1-раунд бүттү: секунданттар менен кеңешүү

489
0

1-раунд бүттү: секунданттар менен кеңешүү

4-апрелде америкачыл Халифа Хафтар британиячыл Улуттук кеңеш өкмөтүнө каршы чабуулду баштагандан бери Ливиядагы курч кырдаал басаңдай элек. Азыр тараптар бири-биринен үстөм боло албай жаткан маал. Мындан аркы пландарды белгилеп алуу үчүн бул өз ара согушуп жаткан эки тараптын башчылары кеңешүү үчүн сапар тартышты: британиячыл Улуттук кеңеш өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сараж Британияга учса, америкачыл Халифа Хафтар Мисирге сапар тартты.

Британия өкмөтүнүн башчысы Тереза Мэй бейшемби күнү Лондондо Ливиянын Улуттук кеңеш өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сараж менен жолугушуу өткөрүп, Ливиядагы кырдаалды талкуулады. «Британия премьер-министринин канцеляриясы Tвиттерде: «Бүгүн Даунинг-стритте премьер-министр Тереза Мэй менен премьер-министр Сараж жолугушту. Мэй Ливиядагы жаңжалга тынчсызданып жатканын билдирди жана ымалага жетишүүгө чакырды», – деп билдирүү берди». (ТАСС, 09.05.19).

Ошол эле учурда, Халифа Хафтар Түндүк Африкадагы Американын дагы бир чоң малайы Сиси менен жолугушту. Мисир президентинин администрациясы маалымдагандай, Мисир президенти Сиси жана чалгындоо кызматынын башчысы Аббас Камил генерал Халифа Хафтар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Сиси колдоо көрсөтөрүн билдирди, өз кезегинде, Хафтар Мисирдин колдоосун жогору баалады.

Мына ушундайча, Ливиядагы Америка-Британия күрөшү уланып жатат, аларга малай Хафтар менен Сараж ортодо өз кожоюндарынан кеңеш алууга үлгүрүшүүдө. Мындай көрүнүштү дээрлик жаңжал чыккан бардык мусулман өлкөлөрүнөн байкоого болот. Согушту уюштургандар – колонизаторлор, азабын тарткандар – мусулмандар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here