Халифалык салыктарды салуу менен жакырларды кыйнабайт

153
0

Аллахтын уруксаты менен, жакында тикеленчү Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык зулум салыктарды салуу менен жакырларды кыйнабайт, балким мамлекетти үлкөн кирешелер менен камсыздайт

Эл аралык Валюта Фонду менен түзүлгөн келишимге ылайык, Пакистан режиминин экономисттер тобу 2019-жылы 26-май күнү 2019-2020-жылдарга карата бюджетти иштеп чыгышты. Режим бюджетти 5.550 триллион рупиге жеткирүү максатында т.а. 35.4%га көтөрүү үчүн салыктын көлөмүн көбөйтөрүн маалым кылды.

Шек-күмөнсүз, салыктын көлөмүн 35.4%га жогорулатуу кырдаалды дагы да орчундатуудан башка нерсеге алып келбейт. Ансыз да салыктар адамдарды азапка салып… өндүрүш чыгашаларын көбөйтүп, азык-түлүк, кийим-кече жана дары-дармек маселесиндеги керектөө күчүн солгундатты.

Эй Пакистан мусулмандары!

Кыйрап бара жаткан экономикабызды тикелөө үчүн Эл аралык Валюта Фондунан эмес, башка тараптан дабаа издөөнүн убагы алда качан келген. Мухаммаддын Умматы улуу динибизден башкасына муктаж эмес. Халифалык доорунда Уммат өзүнүн дининен гана чечим алып келген. Аллах Таала айтат:

كَيْ لاَ يَكُونَ دُولَةً بَيْنَ الأَغْنِيَاءِ مِنْكُمْ

«… Тээ, силердин араңардагы бай-дөөлөттүү кишилер ортосунда гана айланып жүрө бере турган нерсе болуп калбасын үчүн…» [59:7]

Исламдагы киреше түзүмү байлыктын бир ууч адамдардын колунда чогулуп калышына жол бербейт. Ислам жакыр жана муктаж кишилерди соода салыгы, кызмат көрсөтүүлөр салыгы, киреше салыгы сыяктуу салыктар менен айласын кетирбейт. Аллахтын уруксаты менен, жакында тикелене турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекети дыйканчылык жерлерине жана соода товарларына жетиштүү ээ болгондордон киреше алат. Т.а. алардан зекет алат. О.э. Халифалык мамлекети электр станция ээлеринин кирешелерин камсыздоо үчүн керектөөчүлөрдөн жылына жүздөгөн миллиард рупи өндүрбөйт. Тескерисинче, Халифалык энергетика жана кен байлыктарды элдин мүлкүнө өткөрөт. Бул болсо, үлкөн кирешени камсыздайт. Халифалык мамлекети кредитти жабуу үчүн 1.5 триллион рупи төлөөнүн ордуна, сүткорлукка негизделген системаны жок кылуу аркылуу, мамлекеттин казынасындагы мындай ысырапчылыкка чекит коёт. Халифалык мамлекети уурдалган байлыктарды саясий жана аскерий жетекчиликтеги Мушарраф, Кияний, Наваз жана Зардарий сымал коррупциячылардан өндүрүп алат жана бул сыяктуу кимселердин жасалма соттор аркылуу кутулуп кетишине жол бербейт. Эгер, мамлекеттин милдеттенмелерин аткарууга Байтулмалда каражат жок болуп калса гана Халифалык мамлекети мусулмандардын негизги жана камалий муктаждыктарынан ашыкча мүлкүнө ынсаптык менен салык белгилейт. Муктаждардан таптакыр салык албайт, тескерисинче, аларга финансылык жардам берет. Андыктан, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу өлкөдө чыныгы өзгөрүү жасоонун убагы келбедиби?! Мусулмандар бул дүйнө жана акырет ийгилигине жетүү үчүн Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкаруу жолунда мелдешүүнүн убагы келбеди?!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here