“Ачык Өкмөт Өнөктөштүгү” саммитине Кыргызстан делегациясы барды.

52
0

“Ачык Өкмөт Өнөктөштүгү” саммитине Кыргызстан делегациясы барды.

Канадада OGP (Open Government Partnership — Ачык Өкмөт Өнөктөштүгү) жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргызстандан жогорку кеңештин аппаратынын жетекчиси, жогорку кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси, кыргызстандын адилет министрлигинин өкүлдөрү жана ЖКнын вице спикери Аиде Касымалиева катышкан. Бул уюмга дүйнөнүн 75 мамлекети мүчө. Кыргызстан 2018-жылы кошулган.

Жыйынга катышкан Жогорку кеңештин депутаты жана вице-спикер Аида Касымалиева Канадада өтүп жаткан жыйында Барак Обама менен жолукканын жана андан абдан таасирленгенин өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты. Ал өз сөзүндө, “Барак Обама менен жолугушуудан жаңы эле чыгып, сиздер менен бөлүшүп коеюн дедим. АКШнын экс-президенти азыр Оттава, Канадада өтүп жаткан Ачык Өкмөт Өнөктөштүгү глобалдык саммиттин алкагында Аргентина, Эстония, Украина, Кения, Ооганстан, Канададан келген жаш лидерлер менен жолугуп, баарлаштык. Барак мырза мен күткөндөн алда канча кызыктуу, кыйын инсан экен. Бөлмөгө кофесин көтөрүп алып, акырын басып кирип, дароо баарыбызга атыбызды айтып, өмүр бою ар бирибизди билгендей сезим калтырды. Бир саат кантип өткөнүн деле сезбей калдым. Айтор, эмоция көп!”, деп жазган.

 Депутат айым Обамадан таасирленгенин абдан кубануу менен жазып жатат. Мындай жолугушууларды бул эле айымыбыз эмес башка да саясатчыларыбыз сыймык көрүшөт. Алсак, 2016-жылы да Жанар Акаев АКШ президентинин чакыруусу менен Вашингтонго барган.

Мындай тенденция Кыргыз саясатчыларында сыймык катары кабылданып калды. Т.а. дүйнөлүк колонизатор мамлекеттеринин саясатчылары менен жолугушуу, алар менен мамиле түзүү биздин саясатчыларга абдан маанилүү. Себеби ошол державалык мамлекеттерден колдоо издөөгө умтулушат. Колдоого ээ болуу үчүн алардын каалолорун Кыргызстанда ишке ашырып беришет.

Буга жогорудагы “Ачык Өкмөт Өнөктөштүгү” жаркын далил. Уюмдун негизги максаты мамлекеттердеги Өкмөттүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу дешет. Ишмердүүлүктү жакшыртуу үчүн ошол мамлекеттердеги өкмөттүн ишмердүүлүгүн кылдат изилдеп чыгышат жана ошого жараша сунуш жана оңдоолорду киргизишет. Бир караганда бул керектүү көрүнүшү мүмкүн. Бирок  Кыргыз өкмөтүнүн багытын ушул уюм белгилей турган болот. Жана өкмөттүн эмне менен дем алып, эмне иш кылып жатканынан кабардар болот. Бул уюмдагы эң таасирлүү мамлекет АКШ. Жыйынтыгында АКШ кыргыз өкмөтүнүн багытын белгилөөгө кыйыр түрдө аралашат. Ал өзүнүн кийлигишүүсүн ушундай уюмдардын аркасы менен ишке ашырат.

Али Маураннахрий

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here