Дональд Туск Борбор Азия өлкөлөрүнө сапар кылат

326
0

Дональд Туск Борбор Азия өлкөлөрүнө сапар кылат

Европарламенттин төрагасы Дональд Туск үстүбүздөгү жылдын 29-майынан 2-июнуна чейин Борбор Азия өлкөлөрүн бойлоп сапар кылат. Сапардын алкагында Туск 31-май күнү жергиликтүү убакыт менен саат 18:00дө Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушат. Бул тууралуу Европарламенттин расмий сайтында кабарланды.

Туск алгач 30-май күнү Душанбеде Эмомали Рахмон менен жолугушат.

Кийинки күндүн планында Нур-Султан шаарында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен, күндүн экинчи бөлүгүндө болсо биринчи президент Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу белгиленген. Туск ошондон кийин Өзбекстанга барат.

 “Евробиримдик жаңы Евробиримдик-Борбор Азия стратегиясын жарыя кылды. Тусктун сапары Евробиримдиктин регион жана мамлекеттер менен кызматташтыкты бекемдөө жаатындагы иш-аракеттеринин бир көрүнүшү болуп эсептелет. Эки тараптуу кызматташтыктан тышкары, климаттын өзгөрүшү, курчап турган чөйрөнү коргоо жана чек ара маселелери о.э. аймактык коопсуздук маселелери да күн тартибинде болот”, – деп айтылат кабарда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here