Токаев: Казакстандын тышкы саясаты өзгөрбөйт

485
0

Токаев: Казакстандын тышкы саясаты өзгөрбөйт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Егемен Казакстан” жана “Айкын” басылмаларына берген интервьюсунда: “Мурункудай эле, көп векторлуу саясат Казакстан дипломатиясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калат”, – деди. 

 Ал: “Казакстандын географиялык жайгашуусу жана өлкөнүн экономикасы көп векторлуу саясат жүргүзүүнү талап кылат. Бул нерсе көп жылдык стратегиялык багыт. Казакстандын биринчи президенти эгемендүүлүк алган жылдардан бери ушул саясатка таянып иш алып барган”, – деди.

О.э. Казакстандын мамлекеттер аралык жана аймактык кризистерге дуушар болбостугуна дал ушул стратегия жардам бергенин айтты.

Токаев: “Казакстан өзүнүн тышкы саясатында Россия, Кытай, Европа, АКШ жана Борбор Азиядагы исламий өлкөлөр менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат. О.э. бир катар интеграциялык уюмдардын демилгечиси болуп эсептелет. Ушул багыт сакталып калат, биздин саясатыбыз өзгөрбөйт”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here