Евросоюздун келечеги тумандуу

337
0

Евросоюздун келечеги тумандуу

«YouGov» эл аралык социологиялык кызматы Евросоюзда сурамжылоо өткөрдү. Сурамжылоонун натыйжасына ылайык, европалыктардын жарымынан көбү Евросоюз жакынкы 20 ичинде ыдырайт деп эсептешет. Францияда, Германияда, Бельгияда, Италияда, Голландияда, Австрияда, Словакияда, Грецияда, Чехияда, Польшада сурамжылоодон өткөндөрдүн 50%ынан көбү жакынкы 10-20 жыл ичинде Евросоюздун ыдырашы «реалдуулук» деп билдиришкен.

Сурамжылоого катышкандардын үчтөн бири Евросоюзга мүчө мамлекеттердин ортосунда согуш чыгышы мүмкүн дешкен. Алардын төрттөн үчү улуттук деңгээлдеги же Евросоюз деңгээлиндеги саясий система канааттандырарлык иштебей жатат деп эсептешет.

Инсан ойлоп тапкан мыйзам кемчиликтүү. Европа өз тарыхында мындай бирдиктүү мамлекетти көрө элек. Себеби, анын тарыхын карасаң, алар бири-бирине каршы тынымсыз согушканын көрөсүң. Миллиондогон адамдардын өмүрүн алган Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштарды чыгаргандар да – ушул европалыктар. Эми, минтип европалыктардын божомолу чын болуп чыкса, Евросоюз жарым кылым да жашабаган болот.

Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here