Захарова: АКШ Россия-Кытай мамилесин начарлатуу үчүн аракет кылууда

419
0

Захарова: АКШ Россия-Кытай мамилесин начарлатуу үчүн аракет кылууда

Россия Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова Вашингтон Россиянын Кытай менен мамилесин начарлатуу үчүн ар кандай ишти кылууга даяр экендигин билдирди. Захарованын айтымында, АКШ бул максатка жетүү жолунда өз пландарын ишке ашырууда.

“Алар (АКШ) Москва менен Пекиндин ортосундагы кызматташтыкты алсыратуу үчүн ар кандай ишти кылууга аракет кылышат. Алар бул ишти алда качан эле баштаган. Учурда бул жаатта программа жана пландар ишке ашырылууда”, – деди Захарова.

Ал батыштыктар Россия менен Кытайдын ортосунда өнүгүп бара жаткан мамиледен “аябай коркуп кеткендигин” да кошумчалады.

Өткөн шаршемби күнү үч күндүк расмий сапар менен Россияга барган Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин РФ президенти Владимир Путин менен жолугушту жана андан соң Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышты.

Форумда Си Цзиньпин Россия менен Кытайдын ортосундагы алакалар туруктуу кеңейип бара жатканына жана өнүгүүнүн эң жакшы дооруна өткөнүнө көңүлдү буруп, Москва менен Пекин бири-бирин колдоп-кубаттап, негизги кызыкчылыктарын өз ара коргоп келе жатканын белгиледи.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here