Өзбекстан, Түркия жана Пакистан биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүүдө

372
0

Өзбекстан, Түркия жана Пакистан биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүүдө

Өзбекстандын коргоо министрлигинин маалымат бөлүмү кабарлагандай, учурда Өзбекстан, Түркия жана Пакистандын аскердик делегациялары биргелешкен тактикалык-атайын даярдык багыттындагы машыгууларды баштады.

Бул машыгуу “Щит содружества – 2019” долбоорунун алкагында болуп, ушул тапта Өзбекстандын “Фориш” полигонунда өтүүдө.

Машыгуунун ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Өзбекстан коргоо министри Шухрат Икрамов «“Щит содружество – 2019” алкагында өтүп жаткан бул машыгуу Өзбекстан менен Түркия жана Пакистандын аскердик тармактагы кызматташтыгынын  көрсөткүчү», деди.

О.э. Түркия коргоо министрлигинин атташеси Мустафа Балоглу да, мындай машыгуу бул үч мамлекет ортосунда биринчи жолу болуп жаткандыгын баса белгилеп айтты.

Дал ушул “Фориш” полигонунда Өзбекстан 2017-жылы Россия менен, 2018-жылдын июль айында Казакстан менен, ушул эле жылдын сентябрында Франция менен биргелешкен аскердик машыгуу өткөргөн. Эми болсо Түркия жана Пакистан менен машыгууларды өткөрүүдө.

Мындан көрүнүп тургандай Өзбекстан аскердик тармакта көп векторлуу кызматташуу жүргүзөөрүн көрсөтүүдө. Белгилүү болгондой Орто Азияда эң чоң аскердик таасирге ээ бул – Россия. ЖККУ уюму да буга далил. Бирок Россия негиздеген бул аскердик блоктон Өзбекстан 2012-жылы чыгып кеткен.

Эске сала кетсек, Түркия жана Пакистандын аскердик тармагы АКШ аскердик тармагы менен тыгыз кызматташтыкта.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here