Трамп Британияга “болуп көрбөгөндөй” соода келишимин убада кылды

331
0

Трамп Британияга болуп көрбөгөндөй” соода келишимин убада кылды

Британия Евробиримдиктен чыгып кеткен соң АКШ аны менен “болуп көрбөгөндөй” соода келишимин түзүү милдетин мойнуна алат. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдирди.

 “Улуу Британия Америка экономикасынын эң ири инвестору жана Европага экспорт үчүн эң ири базар болуп эсептелет. Британия Евробиримдиктен чыгууга даярданып жаткандыктан, АКШ Британия менен болуп көрбөгөндөй соода келишимин түзүү милдетин мойнуна алат”, – деди Трамп Британиянын премьер-министри вазири Тереза Мэй менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында. АКШ президенти Дональд Трамп 3-июнда расмий сапар менен Британияга келди. Ал үч күндүк сапарын королева Елизавета II менен жолугушуудан баштады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here