Индия: Гужарат канкору Нарендра Моди шайлоолордо жеңип чыкты

26
0

Индия: Гужарат канкору Нарендра Моди шайлоолордо жеңип чыкты

Индияда 11-апрелден 19-майга чейин парламенттик шайлоолор өткөрүлдү. Шайлоодо Нарендра Модинин «Бхаратия Жаната» партиясы жеңип чыкты, ал парламенттин төмөнкү палатасындагы 543 орундун 350 орунун ээлемей болду. «Бхаратия Жаната» партиясынын негизги атаандашы «Индия улуттук конгресси» 20%дан кем добуш алды. Индияда негизинен бийлик үчүн эки партия: америкачыл «Бхаратия Жаната» партиясы менен британиячыл «Индия улуттук конгресси» ат салышат.

«Бхаратия Жаната» партиясы 2014-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан болчу, ошондон улам бул партиянын мүчөсү Нарендра Моди премьер-министр болуп дайындалган. Эми, азыркы жеңиштен кийин да Нарендра Моди мансабын сактап калышы күтүлүүдө. «Бхаратия Жаната» партиясы америкачыл партия, ошондуктан жакынкы келечекте Индиянын саясий багыты АКШ талабына шайкеш алып барылат. Моди шайлоодо жеңип чыгары менен эле Трамп аны Твиттерде куттуктады: «Премьер-министр Нарендра Модини жана анын партиясын шайлоодогу чоң жеңиши менен куттуктаймын… Премьер-министр Моди Америка-Индия шериктештигинин рулуна кайтышы менен улуу иштер күтүп турат. Мен биздин маанилүү ортоктош ишибизди улантууну чыдамсыздык менен күтөмүн».

Канкор Моди ашынган улутчулдугу, мусулмандарга каршы душмандыгы менен белгилүү. Ошон үчүн да индустар аны колдоого алышууда. Моди мусулмандарга каршы душмандыкты ар дайым курчутуп турат, себеби мындай чөйрө анын «аброюн» көтөрөт, шайлоолордо добуш алуусуна азык болот. Негизи, мусулмандар Индия калкынын 14%ын түзөт. 2002-жылы Моди Индиянын Гужарат штатында өкмөт башчысы болуп турганда миңден ашуун мусулмандын кыргын болушуна себеп болгон. Ошондон тарта Моди «Гужарат канкору» деп атыгып калган.

Моди 2014-жылы шайлоодо жеңип чыгып премьер-министр болгондон бери мусулмандарга каршы көптөгөн иш-аракеттерди жасады жана мыйзамдарды кабыл алды. Мисалы, кээ бир штаттарда мусулмандардын жарандыгын жокко чыгарды, илгертен мусулманча аталып келген шаарлардын ысымдарын индус ысымдарына өзгөрттү, ал эми Кашмирде мусулмандар кыргын болуп, түрмөлөрдө намысты тебелеген үрөй учурган кыйноолорго кабылып жатканын, муслималар зордукталып жатканын айтапаса да белгилүү. Андан тышкары Модинин партиясы коңшулаш мамлекеттерден келген өлкөдөгү иммигрант индустарга, сикхтерге, бутпарастарга жарандык берүү жөнүндө мыйзам кабыл алууну убада кылган, ал эми мусулмандарга жарандык каралбаган.

АКШ Модини колдоого алгандыктан, мусулмандарга каршы кылмыштары үчүн мусулман акимдери аны сынга албагандыктан Моди дагы да ашынып мусулмандарга каршы чабуул кылууда. Ал эми, мусулман акимдери мусулмандарды кыргын кылган бул канкорду сынга алмак турсун, тескерисинче шайлоодо жеңип чыгышы менен куттукташууда. «Пакистан премьер-министри Имран Хан Индия премьери Модини… шайлоодо жеңип чыкканы менен куттуктады» (РИА, 23.05.19). Ал эми, Саудиянын мамлекеттик маалымат каражаттары Саудия Модини куттуктаганын кабарлашты. «Эки Ыйык Жердин Кызматкери Салман ибн Абдул-Азиз Ал-Сауд… Модини парламенттик шайлоолордо жеңип чыкканы менен куттуктады» (spa.gov.sa, 25.05.19). Ал тургай, Саудия Гужарат канкору Модини Саудиянын эң жогорку Абдул-Азиз ибн Сауд ордени менен сыйлаган.

Харун Абдулхак

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here