Маалымат үчүн: Кытайдын эл аралык саясаттагы тарыхынан

106
0

Маалымат үчүн: Кытайдын эл аралык саясаттагы тарыхынан

(Колониализм доорунан СССР кулаганга чейин)

Колониализм доору

1840-43-жылдары Британия колонизаторлугу “опиум согушу” аркылуу Кытайга (Цин) кирип келген. 1844-жылы Франция жана АКШ колонизаторлугу да келген. 60-80-жылдар аралыгында Англия түштүк провинцияларды, Франция түштүк-батыш райондорун, Германия Шаньдунь жарым аралын, Япония Тайваньды, Россия Маньчжурияны көзөмөлдөп калган.

1898-1900-жж. ихэтуандар  көтөрүлүшү болгон. Ал Европада “боксерлор көтөрүлүшү” деп аталган. Анткени, алардын арасында будда агымындагы “кунг-фу”чулар көп эле.  Алар “Цинди колдойбуз, чет элдиктерди жоготобуз” деген ураан менен чыгышкан. Колонизаторлорго кол салышып, үлкөн зыяндарды келтиришкен. Империалисттер аларга каршы экспедиция жөнөтүп, Цин бийлиги империалисттерге кошулууга мажбур болгон. Козголоңчуларды бастыргандан кийин, империалисттерден кечирим сурап, аларга артыкчылыктар берген, чыгымдарын толтурган о.э. контрибуция да төлөгөн.

1911-13-жж. Синьхай көтөрүлүшү акыбетинде, Англия жана АКШ колдоосу менен Кытай Республикасы түзүлүп, Цин жоюлду.

1-дүйнөлүк согуш

1914-жылы ачкөз империалисттердин колония талашууларынан улам, 1-дүйнөлүк согуш келип чыкты.

1914-жылы Япония Кытайга бастырып кирип, андагы Германиянын колонияларын тартып алган. 1915-жылы Кытай империя деп жарыяланып, бирок, бир жылдан кийин империя жоюлган. Андан соң, Кытай согушчан топтордун ээликтерине ажырап кеткен. Алар негизинен Британия-АКШга жана Японияга караштуу топтор болгон.

Буга чейин, 1912-жылы Гуанчжоуда консервативдик Гоминдань партиясы уюшулган эле. 1921-жылы Кытай коммунисттик партиясы уюшулду. 1924-жылы СССРдин колдоосу менен Гоминдань жана коммунисттик партия өнөктөш болуп калышты. Конституция түзүлүп, колдонула баштады. Бирок, 1926-жылы, Британия жана АКШ колдоосу менен, гоминданчы Чан Кайши төңкөрүш уюштуруп, коммунисттерди шаардан кууп чыкты. Аскерий кеңешчилерди Германиядан (Веймар Республикасынан) алдыртып, белгилүү “Түндүк жоортуулун” уюштурду. Каршы чыккандарды, негизинен, коммунисттерди аёосуз кырды. 1927-жылы Чан Кайши Кытай Республикасын түзүп, анын президенти болуп калды. Бул мамлекет АКШ жана Британия тарабынан тан алынды.

2-дүйнөлүк согуш

Германияда бийликке Гитлердин келиши менен, антикоммунисттик маанайда, Германиянын Чан Кайшиге жардамдары күчөп кетти. Бирок, Советтер Союзунун күчтүү аралашуусу аркылуу, Гоминдань 1936-жылы Коммунисттик партия менен Японияга каршы бирдиктүү фронт түзүүгө аргасыз болгон.

2-дүйнөлүк согуш алдынан, Япониянын Кытайды басып алуу аракеттери башталды. Ошондуктан, 1937-жылы Кытай СССР менен келишим түзүүгө мажбур болду жана “өз ара кол салышпоо” келишимине кол коюлду. Ушундан соң, Советтер Союзу Чан Кайши өкмөтүнө аскерий жана экономикалык жардамдар көрсөтө баштады, Германия жардамы үзүп ташталды.

Империалисттердин кайрадан колония талашууларынан улам, 1939-жылы 2-дүйнөлүк согуш келип чыкты.

2-дүйнөлүк согушта “союздаштар” жеңип чыгып, 1945-жылы БУУну түзүштү. АКШ, Британия, Франция, СССР, Кытай БУУ Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болуп калышты. Кытайдагы эмки эл аралык күрөш АКШ менен СССР ортосунда уланды. Кытайда граждандык согуш жүз берип, АКШ гоминданчыларды колдоду, СССР болсо компартияны колдоду.

1949-жылы гоминданчылар жеңилип, Тайваньга сүрүп ташталды. Коммунисттер Кытай Элдик Республикасын түзүштү, ал эми Тайвань болсо Кытай Республикасы аталды. Кытайдын БУУдагы орду бул экөөсүнүн ортосунда талашка түштү (кийин Кытай Элдик Республикасы АКШ саясатына ыктаган соң, 1971-жылы, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлүгү ага тийген).

1950-жылы Кытай менен СССР ортосунда “Советтик-кытайлык өз ара достук, союздаштык, камкордук тууралуу келишим”ге кол коюлду.

2-дүйнөлүк согуштан кийин да, империалисттердин колония талашуулары улана берди.

1946-54-жж.дар аралыгында 1-Индокитай согушу болуп өттү. Мында Индокитай өлкөлөрүн Франциядан тартып алуу үчүн, бир тарапта СССР жана Кытай  турду. Экинчи тарапта, колонияларын сактап калыш үчүн Франция турду, аны АКШ жана Британия колдоду. Бул согуш Вьетнамдын экиге бөлүнүшү менен аяктады.

1957-75-жылдар аралыгында 2-Индокитай согушу болуп өттү. Мында бир тарапта СССР жана Кытай турса, экинчи тарап АКШ болду. Согуш түндүк жана түштүк Веьтнамдын социалисттик мамлекетте биригиши менен аяктады.

Мындан кийин, социалисттик лагерде ажырым жаратуу жана Кытайды СССРге каршы тараза ташы катары пайдаланууда АКШ ийгиликке жетише алды. Негизи, СССРде Хрущев бийликке келгенден кийин Кытай менен Советтер Союзу ортосунда карама-каршылыктар башталып, 60-жылдардын акырында бул келишпестиктер чокусуна жеткен. Алардын ортосунда чегара чырчатактары чыккан.

1979-жылы эки социалист-империалист державалардын ортосунда кызыкчылыктардын ачык кагылышуусу болуп өттү. Бул жылы Кытай АКШ менен дипломатиялык мамиле орнотуп, Вьетнамга кол салды. Анткени, Вьетнам Советтер союзу таасири астында калган эле. Мында Кытай Вьетнамды СССРден тартып ала алган жок.

80-жылдардан тартып, СССР менен Кытай ортосунда мамилелерди нормалдаштырууга аракеттер башталган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here