Түркиядагы АКШ базалары

324
0

Түркиядагы АКШ базалары

Түркиядагы Элдик-республикалык партиянын төрагасынын орун басары Вели Агбаба Түркия режимин өлкөдөгү Америка базаларын жабууга чакырды жана бул базалардын вазыйпасы «Израилди» коргоо деп баса белгиледи.

Агбаба айтат: «Түркияда жайгашкан АКШ жана НАТО базалары соодалаша турган нерсе эмес, өкмөт аларды тезинен жабуусу керек» («САНА», 24.05.19). Агбабанын оюнда, өлкөдөгү эң маанилүү базалардын бири бул Күрежиктеги база, бул базанын вазыйпасы «Израилди» ар кандай чабуулдан коргоо болуп, эгер кызыкчылыктар талап кылса Кошмо Штаттар аны Түркияга каршы экиленбестен колдонуусу мүмкүн.

Бүгүнкү күндө Фалестин баскынчысы «Израилди» бир гана АКШ эмес, ал тургай, АКШнын буйругун аткарып жаткан Түркия, Саудия, Мисир, региондогу дээрлик бардык режимдер коргоп жатышат. Ал эми, Түркиядагы АКШ базаларынан учкан аскердик учактар «терроризмди» шылтоолоп Жакынкы Чыгыштагы мусулмандардын башына тынымсыз бомба жаадырып келет.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here