаш балдарын жырткычтык менен мууздап, ууландырып жатат дейли…  Сиз болсо өз үйүңүздө сооп үмүтүндө башыңызды көтөрбөстөн Куран окуп отурасыз  . Түркиянын саясаты мына ушундай,  эгерде Курандын бир эле аятына амал кылынса,  кошуна Шам мусулмандары ушунчалык азапка кириптер болмок эмес.

 Бул бузукулукка толгон капиталисттик  система  жаңы — жаңы ыкмалар жардамында Куран-сүннөттү кор кылууга аракет кылып жатышкан учурда сиз бейиштен үмүттөнүп башыңызды китептен көтөрбөй отурасыз. Куран  окуу, аны үйрөтүү Шарият амалдарынын эң абзелдеринен экендиги талашсыз о.э.  нусуста келген таърифтерге ыйман келтирүү жана ага амал кылуу биз үчүн важиб. Дүйнөдөн өткөн жакындарыбызга дуба кылабыз. Аллахтын атын зикир кылып, Андан магфират сурайбыз. А бирок, негизи Шарият биз тирүүлөр үчүн жашоо программасы эмеспи? Куран окуу мусулман үчүн негизги ибадат  болуп эсептелет, буга кыпындай да шек-күмөн жок.

Бирок, Үммөттү бириктирип турган Халифалык мамлекетинен кийин жүздөгөн мечиттер курулду, медреселер көбөйдү,  а бирок  тышкарыда арак сатылбай калдыбы? Же сойкулар азайдыбы? Мусулман жарыктыкка чыктыбы?  Куранга умтулганыбыз сайын дүйнө жүзүндө зордук-зомбулук көбөйүп жатат го? Себеби эмнеде? Себеби,  куфр дүйнөсү Режеп Тайип Эрдоган сыяктуу ишенимдүү жардамчылары аркылуу Куранды жүрөгүбүзгө эмес, тилибизге жайгаштырууга аракет кылып жаткандыгында. Натыйжа  кандай болууда?  Биз маркумдарга көркөм добуш менен төмөнкү аяттарды кыраат кылып жатабыз:

— “Момундарга айткын, көздөрүн (намахрам эркектерге кароодон) тосушсун жана авраттарын (арамдан) сакташсын, көрүнүп тургандан башка зийнаттарын (намахрамдарга) көрсөтүшпөсүн жана көкүрөктөрүн жоолуктары менен тосушсун!» (24:31)

Дагы:

— “Эй момундар, бири-бириңер менен карыз мамилесин кылсаңар, жазып койгула! Араңарда бир жазуучу адилеттик менен жазсын!”..—-              (2:282)

Натыйжасы эмне болду? Сиз кыраат кылган аятка маркумдар кабырдан туруп авратын жабыштыбы? Же намахарамдан көзүн тосуштубу? Же карыз мамилесинде жазып коюштубу? Же зекет  бериштиби, же мурас бөлүштүрбөй коюштубу? Же арасында жаткан уурунун колун кесиштиби? Же ата-энесине жакшылык кылыштыбы?  Чирип бара жаткан сөөктөр ушуларды кылыштыбы? Бул логикалык тыянак бир тараптан күлкүлүү болсо, башка тараптан аянычтуу. Адамдын туйгусу козголуп, көздөрүнөн жаш чыгышына себеп болот. Ооба, дал ушундай кылып жатабыз! Биз күн сайын бул аяттарды жүз жолудан кыраат кылып жатабыз, а бирок пайдасы жок.  Кана эми, Куран жаттоонун өзү менен Бейишке чыксак. Анда баарыбызга оңой болмок.  Бирок, аны турмушка кайтарбасак, Аллахтын  өкүмүн бир адилеттүү жетекчи жардамында дүйнө жүзүнө жаюуга аракет кылбасак,  Бейиш бизге адал болбойт.

Куран окуп жатканыбызда бул аяттар кимге айтылып жатканы жөнүндө ой жүгүртөлү.  Антпесек, жогорудагы сыяктуу болуп калабыз. Кайдыгер болбойлу, аны турмушка алып келели, тирүүлөргө колдонолу. Анткени, миң жолу кайталасаңыз да маркумдар эми Шариятка амал кыла алышпайт. Куран китепте калып кетпесин,  аны жашообузда колдонолу.

Мунаввара

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here