Америка менен Иран ортосундагы кескиндик

266
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроожооб

Америка менен Иран ортосундагы кескиндик

Суроо:

Капыстан, Америка Фарс булуңундагы күчтөрүнө жана кызыкчылыктарына Иран жана аны ээрчиген жамааттар кооп туудуруп жатканын жарыялады. Андан кийин аскерий даярдык деңгээлин күчөтүп, бир учак ташыган кемеси менен бир нече аскерий кемелерин сапарбар кылды. Жада калса, аскерий деңиз ооруканасын да жиберди. Бул болсо, Булуңда кагылышуу жүз бериши ыктымалынын күчөтүүдө. Бул окуялар Америка Ирандын нефть экспортуна сокку берүү максатында Ирандан нефть импорттогон мамлекеттерге жеңилдик берүү саясатын бекер кылган учурда болууда. Иран да Булуң мамлекеттеринин нефть экспортун токтотуп коюу үчүн Хурмуз кысыгын жабуу менен коркутту. Региондо кескиндик дагы эле өкүм сүрүүдө! Ошондой болгон соң, регион АКШ баштай турган бирер согуштун киришүүсү болобу? Же мындан башка нерсе көздөлгөнбү? Аллах ажрыңызды берсин!

Жооб:

Маселе жаркын болушу үчүн ушуларды баян кылабыз:

  1. Ооба, чынында региондо кескиндик күчөп жатканы байкалууда. Айтылышынча, Америка ал жерге өзүнүн аскерий деңиз флотунун бир бөлүгүн, «Линкольн» учак ташыган кемесин жөнөттү. Бул АКШнын бортуна 90 учакты сыйдыра алган эң күчтүү учак ташыган кемеси болуп эсептелет. О.э. Америка өзүнүн Булуңдагы базаларына «Boeing B-52» тибиндеги бомбалоочу учактар тобун да жөнөтүп, региондогу күчтөрүнүн сергектигин бекемдеди. Андан тышкары, АКШ Багдаддагы элчилигинен экинчи даражагы дипломаттарын чыгарып кетти. Эске салсак, булардын баары Иранга каршы коркутуулардын тушунда тезинин ишке ашырылды: «Кошмо Штаттар Иранга «анык чакырык» билдирип коюу максатында Жакынкы Чыгыш регионуна өзүнүн учак ташыган кемесин жөнөттү. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон анын мамлекети «улам күчөп бара жаткан жана тынчсыздануу жаратып жаткан бир катар коркунучтарга жооп» катары аракет кылып жатканын баса белгиледи». «Рейтер» маалымат агенттиги ысымын ашкере кылбаган америкалык расмийге таянып кабарлашынча, АКШ күчтөрүнө каршы ыктымалдуу чабуулдар жасалышы жөнүндө кабарлар тарашы артынан Булуңга аскерий кеме жөнөтүлгөн. Болтон өз бидирүүсүндө: «Кошмо Штаттар «Авраам Линкольн» учак ташыган кемеси менен бомбалоочу учактарды Борбордук командачылыктын аймагына жайгаштырды. Бул амалдардан АКШнын же союздаштарыбыздын кызыкчылыгына зыян жеткире турган ар кандай чабуул кескин күч менен каршы алынышын Иранга билдирип коюу көздөлгөн», — деди. («Би-Би-Си», 2019-жыл, 6-май). Учак ташыган кеме 2019-жылы 9-май күнү Сувайш каналына кирип, 2019-жылы 14-май күнү Араб деңизинин сууларына жетти. Массалык маалымат каражаттары Кошмо Штаттар «регионго 120 миң аскер жөнөтүүгө камданып жатканын, АКШ коргоо министринин милдетин аткарган Патрик Шэнахан бул планды Трампка сунуштаган болсо да, бирок, АКШ президенти макул болбогонун» кабарлашты. («RT» «Нью-Йорк Таймс» гезитине шилтеме кылып, 2019-жыл, 14-май). Булардын баары Ирандын ыктымалдуу кокрунучунун тушунда жүз берди: «CNN каналы 7-май күнү өз булактарына таянып жарыялаган кабарга ылайык, АКШ өкмөтү Иран Булуңдагы өзүнүн кемелерине кыска аралыкка учкан баллистикалык ракеталарды жайгаштырууга токтом кылганын тастыктаган разведка маалыматтарын алган». («RT», 2019-жыл, 14-май).
  2. Америка кырдаалды билдирүүлөр менен гана курчутпастан, мындан да чоңураак нерсе менен курчутуусуна үндөгөн нерсе бар. Кеп ушунда, Бириккен Араб Амирликтеринин Фужайра портунун жанында төрт соода кемесине зыян жеткирилди, Саудиянын маанилүү нефть тармактарына чабуул кылынды:

а)   «Бүгүн жекшемби күнү Бириккен Араб Амирликтеринин тышкы иштер министрлиги маалымдаган кабарга ылайык, төрт соода кемеси Бириккен Араб Амирликтеринин регионалдык суулары жанында кол салууга учурады, адамдар набыт болгон жок. Бул окуялар АКШнын Иранга карата басымдары күчөгөн учурда болууда. Андан мурун Иран президенти Руханий анын мамлекети оор кырдаалга туш келип жатканын айткан». («Мидл Ист онлайн», 2019-жыл, 12-май).

б)   «Шейшемби күнү Ямандагы «Ансаруллах» (Хусийлер) жамааты учкучсуз башкарылган учактардын жардамында Саудиянын маанилүү объектилерине чабуул кылганын кабарлады. «Масира» каналы кабарлагандай, «Ансаруллах» жамаатындагы бир аскерий «жети учкучсуз башкарылган учактар Саудиянын маанилүү объектилерине чабуул кылганын» тастыктаган. Ушул булак: «Бул кеңири көлөмдүү аскерий амалият элибизге каршы тынымсыз жасалып жаткан агрессияга жана блокадага жооп катары ишке ашырылды», — деди. Кийин ал: «Эгер, агрессия жана залимдик блокада улана берсе, Ансаруллах жамааты мындай кескин соккуларды дагы да көбүрөөк ишке ашырууга даяр», — деп кошумчалады. («Спутник» агенттиги, 2019-жыл, 14-май). Ушул эки окуялар менен АКШнын билдирүүлөрү Булуңда таасирлүү коркунучка айланды. О.э. Американын Булуңдагы абалды курчутуусу мурдагы бул сыяктуу абалдардан айырмаланды.

  • Булуң регионундагы бул кескиндик ал жерде согуш эшик каккылап жатканынан кабар берсе да, бирок, эки тарап (АКШ жана Иран) берген билдирүүлөр башка нерсени т.а. согуштун ыктымалы алыс экенин көрсөтүүдө! Ал билдирүүлөр:
    • «Бейшемби күнү Ак үйдө өткөрүлгөн басма сөз жыйынында Кошмо Штаттар Иранга согушууну көздөп жатабы, деген суроого Трамп: «Мен Иран согушпайт деген үмүттөмүн», — деп жооб берди. («RT», 2019-жыл, 16-май).
    • «Бейшемби күнү АКШ Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси: «Жакынкы Чыгышта кескиндик улам курчуп бара жатканда Трамп администрациясы Иранга каршы согуш ачуу үчүн Конгресстен ыйгарым укук албады», — деди. Пелоси журналисттерге өлкө администрациясы бейшемби күнү сегиздик жыйыны деп аталып жаткан ири расмийлердин жабык жыйынында Иран туурасында жооб беришин маалыдады». («Рейтер», 2019-жыл, 16-май).
    • «Нью-Йорк Таймс гезити бейшемби күнү АКШ администрциясындагы ысымы аталбаган расмийге таянып кабарлашынча, президент Дональд Трамп коргоо министринин милдетин аткарган Патрик Шэнаханга Иранга каршы согушка кирүүнү каалабашын маалымдаган. Гезитте президент бул пикирин Шэнаханга шаршемби күнү кечинде маалымдаганы айтылат». («Рейтер», 2019-жыл, 16-май).
    • «Иран Жогорку руханийи Аяттулла Али Хуманаий Кошмо Штаттар менен эч качан согуш болбошун баса белгиледи. Ал өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, социалдык тармактагы Твиттер баракчасында: «Биз согушууга аракет кылып жатканыбыз жок, алар да буга аракет кылышкан эмес», деди». («Би-Би-Си», 2019-жыл, 14-май).
    • «АКШ коргоо министринин милдетин аткарган Патрик басма сөз конференциясында АКШ администрациясы Булуңга аскерлерди жайгаштыруудан Иранга каршы согушка кирүүнү эмес, аны тыйып коюуну көздөп жатат, биз согушуу даражасына бара тургандардан эмеспиз, деди». («Франс-24», 2019-жыл, 22-май).

АКШ менен Иран тарабынан айтылган бул билдирүүлөр массалык маалымат каражаттары чуу көтөргөн АКШ менен Иран ортосундагы согуш жөнүндө чоң күмөн жаратат. Бул күмөнгө себеп болгон биринчи кезектеги билдирүү Иран руханийинин билдирүүсү болду. Ал өз калкын Иран да, америкалыктар да согушка аракет кылбай жатат деп тынчтандырды. Бул билдирүүлөргө таянып айтсак, Иранды ойрон кылуу же Булуңдагы АКШ кемелерин ойрон кылуу менен жүзөгө келе турган согуш ыктымалдан алыс. Аскерий амалияттар жүз берген учурда да, бул кагылышуу эки тараптын аброюн сактап калуу, көтөрүү үчүн гана кылынат. Андан тышкары, америкалык расмийлер Америка Ирандагы режимди өзгөртүүнү каалабайт деген мазмунда бир нече билдирүүлөрдү беришти. Мисалы, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон: «Биз саясатыбызды Ирандагы режимди өзгөртүүгө эмес, аны өз аракетин оңдоп алууга мажбурлоого багыттаганбыз», — деди. («Дастур» сайты, 2018-жыл 3-октябрь).

  • Анда, региондогу абалдын курчушунун себептери кандай? Мунун жообу ушул, вакиъге кылдат назар салынса, ал себептер үчөө экени аныкталат:

Биринчи себеп: дүйнөлүк нефть базарлары. Нефть маселесинде Американын бүгүнкү абалы он жыл мурдагы абалынан айырмаланат. Кеп ушунда, анын сланец нефтин казып алуу технологиясынын каражаты жогорулап кетти. Ал нефть импорттогон мамлекет болушуна карабастан, өз нефтин экспорттоого уруксат берди. Кытай АКШ менен болгон соода-сатыктагы дефицит маселесин андан нефть импорттоону көбөйтүү менен чече турган болду. Ошол эле учурда, Америка Фарс Булуңу мамлекеттериндеги, айрыкча, Саудиядагы акимдерден арзан нефть импорттоону улантууда. Саудиянын нефть акчалары Америкада топтолуп турат, өзү болсо, аларды чыгарып ала албай, карызга батып жатат, фонддору да суверендүү эмес. Балким, анын фондунан Америка гана пайда көрүп жатат. Ушул вакиъликке таянып, Америка Иранга басым кылуу аркылуу анын нефть экспортуна бөгөт коюп дүйнөдөгү нефть баасын көтөрүп алмакчы жана мындан өзү да пайда көрөт деп айтуу мүмкүн. Нефть баасынын көтөрүлүшү сланец нефтисин казып алуу каражаттарына барабар болот. Эл аралык Энергия Агенттиги нефть жеткирип берүү божомолундагы баш аламандык дагы да курчуп жатканы жөнүндө сөз кылууда. О.э. ал Иран жана Венесуэланын нефть экспортунун төмөндөшүнүн ордун Америка толтурууга кудуреттүү экенин айтууда: «Шаршемби күнү Эл аралык Энергия Агенттиги бул жылы дүйнөлүк базар ОПЕКтен бир аз эле көбүрөөк көлөмдө нефть талап кылышын баса белгиледи. Себеби, АКШ нефть өндүрүүнү кайра жолго коюшу Иран жана Венесуэла экспорттору азайган көлөмдүн ордун толтурат». («Рейтер», 2019-жыл, 15-май). «Ушул аптада АКШ энергия мекемеси Америкага караштуу жети негизги сланец нефть казып алуу станциясы июнь айында күнүнө 8.49 миллион баррель нефть өндүрүү менен рекорд даражага жетишин маалымдады». («Рейтер», 2019-жыл, 17-май). Демек, АКШ нефть компаниялары Булуңдагы кескиндиктин тушунда мүмкүн болушунча нефть өндүрүүнү көбөйтүүдө жана санкциялар аркылуу Ирандын нефть өндүрүшүн артка кетүүгө мажбур кылышууда.

Маанилүүсү, нефть танкерлерине жана объектилерине чабуул жасалып, Америка кырдаалды курчутуп жатканда нефть баасы жогорулоодо: «Дүйнө боюнча нефть жеткирип берүүгө зыян жеткирип жаткан Жакынкы Чыгыштагы кескиндик дагы да курчуйт деген божомолдордун тушунда шаршемби күнү нефть фьючерстери жогорулады. Өз кезегинде, бул күтүлбөгөндө Америка чийки нефть запастарынын көтөрүлүүсүнө себеп болду. Brent маркасындагы чийки нефть фьючерстери¹ 53 центке же 0.7 пайызга көтөрүлүп, бир баррель нефть 71.77 долларга чыкты. Американын WTI чийки нефти фьючерстеринин бир баррели 62.02 доллар болуп, 24 центке же 0.4 пайызга көтөрүлдү. Шейшемби күнү Саудия учкучсуз башкарылган учактар эки нефть объектилерине сокку бергенин маалымдаганда нефть баасы кыйла жогорулады. Бул сокку Бириккен Араб Амирликтеринин жанындагы нефть танкерлерине чабуул жасалган амалияттан эки күн өтүп жүз берди». («Рейтер», 2019-жыл, 15-май).

Булардан ачык-айкын маалым болуп жаткандай, Америка Иран менен мамилени курчутуу аркылуу нефть баасын жогорулатып пайда көрүүдө. Америка эми өзүнүн нефть өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө кудуреттүү. Нефть баалары улам көтөрүлгөн сайын АКШ компаниялары тезинен Америкадагы нефтини болуп көрбөгөн көдөмдө өндүрүүгө киришет. Шек-күмөнсүз, Америка бул кескиндик анын нефть компаниялары үчүн пайдалуу деп эсептейт. Трамп администрациясында бардык нерсе соода-садык пайдасы менен өлчөнөт.

Экинчи себеп: Иран менен кайра ядролук келишим түзүү Иран базарындагы АКШ компанияларына өтө чоң киреше алып келет.

Окуяларды күзөтүп жаткан кишиге сыр болбогондой, Америка Иран менен ачык оюн алып барууда жана бул оюндан өзүнүн программасын жана региондогу таасирин камтыган жаңы ядролук келишимге кол коюуну көздөйт. АКШ мамлекет катчысы Помпео Иракка сапар кылып, премьер-министр Абдулмахдий менен жолугушту. Жолугушуудан кабардар булактын айтымында, «Помпеонун сөздөрү бүтүндөй күтүүсүз болгон, а түгүл анын сөзүнө Абдулмахдий да таң калып калган. Күтүлбөгөндө Помпео Абдулмахдийге Иран үчүн кат берип, катты Иранга жеткирүүнү талап кылган. Катта Кошмо Штаттардын согуштун чыгышын каалабай жатканы, ал Ирандан кайра ядролук келишимди түзүүнү гана каалап жатканы айтылган». («Нун пост» сайты «Middle East Eye» сайтына шилтеме кылып, 2019-жыл, 15-май). Трамп да бул максатты жашырбай жатат: «АКШ президенти улам курчуп бара жаткан кризисти чечүү үчүн Иран жетекчилери менен жолугушмакчы экенин билдирди. Анын администрациясы телефон номурун швейцариялыктарга берди, качан ирандыктар сүйлөшүүнү баштоону кааласа, ушул номур менен байланышуулары мүмкүн, деди». АКШ президенти ушуларды айтты: «Ирандыктар мага байланышка чыгышы жетиштүү… Кийин бир столго олтуруп, адилеттүү келишимге кол коюшубуз мүмкүн. Биз Иранга зыян жетишин каалабайбыз», «Мен аларды күчтүү жана улуу болушун, улуу экономика ээлерине айланууларын каалайм. Бирок, алар байланышка чыгуулары керек. Байланышка чыгышса, биз алар менен сүйлөшүүгө даярбыз». Ак үй Ирандын Вашингтон менен сүйлөшүү ниети болсо деп, швейцариялыктарга өз телефон номурун берди. Мунун себеби, швейцариялыктар АКШ менен Иран дипломатиялык мамилелерине ортомчулук кылышат». («CNN Арабий», 2019-жыл, 11-май). «RT» 2019-жылы 15-май күнү АКШ жетекчиси Трамптын: «Мен Иран жакында сүйлөшүүгө олтурушуна терең ишенемин», — дегенин кабарлады. Дал ушул мазмунда Ирандын Реформачыларга жакын «Интихаб» сайты шейшемби күнү Оман тышкы иштер министри Юсуф ибн Алавийдин борбор Тегеранга жасаган сапарына токтолуп, 2019-жылы 21-май күнкү билдирүүсүндө: «Алавийдин сапарынан максат – АКШ менен Иран ортосунда ортомчулук кылуу, АКШнын Багдадагы элчиканасы бутага алынган окуяны, региондогу башка окуяларды талкуулоо», — деди. Сайт: «Омандык министр Юсуф Алавий Тегеранга жасаган күтүүсүз сапары учурунда АКШ президенти Дональд Трамптын катын ала келди», — деп кошумчалады, бирок каттын деталдарын ачыктаган жок.

Үчүнчү себеп: бул эң маанилүүсү, АКШ-Араб коалициясын түзүп, ага яхудий вужудун кошуу.

Американын регионалдык саясатынын жана регионалдык позициясынын артында турган максаттарга терең назар салсак, Американы Иран менен мамилелерди курчутууга үндөгөн себептердин эң маанилүүсү расмий түрдө жогорудагы коалицияны түзүү экенин көрөбүз. Т.а. алар «Израилдин» ыйык Фалестин жерин басып алышына каршы мусулмандардын душмандыгын, бул вужудду түп-тамыры менен кулатып, Фалестинди кайра Ислам диярына кошуу маселесин Иран менен болгон региондогу мазхабчылык күрөшүнө өзгөртүшмөкчү! Башкача айтканда, бул вужудду регионго сиңдирмекчи. Бул, Америка менен Британия ондогон жылдардан бери ишке ашыра албай келген маселе болуп, Америка бүгүн муну саткын акимдердин, өзгөчө Булуңдагы жетекчилердин жардамында ишке ашырууга үмүт кылып жатат. Бул акимдер «Иран коркунучу» деген америкача шылтоону жүйө кармап яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырууга урунуп жатышат.

Бул нерсе яхудий вужудунун позициясынан ачык көрүнүп калды. Булуңда кескин абал жүзөгө келери менен яхудий вужудунун премьер-министри Нетаньяху АКШ элчиси Фридман бирге туруп мындай деди: «Көптөгөн араб жана исламий өлкөлөрдөн турган кошуналарыбыз менен биздин ортобузда жаңы мамилелер өнүгүүдө». Нетаньяху дагы: «Биз Иран коркунучуна чекит коюу үчүн бириктик», — деди. Кийин ал: ««Израиль» мамлекети, региондун башка мамлекеттери, жалпысынан, дүйнөдө тынчтык болушун каалаган бардык мамлекеттер Иран коркунучуна каршы Кошмо Штаттар тарабында турушу шарт», — деп кошумчалады. «О.э. ал «Израиль» күч-кубатын бекемдөө жана АКШ менен болгон маанилүү коалицияны улантуу зарыл экенин баса белгиледи». («RT», 2019-жыл, 14-май). Яхудий вужуду араб жана «исламий» өлкөлөр менен биргеликте Иран коркунучуна каршы Кошмо Штаттар тарабында турушу ушуну көрсөтөт, демек, Америка-Иран ортосундагы кескиндиктен АКШ жетектеген Иранга каршы регионалдык коалиция түзүү жана ага яхудий вужудун кошуу көздөлгөн. Муну менен бирге, кескиндикти курчутуу жана кескин билдирүүлөр, Фужайра жана Арамко объетилеринде алып барылган айрым аскерий амалияттар НАТОнун регионалдык сценарийи болуп, бул сценарий дале уланууда. Сценарийдин киришүүсү катары 2019-жылы 6-апрель күнү Риязда АКШ-Араб жолугушуусу болуп өттү жана жолугушууга Катар катышты. Бул жолугушуудан маалымат каражаттары «Араб НАТОсу» деп жатышкан «Жакынкы Чыгыш стратегиялык коалициясын» түзүүгө чөйрө даярдоо көздөлгөн. Саудия маалымат агенттигинин кабарына ылайык, жолугушуу «Сауд Арабия, Америка Кошмо Штаттары, Бириккен Араб Амирликтери, Бахрейн, Кувейт, Оман, Катар, Иорданиядан турган мамлекеттердин жогорку даражадагы кызматташуусу» алкагында болуп өттү. Кабарда айтылышынча, жолугушуу «бул коалицияны түзүүгө карай ташталган маанилүү кадам эсептелип, ал региондо жана дүйнөдө коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөнү максат кылат». («RT», 2019-жылы, 10-апрель). Демек, ушул аскерий коалицияны түзүү амалияты өтө кызуу уланууда. Яхудий вужуду арабий жана «исламий» мамлекеттер менен Иранга каршы кызматташып жатканынан кубанычта. Бул кубаныч, Америка ушул акимдер менен алып барып жаткан кызматташууга яхудий вужудунун да кошулуусун түшүндүрөт. Бул жөнүндө жарыяланбады. Чамасы, бул нерсе Америка тынчтык планын ишке ашыргандан кийин жарыя кылынат көрүнөт. Тынчтык планынын негизги пунктунда Булуң акимдеринин яхуд вужуду менен алакаларды нормалдаштыруусу айтылган.

Корунтуду:

  1. АКШ жана Иран ортосунда кескиндикти пайда кылып, абалды курчутуу бул эки мамлекеттин ортосунда чоң согуш чыгышын түшүндүрбөйт. Балким, бул нерседен жогорудагы үч себепти ишке ашыруу көздөлгөнүнүн ыктымалы күчтүү. Бирок, эки мамлекет өз аброюн сактоо үчүн кыска убакыт чабуулдар болушунун ыктымалы да жок эмес. Себеби, кандай болбосун, эки мамлекет кескин аракеттерди кылышты, опузалаган, күчтүү жана кескин билдирүүлөрдү беришти, багыттарын өзгөртүштү!
  2. Маселенин өкүнткөн жери – Америка өз билдирүүлөрү жана коркутуулары менен максатын жашырбай жатат, ал эми, өлкөлөрүбүздөгү, айрыкча, Булуңдагы акимдер Американын текебердигин, региондогу зомбулугун актап жатышат, кудум сокур, дүлөй жана дудук сымал сүкүт кылып турушат. Муну менен алар бул дүйнө жана акыреттерин текке кетиришет. Аллах хак айтат:

وَمَنْ كَانَ فِي هَذِهِ أَعْمَى فَهُوَ فِي الْآخِرَةِ أَعْمَى وَأَضَلُّ سَبِيلاً

«Кимде-ким, бул дүйнөдө сокур болсо, демек, ал акыретте да сокур жана бүтүндөй жолдон адашуучу» [17:72]

19-рамазан, 1440-х.

24-май, 2019-м.

¹ Келишим түзүү убагында кардар сатып алуу милдетин алган финансылык келишим. Мында сатуучу материалдык активди (материалдык товарды же финансылык каражатты) белгиленген мөөнөттө белгиленген баада сатуусу шарт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here