Түркия: лира кунсузданууда

427
0

Түркия: лира кунсузданууда

«Мурунку жылы 40%га төмөндөгөн Түркия лирасы быйыл да улам кунун жоготуп бара жатат. Түркиянын борбордук банкы лираны кунсуздануудан коргоо үчүн доллар резервдерин сата баштады. Түрк лирасы жыл башынан бери 15%га кунсузданды. Январь айынан бери түрк борбордук банкынын резервдик активдери 26%га азайып, биринчи кварталда 9 млрд доллар жоготту. Мурунку аптада Түркия өз лирасынын кунун кармап туруу үчүн 1,9 млрд долларды «курамандыкка чалды». Борбордук банктын статистикасына ылайык, накталай резервдер 29,6 млрд долларга азайды» (ktovkurse.com, 26.04.19).

««Standard & Poor’s» компаниясы маалымдагандай, түрк банктары мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер себептүү кризиске учурап жатат. Бул мөөнөтү өтүп кеткен кредиттердин көлөмү Түркиянын банк тармагындагы бардык кредиттердин 8%ын түзөт. Бул болсо келечекте Түркия өтө оор проблемаларга туш болушун түшүндүрөт» («Роя» гезити, 03.04.19).

Бул маселеге байланыштуу Түркия президенти Эрдоган: «Түркия экономикалык террорго багынып бербейт», – деп, кийин минтип кошумчалады: «Биз башка жол жок экенин дагы бир ирет баамдадык» («Анадолу», 28.04.19). Бирок, Эрдоган мындай жаман акыбеттин чыныгы себептерин жана андан кутулуунун чыныгы жолун жашырып жатат. Анткени, ал капитализм ээлери болгон империалисттерге кызмат кылууда.

Негизи, капитализмдин өзү – террор. Андан кутулуунун жолу бар, ал да болсо сүткордукка (рибага) негизделген капитализмди четке кагып, рошид халифалардай Ислам системасын колдонуу.

يا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَذَرُوا مَا بَقِيَ مِنَ الرِّبَا إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ + فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا فَأْذَنُوا بِحَرْبٍ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ وَإِنْ تُبْتُمْ فَلَكُمْ رُءُوسُ أَمْوَالِكُمْ لا تَظْلِمُونَ وَلا تُظْلَمُونَ

«Эй момундар, Аллахтан корккула жана эгер чыныгы момун болсоңор, риба саркындыларын таштагыла. Эми эгер (буйругубузду) кылбасаңар, анда Аллах жана Расулу тарабынан болуучу согушту угуп-билип койгула! Эгер тообо кылсаңар, мал-мүлкүңөр өзүңөргө — залим да, мазлум да болбойсуңар»[2:278-279]

Белгилүү болгондой, сүткордук – капиталисттик экономика түркүктөрүнүн бири. О.э. бул системада валюталар алтын жана күмүш стандартын карманбайт. Ошондуктан, бул бузук экономика адамдарды бир далай кыйынчылыктарга жана кризистерге салат, өкүнүчтүүсү, мындай кризистер учурунда катардагы крапайым адамдар көбүрөөк азап тартышат.

Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here