Түркия: Америка таасири Британиядан үстөм келүүдө

354
0

Түркия: Америка таасири Британиядан үстөм келүүдө

26-май күнү Түркия президенти Эрдоган Стамбулга жакын жайгашкан Яссыада аралына барып, курулуш иштери менен таанышты. 2013-жылы Эрдогандын демилгеси менен бул аралдын ысымы «Эркиндик жана демократия аралы» деп өзгөртүлгөн. Бул ысым 1960-жылдагы аскерий төңкөрүштөн кийин жазага тартылып өлтүрүлгөн мурунку премьер-министр Аднан Мендереске жана анын жан жөкөрлөрүнө багышталган. Аралда Эрдоган журналисттер алдында сөз сүйлөп, төңкөрүштөр доору бүткөнүн баса белгилеп: «Түркияда мындан кийин эч ким төңкөрүш жасай албайт», – деди.

Тарыхка кайрылсак,ХХ кылымдын башында Британия Мустафа Кемел менен тил бириктирип, 1924-жылы Усманий Халифалыкты кулатышкан. Ошентип, Халифалык бекер кылынып, анын ордуна Түркия республикасы жарыяланды, анын биринчи президенти Мустафа Кемел болду. Британия Түрк армиясынын ичинде абдан чоң таасирге ээ болуп, көптөгөн генералдар, офицерлер Британияны ээрчишти. Ошондуктан, бийлик башына «динчил» же америкачыл адам келери менен армия төңкөрүш жасап, өз адамын бийликте кармап турду. Мына ушундайча Британия Түрк армиясындагы таасиринен пайдаланып, өлкөгө башка мамлекеттердин, өзгөчө Американын таасири кирип келишине жол бербей келген.

ХXI кылым мусулмандардын Исламга кайтуу кылымы болууда десек жаңылышпайбыз. Түркия да бул тенденциядан артта калган жок. Америка бул абалдан (мусулмандардын Исламий туйгусунан) пайдаланып, бийликке Эрдоганды алып келе алды жана аста-секин Эрдогандын бийлигин бекемдеп, армиядагы Британия адамдарын тазалады, камакка алды. Өзгөчө, 2016-жылы британиячыл аскерийлер уюштурган ийгиликсиз төңкөрүштөн кийин Эрдоган армияны британиячыл аскерлерден бүтүндөй тазалады, Британиянын таасирин дээрлик жок кылып бүттү. Бүгүн Эрдоган аркылуу Американын Түркиядагы таасири болуп көрбөгөн даражага жетти. Ошондуктан да Эрдоган эрдемсип: «Түркияда мындан кийин эч ким төңкөрүш жасай албайт», – деп жатат.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here