Европарламент шайлоолору: Евросоюздун багыты

303
0

Европарламент шайлоолору: Евросоюздун багыты

23-26-май күндөрү Евросоюз аймагында Европарламентке карата шайлоолор өткөрүлдү, негизи Европарламент 751 мандаттан турат. Албетте бул шайлоодо ашынган улутчулдар (ашынган оңчулдар, евроскептиктер) көпчүлүк добушту ала албаса да, өзүлөрүнүн таасирин көрсөтүп коюшту. Ал эми, мурунтан өкүмдарлык кылып келген евробиримдикчил партиялар бул ирет мурунку шайлоолордогу ийгилигин жарата алышпады.

Европарламент шайлоолорунун сайтында (election-results.eu) жарыяланган алдын ала жыйынтык боюнча, Христиан-демократиялык блок эсептелеген «Европа элдик партиясы» 178, ал эми, алардын союздашы болгон «Социал-демократтар» 153 мандат алышат. Бул партиялар Европарламентте мурунтан өкүмдарлык кылып келишкен, бирок учурда алардын популярдуулугу төмөндөп бара жатат. Себеби 2014-жылы «Европа элдик партиясы» 216 мандатка, ал эми, «Социал-демократтар» 185 мандатка ээ болуп, коалициялык көпчүлүктү түзө алышкан. Эми, учурдагы натыйжаларга ылайык, бул эки фракция коалициялык көпчүлүктү камсыздоо үчүн дагы башка партиялар менен союз түзүүгө мажбур болот.

Ал эми, улутчулдар (ашынган оңчулдар, евроскептиктер) популярдуу болуп бара жатат. Мисалы, «Улуттар жана эркиндиктер Европасы» 2014-жылы 36 мандатка ээ болсо, бул шайлоодо 58 мандатка ээ болот, ал эми «Эркиндик жана түздөн-түз демократия үчүн Европа» 2014-жылы 42, бул шайлоодо 54 мандатка ээ болушу күтүлүүдө. «election-results.eu» сайтынын маалыматына боюнча, шайлоонун натыйжасына ылайык евроскептиктер 751 мандаттын 182 мандатын түзөт. Аларды евроскептиктер дейбизби же улутчулдар дейбизби, деги бул ашынган оңчулдар негизинен Польшада, Францияда, Британияда, Венгрияда, Италияда көп добуш беришти.

Бул шайлоолор Европадагы чөйрөнү көрсөтүп турат. Негизи эле, бардык капиталисттик мамлекеттер идеологиялык кризисти башынан өткөрүүдө. Тагырак айтканда, бул өлкөлөрдө адамдар демократия, глобализация, мульти-маданият пикирлеринен баш тартып, улутчулдукка, протекционизмге ыктап башташты. Мурун батыштыктарды демократиялык идеологиялык пикирлер бүтүндүктө кармап келген. Ал эми улутчулдуктун жандануусу, ал тургай, анын жогоруда көрсөтүлгөндөй ийгиликтерге жетишүүсү болсо, демократиянын кыйрап бара жатканын билдирет.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here