Трамп Британияны ЕБге каршы тукурууда

385
0

Трамп Британияны ЕБге каршы тукурууда

3-июнда Дональд Трамп Британияга сапар жасайт. Трамп бул сапары алдынан бир нече тукуруучу билдирүүлөрдү берди.

Трамп «Sunday Times » гезитине берген интервьюсунда, Британия бийлигин Брекзит маселесинде Евробиримдикти жан берүүлөргө (уступкага) мажбурлоого чакырды. Эгер Евробиримдик жан берүүлөргө барбаса, Евробиримдиктен эч бир келишимсиз чыгып кетүүнү сунуштады. Трамптын пикирине ылайык, Британия ЕБди Евробиримдиктен чыгууга байланыштуу чыгымдарды төлөбөй коёру менен коркутушу керек. Бул чыгымдар 50 миллиард долларга жетери айтылууда.

Ошондой эле, Трамп «Британия бийлиги Брекзит боюнча сүйлөшүүлөргө Найжал Фаражды кошпостон жаңылышты» деди. Найжал Фараж мурун «Британия көз карандысыздыгы» партиясынын жетекчиси болгон, учурда «Брекзит» партиясынын лидери. «Брекзит» партиясы жакында болуп өткөн Европарламенттик шайлоолордо Британияда жеңип чыкты.

АКШ Евробиримдиктин кубаттуу болушун каалабайт, ал тургай аны таратып жиберүүгө умтулат. Евробиримдик кубаттуу болуп алса, шексиз, АКШ «көзөмөлүнөн» чыгып кетет. Ошондуктан, АКШ Британияны Евробиримдиктен чыгууга тукуруп, бул вирусту (Брекзитти) Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнө да жуктурууга умтулууда. АКШ президентинин кеңешчиси Жон Болтон айтат: «АКШ Британиянын эл талап кылган жана Евробиримдиктен чыгууга жол алган багытты кармануусун жактайт. Бул, ар бир мамлекетке демократия салтанаты үчүн сабак болот». (ТАСС, 01.06.19).

Андан тышкары, кубаттуу Европа НАТО курамына кирбеген өзүнчө армия түзөрү шексиз. Ансыз да бул жаатта аракеттер башталган. Негизи, АКШ коргонуу жаатында Европаны НАТО аркылуу кишендеп алды. Ошондуктан, АКШ Евробиримдикти ыдыратып, Европаны кишендеген НАТОну сактап калууга басым жасайт. Жон Болтон Брекзит НАТОну бекемдөөгө жардам берерин баса белгилеп: «Менин оюмда, бул нерсе (Брекзит) НАТОдо бизге өзгөчө жардам берет», – деди. (ТАСС, 01.06.19).

Бул окуялардын тушунда, жакында болуп өткөн Европарламенттик шайлоолордо, Евробиримдикке каршы чыккан партиялар мурунку шайлоолорго салыштырмалуу, мунусунда көбүрөөк добуш алышты.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here