Казакстан президенттигине шайлоодо Касым-Жомарт Токаев жеңип чыкты

328
0

Казакстан президенттигине шайлоодо Касым-Жомарт Токаев жеңип чыкты

Казакстандын учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев 9-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоодо жеңип чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча Касым-Жомарт Токаевге шайлоочулардын 70,76 пайызы (6,5 миллиондон ашуун адам) добуш берген.

Экзит-полдун жыйынтыгы боюнча экинчи орунду 15,39 пайыз добуш менен «Улут тагдыры» кыймылынын жетекчиси Амиржан Косанов ээлеген.

Жекшемби күнү Казакстанда эсеп боюнча алтынчы президенттик шайлоо болуп өттү. Мамлекетти 30 жылдай башкарып, 20-март күнү президенттик кызматын тапшырган Нурсултан Назарбаев алгачкы жолу шайлоого талапкердигин койбоду. Анын партиясы – “Нур Отан” президенттикке Токаевдин талапкердигин көрсөттү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here