Экстремизм: кезектеги алаксытуучу манёвр

488
0

Экстремизм: кезектеги алаксытуучу манёвр

Учурдагы бийликтин иштери мамлекет турмушундагы көптөгөн көрсөткүчтөрдө артка кеткени эч кимге сыр эмес. Реформа атын жамынган иш-чаралардын эч бири ийгиликтүү чыккан жок. Коррупцияга каршы күрөшү тандалма жүргүзүлгөндүгү жана натыйжасыздыгы себептүү, ага карата элдин ишеними өчүп барууда. О.э. коррупционерликте айыпталган шектүүлөрдүн артында турган нааразы адамдардын “армиясы” артып барууда. Буга кошумча, бийлик өкүлдөрү өздөрү да коррупция башында тургандыктары ачылып калып, бул көрүнүш бийликти кадрлык кризиске кептеп койду. Мунун тушунда, булардын баарынан саясий оппоненттер бийликти алсыратуу үчүн жан үрөп пайдаланышууда. Анткени, эгер бийлик алсыз болсо, келе жаткан парламенттик шайлоодо административдик ресурстарды колдоно албайт жана бул нерсе башка саясатчылырдын кызыкчылыктары жүзөгө чыгышына шарт жаратат.

Ушулардан улам, бийлик өз позициясын бекемдөө үчүн, адамдарды орчундуу көйгөйлөрдөн алаксытып турушу керек болуп калды. Ал ыкмалардын бири, адаттагыдай эле, адамдарды диний экстремизм жана терроризм коркунучтары менен алаксытуу.

Мисалы, 31-майда, ИИМ басма сөз кызматы билдиришинче, милиция Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунан исламий саясий Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсүн кармашты жана Бишкекке алып келишти.

О.э. ММКлар 25-майда Жалал-Абад шаарында “Компаньон Банкына” куралдуу кол салууга аракет болгонун кабарлаган эле. Эми шектүү колго түшкөн соң, аны да “экстремисттик” же “террористтик” уюмдарга байлоо аракеттери көрүлүүдө.

Негизи, “диний экстремизм жана терроризм”ди империалист кафирлер Исламга жана мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн ойлоп табышкан. Ал эми жергиликтүү бийликтер болсо, мындан өздөрүнүн ар кандай кызыкчылыктары жолунда пайдаланышат.

Эй Кыргызстан мусулмандары! Биз бардыгыбыз мусулманбыз жана азыр мубарек Рамазан айынын орозосун тутуудабыз. Бул мубарек айда, бардыгыбыз бийликти – куфр негизиндеги саясий кызыкчылыктары жолунда – Исламга жана мусулмандарга каршы күрөшүүнү ыкма кылып алуудан кайтарышыбыз важиб.

Эй Кыргызстан бийлигинин өкүлдөрү, эй ушул ишке алакадар ИИМ кызматкерлери! Силер да мусулмансыңар, силер да орозо тутуп жаткан чыгарсыңар…

Пайгамбар(с.а.в) айтты: «Ким жалган, жалаа сөздөрдү сүйлөөнү жана аларга амал кылууну таштабаса, Аллах анын жеп-ичүүнү ташташына мухтаж эмес».

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here