ИДПга 85 жыл

420
0

ИДПга 85 жыл

1934-жылы 7-июнда АКШ соода министрлиги биринчи жолу ИДП (ички дүң продукт) жөнүндө маалымат жарыялаган. Бул изилдөөнүн автору америкалык Саймон Кузнец болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч экономикалык өнүгүүнү өлчөөнүн негизги инструменти бойдон калууда. ИДП – бул бир жыл ичинде белгилүү бир өлкөнүн аймагында өндүрүлгөн бардык товар жана кызматтардын рыноктук баасы. Мамлекеттердин экономикалык абалына баа берилгенде ушул көрсөткүчкө каралат, мамлекеттин ИДП көлөмү чоң болсо, бул мамлекеттин экономикасы өнүккөн деп айтылат. О.э. ИДПга карап бюджет белгиленет, карыз алынат ж.б.

Бирок, бул көрсөткүч элдин чыныгы жашоо деңгээлин чагылдырбайт. Эгер, ИДПнын көлөмү көбөйсө, бул ар бир жеке адамдардын эмес, балким, ири корпорация ээлеринин кирешеси көбөйгөнүн түшүндүрөт. Себеби, капитализмдин табияты ушундай, өлкөдөгү саналуу адамдар гана өлкөнүн 90% байлыгына ээлик кылышат. Байлык жана киреше жаатындагы бул теңсиздикти капитализм шартында өзгөртүү таптакыр мүмкүн эмес.

Мисалы, дүйнөдөгү эң чоң экономика болгон АКШны алып карасак, анын ИДПсы 20 трлн доллардан ашты. Бирок, ушунча триллиондор ресурстарды элге адилет бөлүштүрүүнү камсыздай албайт. Расмий статистикага ылайык, АКШда селсаяктардын саны 553,74 миңге жетет. «Эмне үчүн Америкада тамакка акчасы жок 13 миллион үй чарба бар?» («Why Does America Have 13 Million Households That Don’t Have Enough Food To Eat?») деп аталган макалада мындай делет: «Америкалыктардын үчтөн бири, жада калса, биринчи кезекте зарыл болгон товарларды сатып ала алышпайт жана 13 миллион үй чарба расмий түрдө «азык-түлүк жагынан камсыздалбаган» болуп эсептелет». (endoftheamericandream.com, 18.11.2018).

Дүйнөлүк деңгээлде алганда абал андан да жаман. “Оксфам” (Oxfam) уюму байлар менен жакырлардын ортосундагы айырма улам кеңейип бара жатканын эскертип келет. «Оксфам уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө калкынын 1%ы дүйнө байлыктарынын 82%ына ээлик кылат». (ВВС, 22.01.2018). Демек, дүйнө калкынын 99%ына дүйнө байлыктарынын 18%ы гана калууда.

Экономисттер мындай теңсиздикти жоюу үчүн ИДПнын көлөмүн көбөйтүү зарыл деп айтышат, башкача айтканда, өндүрүш жана кызмат көрсөтүүлөрдү көбөйтүү керек дешет. Өндүрүш жана кызмат көрсөтүүлөр көбөйсө, жакырчылык проблемасы чечилип калбайт. «Жылына 1,3 млрд тонна азык-түлүк таштандыга ыргытылат, бул 750 млрд долларга барабар». (БУУ). Андыктан, өндүрүш жана кызмат көрсөтүүлөр жетиштүү деңгээлде, а түгүл ашыкча десек болот. Жакырчылыктын проблемасы анда эмес, проблема – байлыкты туура бөлүштүрүүдө. Капитализм мүлккө ээлик кылууга бүтүндөй эркиндик берди. Ошондуктан, байлар базарларды, кен-байлыктарды, коом үчүн өтө маанилүү ресурстарды  ээлеп алышты, калың эл болсо алардан кур жалак калды.

Ошондуктан, байлыктарды туура бөлүштүрүүнү кааласак, анын шарттары Исламда гана бар! Андыктан, Исламыбызды үйрөнөлү жана жашообузга алып келели!

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here