Трамп АКШда жаңы чукул кырдаал жарыялоону пландаштырууда

323
0

Трамп АКШда жаңы чукул кырдаал жарыялоону пландаштырууда

 “АКШ президенти Дональд Трамп жакын арада АКШда жаңы өзгөчө кырдаал жарыя кылат. Бул нерсе Трампка Мексикадан импорт кылынуучу товарларга бажы төлөмдөрүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн берет”, – деп кабарлады “The Hill” басылмасы. 

Өзгөчө кырдаал жарыя кылынышы боюнча берилген түшүндүрмөдө:   “Вашингтон Мехикодон мыйзамсыз миграция үчүн жоопкерчиликти мойнуна алып, аны кыскартууда жардам берүүнү бир нече жолу суранды. Бирок, кошуна мамлекеттин жетекчилиги бул проблеманы жеңилдетүү үчүн жетиштүү чараларды кабыл албады”, – деп айтылат.

 Трамп 10-июнда Мексикадан импорт кылынуучу товарларга 5 пайыздык бажы алымын киргизиши жана бул төлөмдөрдү ай сайын көтөрүүп барышы мүмкүн.

 Кабарда келишинче, 5-июнда Трамп мыйзамсыз миграцияны “тизгиндөө” үчүн расмий Мехико тараптан “жетиштүү” прогресс жоктугун айткан.

Трамп твиттер баракчасында: “Ак үйдө Мексика өкүлдөрү менен миграция боюнча талкуулар аяктады. Прогресске жетишилди, бирок, бул жетиштүү эмес!” – деп жазган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here