ШКУ саммити алдынан

552
0

ШКУ саммити алдынан

Бишкек милициясынан 800 кызматкер 10-июндан тартып күчөтүлгөн режимде иштей баштады.  Саммит учурунда жол коопсуздугун 1000 кызматкер күчөтүлгөн режимде көзөмөлдөйт.

 Жыйын катышуучуларын коноктоо үчүн резиденция даярдыктан өткөрүлдү. Аны даярдоого 450 миллион сом жумшалды.

Шанхай Кызматташтык Уюму Россия жана Кытай империалисттеринин колонизаторлук кызыкчылыктары үчүн түзүлгөн. Ошентсе да, бизде өткөн жыйындарында ал колонизаторлордун коопсуздугун ушундайча коргоп, ушинтип коноктойбуз.

8-июнда Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китебинин кырызча басылышынын бет ачары болуп өттү. Китепти “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду которгон. Бул иш-чарага президент С. Жээнбеков жана экс-президент Р. Отунбаева катышып, сөз сүйлөштү. Бул иш-чара Кытайдын “мээлерди жууш” аракеттерине кирет. Ал эми мунун каршысында, Кыргызстан калкынын 90%ы мусулман болушуна карабастан, Кыргызстан мамлекетинде шейх Такийюддин Набаханийдин “Исламдагы башкаруу түзүмү” китеби “экстремисттик” болуп саналат.

10-июнда Карасаев атындагы БГУ базасында “Кытай библиотекасынын” расмий ачылышы салтанаттуу белгиленди. Бул да биздин “мээлерди жууш” үчун ташталган кадамдардан болуп эсептелет.

Ушул эле күнү кытай жана кыргыз тарыхчыларынын илимий конференциясы болуп өттү. Анда кыргыз тарыхы 3000 жыл мурункуга барып такалары баса белгиленди. Кытай өз колонизаторлугун жашырууда ушуну менен да бизди алдамакчы. Анткени, акыйкатында, Кытайдын окуу колдонмолорунда биздин жерлер Кытайга караштуу кылып боёлгону белгилүү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here