Австрия хижабга тыюу салууда

551
0

Австрия хижабга тыюу салууда

«Анадолу» агенттиги маалымдашынча, Австрия парламенти ультра-оңчул өкмөт даярдаган мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул мыйзам долбоору башталгыч мектептерде хижаб кийип жүрүүгө тыюу салат.

Башында премьер Себастьян Курц турган Австрия өкмөтү Исламга каршы душманчыл саясатын токтотпостон, бул мыйзам долбоорун үчүнчү жолу парламентке сунуштап жатат. Документтин текстинде айтылгандай, 10 жашка чейинки окуучуларга диний кийим кийип жүрүүгө тыюу салынат. Мыйзам күчүнө киргенден кийин бул мыйзамды бузган окуучунун үй-бүлөсү 440 евро айып пул төлөйт. Мунун каршысында, мектепте крест тагып жүрүүгө, яхудийлердин баш кийимин кийип жүрүүгө тыюу салынбаган. Исламга каршы мындай чабуул Австрия мусулмандарынын нааразылыгын жаратты.

Эстей кетсек, мындан мурун Себастьян Курцтун «Элдик» партиясы менен бир коалицияга кирген «Австрия эркиндик» партиясынын мүчөсү Кристиан Шильхер мигранттарды келемиштерге теңеген «Шаар келемиши» деп аталган ыр жазган. «Биз менен бирге жашап жаткан келемиштер, биздин эрежебиз менен жашоосу керек», – делет ыр саптарында. Автор ырда мындай чакырык жолдогон: «Же биз сыяктуу жашагыла, же батыраак бул жерден жоголгула».

Батыш Исламды өзүнүн дин жөнүндөгү түшүнүгүнүн жана дүйнө карашынын калыбына салууга аракет кылат. Алардын дини Исламдан бүтүндөй айырмаланат, христианчылык – бул мыйзамчылыкты, башкарууну, түзүмдү камтыбаган куру рухий дин. Ал эми, Ислам – жууну сыяктуу эң жөнөкөй маселеден тартып, мамлекеттик башкаруу сыяктуу чоң маселелерге чейин чечим берген жетик дин. Батыш дүйнө карашы динди мамлекеттен, саясаттан бөлөт, бул маселелерге динди аралаштырбайт, андан тышкары христианчылыкта – жогоруда айтылгандай – бул маселелерге чечим да жок. Ошондуктан, алар диний кийим, диний адам, диний мекеме… деп бөлүшөт. Ал эми, Ислам мунун бүтүндөй тескериси, ал динди мамлекеттен, саясаттан, жашоодон бөлбөйт. Исламда диний кийим деген болбойт, балким, шарият буйруган кийим болот, диний адам болбойт, себеби ар бир мусулман динди аткарууга милдеттүү.

Аллах Таала айтат:

وَدُّوا لَوْ تَكْفُرُونَ كَمَا كَفَرُوا فَتَكُونُونَ سَوَاءً

«Алар өздөрү кафир болушканы сымал силердин да кафир болуп, аларга тең болуп калууңарды каалашат» (Ан-Ниса сурасы 89-аят).

Дагы айтат:

قَدْ بَدَتْ الْبَغْضَاءُ مِنْ أَفْوَاهِهِمْ وَمَا تُخْفِي صُدُورُهُمْ أَكْبَرُ

«Алардын силерди жаман көрүүсү ооздорунан ашкере болду. Жүрөктөрүндөгү душмандыктары болсо андан да чоңураак» (Ал-Имран сурасы 118-аят).

Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here