АКШ өз малайы Хафтарды Коопсуздук Кеңешинде коргоодо

408
0

АКШ өз малайы Хафтарды Коопсуздук Кеңешинде коргоодо

Британия Ливиядагы өз малайы болгон Улуттук келишүү өкмөтүн коргоп, жана бул өкмөткө каршы аскерий чабуул жасап жаткан америкачыл Халифа Хафтардын аракеттерине саясий жактан тоскоолдук жаратуу (мүмкүн болсо тыйып коюу) үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешине резолюция даярдады. Бейшемби күнү АКШ менен Россия бул резолюцияны колдоодон баш тартышты.

«БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги Россия өкүлү Хафтардын жана анын кол астындагылардын иш-аракеттерин айыптаган Британия резолюциясына макул эместигин билдирди. Ал эми, АКШ бул резолюция долбоорун колдоодон баш тартуусунун себебин ачыктаган жок» («VOA», 2019-жыл, 19-апрель).

Ошол эле маалда «Дүйшөмбү күнү АКШ президенти Дональд Трамп генерал Халифа Хафтар менен сүйлөшүү өткөрдү» («CNN», 2019-жыл, 19-апрель). Бул сүйлөшүү дүйшөмбү күнү болгон, бирок бул жөнүндөгү маалымат – бейшемби күнү Британия резолюциясы четке кагылгандан кийин – жума күнү маалымат каражаттарында ачыкталды. Ак үйдүн билдирүүсүндө мындай делет: «Трамп фельдмаршал Хафтардын терроризмге каршы күрөшүү жана Ливиядагы мунайзат запастарынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы зор маанилүү ролун тааныды» («svoboda.org», 2019-жыл, 20-апрель).

Анткен менен, Ливиядагы акыркы окуяларда кеминде 213 киши өлүп, 1000ден ашууну жарадар болгону айтылууда. Эки колонизатор кафир державалардын кызыкчылыгы үчүн мусулман мусулманга каршы ок атууда.

Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here