Судан жана Алжирдеги козголоңдун талаптары зулумду токтотуп, адилеттик орношуна алып барабы?!

370
0

Судан жана Алжирдеги козголоңдун талаптары зулумду токтотуп, адилеттик орношуна алып барабы?!

Судан жана Алжирде козголоң баштаган адамдардын негизги талаптары – зулумду токтотуу, анын акыбеттерин, себептерин жоюу жана залимдерден кутулуу, саясий, экономикалык жана социалдык… бардык тармакта адилеттик орнотуу болду. Ко-ош, кордукка жана зулумга каршы көтөрүлгөн бул козголоңчулар сый-урмат жана адилеттик орношу үчүн туура жолду кармаштыбы?!

Шек-күмөнсүз, бул эки өлкөдөгү аянттарда жана маалымат каражаттарында кордукка жана зулумга каршы көтөрүлгөн козголоңчулардун аракетине назар салган киши өкүнүчтүү нерсе көрөт. Т.а. алардын көпчүлүгү жарандык мамлекетти жана эркиндиктерди талап кылып жатышат, аскерий башкаруудан токтотуп, армияга көз карандысыз жарандык башкарууну тикелөөгө, армиянын вазыйпасын козголоңду жана анын ийгилктерин коргоого чектөөгө чакырышууда. Ко-ош, бул пикирлер жана талаптар калктын каалоосун жүзөгө чыгарабы? Мисир, Ливия, Тунис жана Шамда болгондой, калк кайра аңга кулабашын, зулум кайра күчөбөшүн кепилдейби?!

Аллах Субханаху ва Таала бизге таалим берип мындай дейт:

﴿أَفَمَنْ أَسَّسَ بُنْيَانَهُ عَلَى تَقْوَى مِنَ اللَّهِ وَرِضْوَانٍ خَيْرٌ أَمْ مَنْ أَسَّسَ بُنْيَانَهُ عَلَىَ شَفَا جُرُفٍ هَارٍ فَانْهَارَ بِهِ فِي نَارِ جَهَنَّمَ وَاللَّهُ لاَ يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ﴾

«Анан бул курулуштарын Аллахтан коркуу жана Анын ыраазылыгы негизине курган адам жакшыраакпы же курулуштарына жемирилип бара жаткан жар жакасын негиз кылып алып, ошол себептүү өзү да тозок отуна кулаган адамбы?! Аллах мындай залим коумду хидаят кылбайт»                                                                                                                                   [9:109]

﴿فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشْقَى + وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى﴾

«Анан, силерге Мен тараптан хидаят келгенде ким Менин хидаятыма ээрчисе, жолдон адашпайт жана бактысыз болбойт. Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда, албетте ал үчүн бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат күнүндө сокур абалда тирилтебиз»                  

                                                                                                                        [20:123-124]

Расулуллах ﷺ айтат:

«لَقَدْ تَرَكْتُكُمْ عَلَى الْمَحَجَّةِ الْبَيْضَاءِ (أي الطريق الواضحة البينة)، لَيْلُهَا كَنَهَارِهَا لا يَزِيغُ عَنْهَا بَعْدِي إِلاَّ هَالِكٌ»

«Мен силерге ачык-айкын жолду калтырдым. Анын түнү күндүзгүдөй жарык. Менден кийин бул жолдон баскан эч бир киши адашпайт, кыйроого жүз туткан кимсе гана адашат». (Ахмад).

Ооба, албетте, Аллах жана Расулунун сөзү хак. Эгер, мусулман өлкөлөрүнө гана эмес, бүткүл дүйнөгө назар салсак, өнүгүүсү, илими жана маданияты менен мактанып жаткан Европа жана Америкага карасак, алардын калктары чыныгы эркиндикке жетишкенин көрөбүзбү?! Бул мамлекеттер экономика, саясат, социалдык тармактарда адилеттик жана кадыржамдык орнотконуна күбө болобузбу?!

Эгер, бул абалга назар салксак – пикири туура эмес экенинен – зулум эң ырайымсыз чокусуна жеткенине күбө болобуз. 2011-жылы Европа жана Американын миңден ашуун шаарларында демонстрациялар өтүп, Уолл-Стритти, бизнес жана финансы борборлорун басып алууну талабы коюлду. Кризистер Европаны да, Американы да өз иримине тартууда. Бул мамлекеттер капиталисттик түзүм пайда болгондон бери кризистерден чыга албай келишет. Европанын эң өнүккөн мамлекеттеринде ай сайын миңдеген адамдар өз өмүрүнө кол салышат. Инсандардын саясий жана экономикалык турмушуна өкүмдар капиталист тайпа калктын 2%ын гана түзөт. Франциядагы демонстранттар айлап жүрүштөрдү уюштуруп, жарандык мыйзамдар жана залим башкаруу себептүү келип чыккан зулумга чекит коюуну талап кылышты. Ушул күндөрдө Британияда… же Американын айрым штаттарында бөлүнүп чыгуу аракеттери байкалууда жана бул нерселер мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч туудурууда.

Пикирий жакка келсек, бул туурасында аамий да, аалым да түшүнө турган кыска жана жөнөкөй сөз жетиштүү: төрт эркиндикке негизделген жана динди жашоодон бөлүү үстүнө курулган капиталисттик түзүм чиркөөнүн зулуму себептүү инстиктивдүү реакция билдирүү натыйжасында пайда болду жана капитализмдин тарапкерлери чиркөө кулчулугуна каршы эркиндиктерди көтөрүп чыгышты. Акыбетте, инсандар нафсиге, кемтик акылга кул болушту.

Ошондой болгон соң, ушунча нерселерден кийин да, туура жолдо жүргөн  жана акыл ээси болгон мусулман перзенттерибиздин арасында эркиндикти жана демократиялык жарандык башкарууга негиздеген жарандык мамлекетти талап кылган адамдардын болушу акылга сыябы?! Эң жогорку нерсени эң төмөн нерсеге алмаштыруу акылга жатабы?! Балчык же таштандыдан таза суу алуу мүмкүнбү?! Ысык саратанда бактын көлөкөсүнөн качып, отко умтулуубуз акылга сыябы?!

Эң таң калычтуусу, козголоңчулар – мусулмандар. Алар Аллах Азза ва Жалланын жалгыздыгына итикад кылган, куфр жана кафирлерге ыраазы болбой, күнү-түнү Куръан тилават кылган, Байтуллахты тооп кылууга шашылып, Рамазан орозосун кармаган кишилер. Бирок, ушундай болсо да, алар жарандык мамлекетти талап кылышууда… бул нажат жолу деп ойлошууда! Алар кудум чаңкоодон закымга шашып, жеткенде азап-кыйынчылыктан башка эч нерсе таппаган кишилерге окшоп жатышат.

Куръаныбыз мындай дейт:

﴿وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ وَلَا مُؤْمِنَةٍ إِذَا قَضَى اللَّهُ وَرَسُولُهُ أَمْراً أَن يَكُونَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ مِنْ أَمْرِهِمْ وَمَن يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَالاً مُّبِيناً﴾

«Аллах жана Анын пайгамбары бир ишти буйруганда эч бир мумин жана мумина үчүн (Аллахтын хукмун коюп) өз иштерин ыхтыяр кылуулары жаиз эмес, ким Аллах жана Расулуна күнөөкөр болсо, демек, ал анык адашуу менен адашыптыр»                                                [33:36]

Бул бир жагынан, башка жактан болсо, жарандык мамлекет жана эркиндиктер Ислам динине бүтүндөй тескери. Жарандык мамлекетке мындай аныктама берилген: «Жарандык мамлекет – бул коомдун каалоосун айгинелеген мамлекет, ал мыйзам үстөмдүгүнө жана жарандык түзүмгө таянып эркиндиктерди кепилдейт, ар түрдүүлүктү жана боорукеңдикти кабыл алат. Жарандык мамлекет мекенчилдикти бардык жарандардын укук жана вазыйфаларынын негизи деп билет, бул мамлекет демократияга жана бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүгө амал кылат».

Демек, жарандык мамлекетте Куръан өкүмдар кылынбайт, тескерисинче, жарандык мыйзамдар өкүмдар. О.э. жарандык мамлекетте эркиндиктерге кеңири жол ачылган.

Өкүнүчтүүсү, Судан жана Алжирдеги козголоңчулар башка өлкөлөрдө болуп өткөн окуялардан сабак алышпады. Алар өздөрүнөн мурдагы кишилер чактырган тешикке бармактарын салышты. Алар Роббилеринин кайрылуусуна кулак салышпады:

﴿وَأَنَّ هَـذَا صِرَاطِي مُسْتَقِيماً فَاتَّبِعُوهُ وَلاَ تَتَّبِعُواْ السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَن سَبِيلِهِ ذَلِكُمْ وَصَّاكُم بِهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ﴾

«Албетте ушул Менин Туура Жолум. Демек, ушул жолго ээрчигиле, (башка) жолдорго ээрчибегиле, алар силерди Анын жолунан үзүп коёт, балким таква кылаарсыңар, деп силерди мына ушул нерселерге буйруду»                                                                                               [6:153]

Расулуллах ﷺдын осуятына кулак салышпады:

«لَا يُلْدَغُ الْمُؤْمِنُ مِنْ جُحْرٍ وَاحِدٍ مَرَّتَيْنِ»

«Момун бир тешиктен эки ирет чактырбайт». (Бухарий).

Сөзүбүздүн аягында Судан жана Алжирдеги боордошторубузга насаат кылабыз: он үч кылым силерге жакшылык алып келген, кордук жана зулумга чекит койгон, силерди адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Умматка айланткан бирден-бир түзүм – Ислам мамлекети көлөкөсүндөгү Ислам түзүмү. Ушул Ислам түзүмү кулатылганда же алсыраганда силерге кордук, зулум жана жахилият жетти, төмөндүккө куладыңар, колонизаторлор силерге каршы согуша турган болушту. Ошондуктан, Куръанда жана Расулуңар ﷺдын Суннатында көөдөлөнгөн диниңерди бекем кармашыңар важиб. Бирден-бир талабыңар ушул болсун! Аллах Таала айтат:

﴿أَوَمَنْ كَانَ مَيْتًا فَأَحْيَيْنَاهُ وَجَعَلْنَا لَهُ نُورًا يَمْشِي بِهِ فِي النَّاسِ كَمَنْ مَثَلُهُ فِي الظُّلُمَاتِ لَيْسَ بِخَارِجٍ مِنْهَا كَذَلِكَ زُيِّنَ لِلْكَافِرِينَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ﴾

«Оболу өлүк болгон, кийин биз аны тирилтип, ага адамдар арасында өзү менен бирге алып жүрө турган нурду берип койгон бир адам – караңгылыкта калып кеткен жана андан эч качан чыга албаган адамга окшойбу?! (Момундарга ыймандары кандай жакшы көрүнсө), кафирлерге да кылып жаткан амалдары мына ошондой чырайлуу көрсөтүлдү»                                                 [6:122]

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُواْ أَنَّ اللّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын жүрөгүнүн ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар»                   [8:24]

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here