Кыргызстан “балдарды коргоо” күнүн өткөрдү

796
0

Кыргызстан “балдарды коргоо” күнүн өткөрдү

Ар жыл сайын 1 июнда бүткүл дүйнө жүзү “балдарды коргоо күнүн” белгилешет. Балдар күнүн белгилөө 1949-жылы Парижде кабыл алынган. Кыргызстан да башка өлкөлөр сыяктуу бул күнү балдар үчүн ар кандай оюн-зоок, конкурс, концерттерди жана балдар маселелери боюнча конференция, тегерек столдорду эл аралык уюмдар, өкмөттүк эмес уюмдар менен биргеликте өткөрөт.  Алардын айтымында, мындай иш-чаралар балдардын укугун коргоого чоң салым кошот.
Бул жылы да Сооронбай Жээнбеков президент катары кыргызстандыктарды 1-июнь — балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Президент балдар калктын аялуу бөлүгү катары мамлекет тарабынан өзгөчө мамилеге муктаж экенин баса белгиледи.

“Ар бир баланын татыктуу жашоого жана кеңири келечекке ээ болуу укугун камсыздоо —коомубуздун да, мамлекеттин да негизги милдети. Үй-бүлөдөгү мыкты тарбия — коомдун руханият асылдыгынын, мамлекет бекемдигинин булагы. Биздин балдарыбыз ата-энесинин жана жакындарынын мээримине бөлөнүп, бактылуу балалыктын доорун үй-бүлө чөйрөсүндө сүрүшү керек”, — деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Президенттин колдоосу менен быйылкы жылы «Тумар» улуттук кампаниясы башталат. Алардын айтымында, кампания идеясы — балдарды зомбулуктан коргоо, балдарга зордукчул мамилени өзгөртүү, уруп-сабоого тыюу салуу жана ата-энелерге балдарды позитивдүү маанайда тарбиялоо тууралуу маалымат берүү.

Мындан тышкары, өкмөт башчы  Мухаммедкалый Абылгазиев балдарды майрамы менен куттуктап, ага карата  куурчак театрына 100 миң сомдун сертификатын тапшырды. Президент менен өкмөт башчыны улай, Бишкек мэриясы, ИИМ кызматкерлери, ар кандай укук коргоо уюмдары, кайрымдуулук фонддору балдар үчүн иш-чараларды өткөрүп, белек-бечкектерин берип жатышты.

Ошентип, биз бир жылда бир күнү балдар тууралуу олуттуу ойлонгондой болуп калабыз, а чыныгы турмушубузда уул-кыздарыбыздын абалы кандай болууда?

1. Жакырчылык
Улуттук статисканын маалыматына караганда, Кыргызстанда 800 миңге жакын балдар жана өспүрүмдөр жакырчылыкта жашашат. Мындайча айтканда, ар бир үчүнчү бала. 20 миңге жакыны жакырчылык деңгээлинен да төмөн жашашат.

2. Балдар эмгеги
Эл аралык эмгек уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстанда 600 миңге жакын балдар эмгектенүүгө мажбур болушат. 300 миңге жакыны оор жана кооптуу жумуштарда иштешет. 23%ы коркунуч туудурган шарттарда. 30 миңге жакын өспүрүм акча табуу айласында мектепке барбай калган.

3. Балдарга карата кылмыштар
2018 – жылы Генпрокуратура балдар жана өспүрүмдөргө каршы 1.4 миңге жакын кылмыштарды каттаган. 153ү сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар. 2017-жылы 97 балдар жана кыздар өздөрүнүн жанын кыйган. Таң калаарлыгы, демократиялык мыйзамдар бойдон түшүрүүнү кылмыш деп да эсептебейт. Саламаттыкты сактоо министрлигин маалыматтары боюнча, жыл сайын орто эсеп менен 22 миң аял бойдон түшүрүшөт. А “эгемендик” алып, демократия мыйзамдары менен жашап жаткандан бери, 810 миңдей ымыркай бойдон алдыруунун себебинен өлтүрүлүшкөн. Бул сандар ар бир акылы бар адамдын үрөйүн учарат. Канчалык катуу угулбасын, буларга караганда согуш балдарга ырайымдуураак!

4. Жетимдер

Кыргызстанда ар бир төртүнү бала толук эмес үй-бүлөдө өсөт. Мындан тышкары, 12 миңдейи интернат жана балдар үйүндө багылат, негизи, алардын 95%ынын ата-энесинин көзү тирүү. Акыркы маалыматтарга ылайык, 277 миң ашуун балдар ата-энелеринин сыртта иштеп жүргөнүнө байланыштуу жалгыз калууда.

5. Билим берүү жана тарбия
Үстүдө келтирилген фактыларды бириктирип жана капитализм башкарган замандын көрүнүштөрүн (коомдун, үй-бүлө институтунун бузулушу, материалдык пайданын артынан жарышуу, кылмыштуулуктун өсүшү, паракорлук, бийлик башында тургандардын өз элине зулумдугу ж.б. факторлор) эске алсак – балдарыбыз эч бир жагынан корголбой жатканын көрөбүз. Ошондуктан, балдар кылмышынын өсүшү, рэкетчилик, араккечтик, наркомания, кыздарыбыздын бузулушу, зынакорлук, бойдон алдыруу, өзүнө кол салуу, ата-энесине болгон ташбоордуктар… ж.б.у.с.ларга таң калбай эле койолу. Азыркы демократияга негизделген билим берүү системасы да, көз карашы капитализмге негизделген ата-эне тарбиясы да, балдарды мындай бузукулуктан сактамай турмак, кайра күчөтүп жатат. Ал эми байлардын гана кызыкчылыктарын кепилдеген капиталисттик бийлик башкалардын балдары жаатында баш катырбайт.

Көрүп турганыбыздай, эл аралык уюмдардын, бийликтегилердин, өкмөттүк эмес уюмдардын балдар укуктары жана маселелери боюнча сүйлөгөн кооз сөздөрү жана жалган убадалары жашоо чындыгына дал келбей турганы анык. Алар бир тараптан “балдарды коргойбуз”, “балдар биздин келечегибиз” деп кыйкырып жатышканы менен, бирок башка тараптан мамлекетти, коомду кайра эле демократия маскасын кийген капитализмге чакырып, аны таңуулап жатышат. Негизи, балдардын ушундай кор турмушунун чыныгы себеби – мына ушул капитализм.

Бул күнү капиталисттер капитализмдин чыныгы жүзүн жашыруу үчүн балдар күнүн пиар-акция катары пайдаланышууда. Батыштык эл аралык уюмдар бул аркылуу демократиялык-капиталисттик идея жана маданияттарын жайышууда. Турмуш чындыгында болсо, балдар корголбой эле, кордолуп жана колдонулуп жатышат!

Балдарды мындай зулумдан бир гана – адамдардын жаратуучусу Аллах тартуулаган – Ислам түзүмү чыгарат. Анткени, адамдардын акы-укуктарын Аллах Таала гана туура белгилейт жана ал укуктар Анын шарияты менен корголот. Шарият адамга адам деп карайт – ага капитализмдегидей “салык төлөөчү”, “шайлоочу” же “жумушчу күчү” деп карабайт. Ушунун алкагында, шариятта балдардын да акы-укуктары белгиленген жана корголгон.

Рашид Нусрат

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here