Зеленский: Украина НАТОго мүчө болот

359
0

Зеленский: Украина НАТОго мүчө болот

Украина албетте НАТОго кирет, болгону, бул маселе референдумга коюлат. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.

“НАТО тарапка курс – бул биринчи кезекте мамлекеттин коопсуздугу жана армиябыздын деңгээли. Биз украиналыктарга НАТО эмне экендигин жана бул коркунучтуу эместигин түшүндүрүшүбүз керек”, – деди Украина президенти.

Зеленский Украинанын альянска кошулуусу боюнча жалпы элдик референдум өткөрүлүшү керектигин бир нече жолу айткан.

Мындан тышкары, президент тарабынан сунушталган аскерий доктринада армияны НАТОнун принцип жана стандарттарына ылайык башкаруу айтылган.

Кечээ күнү НАТОнун башчысы Йенс Столтенберг Киевди бир катар реформаларды ишке ашырууга чакырган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here