Афгандык “душмандар” Совет өкмөтүнүн туткунунда: Эч кандай ырайым кылынбайт

62
0

Афгандык “душмандар” Совет өкмөтүнүн туткунунда: Эч кандай ырайым кылынбайт

 Орус журналисти А. Нуреев  афган согушуна катышкандардын атынан төмөнкү маалыматтарды келтирди:

 “CCCР 1954-жылы ратификациялаган Женева конвенциясына ылайык, аскерий туткундарга этияттык менен жакшы мамиле кылынышы керек эле. Бирок, СССР аскерлери ар кандай мыйзам-эрежени бузуп, ырайымсыздыктын бардык түрлөрүн колдонушкан.  Себеби, аскерлердин өчүн алуу биз үчүн ар кандай мыйзамдан жогору турат эле. Советтик аскерлердин колуна түшкөн “душмандарга” карата эң бир жаман мамиле кылынды. Биз  өз аскерлерибизди куткаруу үчүн мужахиддерди туткунга алып, аларды алмаштырат элек.

Алардын болжолдуу санын билүү кыйын эмес. Айырбаштоо “алтыга – бир” эрежеси боюнча ишке ашат эле, башкача айтканда, алты афгандыкка бир советтик аскер алмаштырат элек. Ушундан келип чыгып, аскерий лагерлерде 2500-3000дей “душман” кармалып турган. Ал эми аларды жек көрүүбүздүн чеги жок эле.  “Канга кан, жанга жан” көрүнүшүндө иш кылат элек.

Бир   окуяны мисал келтирсем, 1981-жылдын жай мезгилинде Афганистандын чыгышында жайгашкан Гардез шаарында аскерий рейд өткөрүлдү. Бир топ десантчылар алты “душманды” колго түшүрүштү. Отряд командири аларды штабга алып барууга буйрук берди.  А бирок, вертолёт абага көтөрүлгөндөн кийин башкы командачы радиограмма  жөнөтүп, “туткундарды бошотуп жибергиле, аларды бага албайбыз, тамак-ашты аларга берүүнү каалабайбыз, ошондуктан аларды бошоткула” деп калды. Натыйжада вертолёттогу офицерлер аларды бошотуп жибермекчи болушту.  Бирок, бир проблема бар эле, вертолёт эки километр бийиктикке көтөрүлүп калгандыктан, ушул туткундар үчүн дагы кайрадан жерге кондурууну эч ким каалабады… Кыскасы, аларды ошол эки километр бийиктитиктен жерге ыргытып жибердик”.

Комментарий:

Мусулман вужуду ушунчалык жарааттарга толуп кетти дейсиң, алардын санына эсеп жетпей калды. Жарааттарыбыз көп,  коргоочу, жардам берүүчү Султаныбыз жок. Ал тургай мушриктердин мамлекети бар, насронийлер болсо дүйнөгө өкүмдар, отпарастар сый-урмат үстүндө, а бирок, Акыйкат дин өкүлдөрүнүн абалы аянычтуу.

Мьянма,  Сирия, Чеченстан, Яман,   Чыгыш Түркстан жана башка өлкөлөрдө ушундай абал. Ушулардын ар бири биз үчүн айыкпас жараат, бирок ушулардын арасындагы эң көп зулум көргөнү Афганистан.

Афгандар өлкөсүндө зулум ушунчалык созулуп кетти дейсиң, учурда 50 жашка чейинки афгандыктар тынчтык эмне экендигин билишпейт. Бир күн болсо да тынч жашоону элестете алышпайт.  Дээрлик жарым кылымдан бери Афганистан баскынчы күчтөр олжосуна айланган. Башкача айтканда, Афганистан  ири мамлекеттердин күрөш майданына айланган.

Жогорудагы окуялар деңизден бир тамчы гана. Кудайсыздыкка үгүттөгөн Совет өкмөтү Афганистанга бастырып кирген учурда Советтик армиянын катарында мусулмандар, айрыкча Орто Азиядан аскерге чакырылган мусулман жаштар да болгон. Эң аянычтуусу, Советтер союзу мусулмандарды өз максаты жолунда курмандыкка чалган.

Эми диндеш  боордошторубуз болгон Афганистан тууралуу айтсак, сый-урматын, динин, мекенин коргоо үчүн аттанган афган   мужахиддерин СССР бүт дүйнөгө “душман” деп тааныштырып, аларга каршы аёосуз күрөшкөн.

Бул сөздөрдү эмне үчүн айтып жатабыз? 

Бүгүнкү күндө ошол залимдердин мураскору болуп эсептелген Путин режимин дос деп билгенибиз өтө чоң ката. Россия өзүнүн бузук башкаруусу менен эч качан бизге дос болгон эмес. Анын ар кандай жакшылыгынын артында өтө ыплас максаты бар. Муну эстен чыгарбайлы.

 Жогорудагы макаланы окуп жаман абалда калдым. Себеби, бул макаланы  орус журналистинин ушунчалык сыймыктануу менен чыгарышы мусулмандардын кордугуна ачык-айкын далил болот. Бир кездерде бизге кордук менен жизя төлөгөн зиммий эми бизди ушинтип кордоп жатпайбы!

Эгерде бир адилеттүү өкүмдарыбыз болгондо, бул залимдер кылган ишинин натыйжасынан кооптонуп, боордошторубузду  2 км бийиктиткен ыргытып жиберүүгө батынбайт эле.

Жардам сунуштаган ар кандай тарапты дос деп жакшы күмөн кыла бербейли,  бир жолу чактырган тешиктен кайра-кайра чактыруу момундун иши эмес.

Россия режими  өз адаты боюнча 30 жылдан кийин Сирияга жүрүш баштап, миңдеген адамдарды кыргын кылып, шаарларды урандыга айлантырды. Бул ишти келечек муун унутпайт, инша Аллах.

Мунаввара

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here