Украинадагы шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланды

472
0

Украинадагы шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланды

Украина президенттигине шайлоодо Владимир Зеленский жеңгендиги расмий түрдө жарыяланды.

Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи турунда Зеленский 73,22 пайыз добуш алган. Ал эми учурдагы президент Пётр Порошенкого 24,45 пайыз шайлоочу добуш берген.

Украина Борбордук шайлоо коомиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоо бюллетендеринин 2,31 пайызы жараксыз деп табылган.

Айтылышынча, бул Украина тарыхындагы бир талапкер мынчалык көп добуш менен жеңишке жеткен алгачкы шайлоо болду. Буга чейин бул жааттагы эң жакшы натыйжага 1991-жылдагы шайлоодо Леонид Кравчук ээ болгон. Ал ошол кезде 61,59 пайыз добуш менен Украинанын биринчи президенти болуп шайланган. Анын негизги атаандашы Вячеслав Черновол 23,27 пайыз, дагы бир талапкер Левко Лукьяненко 4,49 пайыз добуш алган.

Владимир Зеленскийди шайлоодогу жеңиши менен дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттердин жетекчилери, анын ичинде, АКШ, Франция, Германия, Британия, Канада, Польша, Австрия, Венесуэла, Армения жана Литванын жетекчилери куттукташты. Ал эми Россиянын президенти жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчылары Зеленскийди азырынча куттукташа элек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here