Россия Түркияга С-400 жеткирип бере баштайт

364
0

Россия Түркияга С-400 жеткирип бере баштайт

Россия Түркияга 2 айдан кийин С-400 зениттик ракета комплекстерин жеткирип бере баштайт. Бул тууралуу “Ростех” корпорациясынын башчысы Сергей Чемезов билдирди. 

“Бардыгы жайында, менимче, 2 айдан кийин жеткирип бере баштайбыз. Аванстык төлөмдөр ишке ашырылган, кредит расмийлештирилген. Кредиттик акчалар жумшалган, техника иштелип чыккан. Анын үстүнө, биз адистерди окутуп бүттүк ”, – деп айткан Чемезов НТВ телеканалына берген интервьюсунда.

Чемезов бул тууралуу, учурда өтүп жаткан Петербург эл аралык экономикалык форумунда билдирген.

 Белгилүү болгондой, АКШ Түркиянын С-400 комплекстерин сатып алышына каршы чыгууда жана Анкараны санкциялар менен коркутууда. Түркия өз кезегинде С-400 ракета комплекстери АКШга коркунуч туудурбастыгын жана Анкара келишимден баш тартпастыгын билдирип келет.

Келишимге ылайык, Россия Түркияга төрт С-400 дивизионун жеткирип берет. Келишимдин баасы 2,5 млрд долларга барабар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here