Европа Союзу Борбор Азия мамлекеттери менен Афганистан боюнча кызматташтыгын бекемдейт

369
0

Европа Союзу Борбор Азия мамлекеттери менен Афганистан боюнча кызматташтыгын бекемдейт

Еврокомиссия Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын жарыя кылды. Анда Евробиримдик Борбор Азиянын беш өлкөсү менен Афганистан боюнча кызматташууну өнүктүрөт. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.

Европа комиссиясы Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини менен биргеликте жарыя кылган стратегияда Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Казакстан менен алаканы тереңдетүү планы айтылган.

“Евробиримдик Афганистанда тынчтык орнотууга жардамдашуу максатында Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыкты бекемдейт. Ошондуктан, Афганистанды Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча программаларына киргизүү о.э. Афганистанга байланыштуу аймактык жана үч тараптуу долбоорлорун колдоо максатка ылайык болот”, – деп айтылат кабарда.  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here