АКШ Афганистандагы кылмыштары ачыкка чыгышынан коркуп жатабы?!

299
0

АКШ Афганистандагы кылмыштары ачыкка чыгышынан коркуп жатабы?!

АКШ мамлекет катчысы Майк Помпео Эл аралык кылмыш сотунун тергөөчүлөрү АКШнын Афганистандагы согуш кылмыштарын иликтөөнү токтотушпаса, алардын АКШга кирүү визаларын бекер кыларын жарыялады. Помпео кошумчалашынча, эгер эл аралык сот ушул аракетин өзгөртпөсө, экономикалык санкциялар сыяктуу кошумча чаралар колдонулат.

Ушул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Афганистан маалымат бөлүмү билдирүү чыгарды. Билдирүүдө мындай делет: «Америка Эл аралык кылмыш соту Афганистандагы америкалык аскерийлерге карата тергөө алып барышынан мынчалык кооптонуп жатканынын себеби бар. Анткени, бул мамлекет 18 жылдан бери Афганистанда «терроризмге каршы күрөш» деген нерсени шылтоо кылып, афган калкына каршы үрөй учурган кылмыштарды жасап келүүдө. Бул колонизатор мамлекет жарым миллиондон ашык афганистандыкты кырып, жараат алдырды. Жашыруун камактарда мусулман туткундарга карата жырткычтар мамиледе жасоодо».

Билдирүүдө дагы мындай делет: «Адатта Америка ооз көбүртүп демократия жана адам укуктары сыяктуу ураандарын айтканы айткан. Бирок, өз кызыкчылыктарына коркунуч пайда болдо иликтөө өткөрүлүшүнө жол бербеди. Анын мындай позициясы ушуну жаркын көрсөтүп турат, демек, ушул ураандар Батыштын, өзгөчө, АКШнын өкүмдарлыгын жана кызыкчылыктарын кепилдөөдө үчүн каражат катары пайдаланылат».

Билдирүүнүн соңунда мындай делет:

«Эл аралык кылмыш соту Американын согуш кылмыштары туурасында иликтөө алып бара албайт. Себеби, башка эл аралык уюмдар сыяктуу эле, бул сот да кылмышкер Батыштын саясий иштерине кызмат кылат. Ошондуктан, Халифалык мамлекети гана – Аллахтын уруксаты менен – Батыштын мусулман өлкөлөрүндөгү кылмыштарынын бетин ачып, анын жырткыч иш-чараларына каршы кескин жооп кайтарат, мусулман жерлерин, мусулмандардын канын, намысын жана ыйык жайларын коргойт».

Роя гезити, №228, 2019-жыл, 3-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here