Алжирдеги күчтүү каршылык митингдери

530
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроо-жооб

Алжирдеги күчтүү каршылык митингдери

Суроо:

«Sky News» кабар агентиги 2019-жылы 17-мартта «Бир нече күн аралыгында… Алжирдеги митингдер бийликтин «баш оорусуна» айланды» деген аталышта жарыялаган макаласында ушуларды келтирди: «Алжирдеги эң ири көз карандысыз профсоюздук бирикменин лидери жакын күндөрдө жалпы энергетика тармагында, анын ичинде газ, мунай жаатында жалпы иш таштоону ишке ашыруу үчүн юридикалык кадамдарды жасагандыгын билдирди». 2019-жылы 11-мартта Бутефлика талапкерлигин кайтарып алды. Ал 18-апрелге белгиленген президенттик шайлоонун мөөнөтүн жокко чыгарды жана анын убактысын кайра аныктоо үчүн жалпы улуттук конференция долбоорун жарыялады. Бирок, эл анын бул кадамын өзүнүн азыркы төртүнчү мамбашчылык мөөнөтүн узартуу катары санап аны четке какты. 2019-жылы 15-март жума күнү 2019-жылы 22-февралда митинг башталгандан бери эң көп эл чогулган митинг болуп өттү, миллиондогон адамдар көчөгө чыгышты. Суроо: бул күчтүү митингдер – айрыкча мунай өндүрүш жаатында иш таштоо – жергиликтүү абалдан келип чыктыбы же мында чет мамлекеттердин колу барбы? Ушунун негизинде Алжирдеги саясий кырдаал өзгөрөбү? Бул каршылык митигдерине карабастан, Бутефлика өзүнүн акыркы токтомунун негизинде дагы бир жыл бийликте калабы?

Жооб:

Болуп жаткан окуяларга, чет мамлекеттердин колу бар экендигине жана суроодо келген башка жагдайларга жооб берүү үчүн төмөнкүлөргө назара салуу зарыл:

  1. Алжирдеги митингге учурдагы башкаруу түзүмүнүн зулумдугу, элдин байлыгын талап-тоноо, адамдарды жакырчылыкта күн кечиришине таштап койуу жана бийлик жемкорлукка белчесинен баткандыгы себеп болуп, табигый түрдө келип чыкты. Ар түрдү даражада элдин жашоосу кыйындап, көйгөйлөр чечилбестен калып кетти жана бул жагдай абалдын курчушуна алып келди. Бутефлика өзүм билемдик менен бийлик жүргүздү, ал тургай 2008-жылы баш мыйзамды өзгөртүп, мамбашчыны эки мөөнөткө гана шайлоо шартын алып салды. Анын натыйжасында Бутефлика катарынан төрт жолу мамбашчылык мөөнөтүн аркалады, алжып бара жатканына карабастан, бешинчи жолу кайрадан мамбашчылыкка баруу жолун издеп жатат. 2013-жылы мээсине кан куюлуп кыймылдоо, туура сүйлөө жөндөмүн жоготконуна карабастан, ал ушул айдын үчүндө расмий түрдө талапкерлик документтерин тапшырды. Элдер буга нааразы болуп, ар түрдү тармакта тынчтык негизинде митингдерди башташты.
  2. Бутефлика элди алдоо үчүн 2019-жылы 11-мартта жалпы элдерге карата кат жолдоп, төмөнкү токтомун жарыялады: «Биринчиден: бешинчи мөөнөткө эч кандай орун жок. Мен эч качан аны талап кылган жокмун. Менин ден-соолугум жана жашым Алжир эли алдындагы акыркы милдетеримди аткаргандан башка бешинчи мөөнөткө барууга мүмкүнчүлүк бербейт. Ошондой эле биз умтулган Алжир түзүмү үчүн негиз болгон жаңы республика негиздөө үстүндө иш алып баруу негизги маселелерден болуп эсептелет. Экинчиден: силер мага талап койуп жатканыңардын негизинде келерки апрель айында мамбашчылыкка шайлоо болбойт. Үчүнчүдөн: жакынкы аралыкта өкмөт курамына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү токтом кылдым. Төртүнчүдөн: көз карандысыз жалпы улуттук конференция жаңы системага жана плюралисттик башкарууга негиз боло турган баардык реформаларды тактап жана даярдап чыгуусу ага баардык зарыл болгон ыйгарым укуктар берилет.  Ал өз аракетин 2019-жылдын аягына чейин улантат. Бешинчи: президеттик шайлоо жалпы улуттук конференциядан кийин өткөрүлөт» («Радио Алжир», 2019.03.11.). Бул кат элдин нааразылыгын андан бетер козгоду. Бутефлика талапкерлигин койуп жатып, мен талапкер болууга ниеттенген жокмун деп элди басууга аракет кылганы элдин кыжырын кайнатты! Элдер Бутефлика алдоо жолу менен төртүнчү мөөнөтүн дагы узартууну каалап жатат жана өзүнүн жемкордукка белчесинен батып калган командасынын таасирин бекемдөө үчүн шайлоо мөөнөтүн жокко чыгарды деп түшүнүштү…
  3. Бутефлика митингдин басымы астында жана элге өлкөдө өзгөртүүлөрдү жүргүзүп жемкорлук менен күрөшүп жаткандай көрүнүү үчүн 2019-жылы 11-мартта Ахмед Уяхьа башында турган өкмөттү таратты. Кудум Бутефлика муну менен жемкордуктун бир бутагы болгон бирөөсүн кетирип, анын ордуна ошондой эле башкасын алып келип койсом, эл ыраазы болот деген кыязда кылды! Бирок, адамдар буга окшогон алдоолорго ооздорун күйгүзүп алышкан, ошондуктан 2019-жылы 15-мартта Бутефликанын токтому жарыяланары менен эле элдер агылып көчөгө чыгышты. Бутефлика Нуриддин Бадавийди өкмөт башчы жана Рамтана Ламамруну тышкы иштер мансабын сактап калуусу менен биргеликте өкмөт башынын орун басары кылып дайындады. Бирок, алар да эч нерсе кыла алышпады. Ал экөө Бутефликанын токтому менен элдерди алдоого аракет кылып көрүштү. Нуриддин өзүнүн орун басары менен биргеликте 2019-жылы 14-мартта пресс-конференция берип: ««Өткөөл мезгил» бир жылдан ашык болбойт, президенттин шайлоону эртелетүүсү элдин талабына жооп берүү ирээтинде кылынды. Жаңы өкмөттү түзүү үчүн кеңешүүлөр жүрүп жатат. Ал технократиялык өкмөт болот», – деп билдирди. Ошондой эле, ал жаңы мыйзамдын негизинде жаңы мамлекет тикелөөгө жана ага оппозицияны да катышууга чакырды. («Алжир ТВ», 2019.03.14.). Бир күн мурда 2019-жылы 13-мартта Алжир өкмөттүк радиосуна Рамтана Ламамру билдирүү берип мындай деди: «Сүйлөшүүлөр зарыл. Биздин биринчи максатыбыз алжирликтерди бириктирүү. Жаңы система элдин каалоосуна жараша болот». Бирок, калк алардын алдап жатканын аңдашты. Көрүнүп тургандай, алжирликтер бул алдоолорду чындыгында эле аң-сезимдүү түрдө сезишти, ошондуктан   алар мамбашчынын бийликтен кетишин талап кылышты, Бадавий менен Рамтана Ламамру чакырып жаткан сүйлөшүүлөрдү, президенттин бийликтен кетишин кечеңдетип жаткандыктарын, система өзгөрбөй эле жүздөр өзгөрүп жатканын четке кагышты, ошондой эле алардын кызматтан кетүүлөрүн талап кылышты. Элдин мындай четке кагуусу жума күнү 2019-жылы 15-мартта милиондогон адамдардын көчөгө чыккандыгында айкын болду. Бийлик оор кырдаалда калып, камоолорду баштады!
  4. Көрүнүп тургандай, армия Бутефликаны жана анын бийлигин коргоо тарабында болду. Алжирдин коргоо министринин орун басары жана Бутефликага берилип кызмат кылгандыгы менен белгилүү  генштабдын жетекчиси Ахмед Каид Соолих митингчилерди опузага алып мындай деди: «Бул жерде өлкөнү кайгы жылдарына кайтарууну каалап жаткандар да бар». Ал убада берип айтты: «Армия коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууга жоопкер болот».  Ал дагы мындай деди: «Бул жерде Алжирдин туруктуу жана коопсуз жашоо кечиришин көрүүнү каалабагандар да бар. Алар өлкөнү кайгы жылдарына кайтарууну каалап жатышат» («Би-Би-Си», «Шаркул Авсат», 2019.03.05.). Ал 26-февралда митингчилерге күч колдонуу мүмкүндүгү менен коркутууга алды жана аларды алданып жаткандар катары айыптап, аларды көчөгө чыгарып жаткан тараптарды да жемеге алды. Бирок, коргоо министрлиги артка кайтып, массалык маалымат каражаттарынан Каиддин коркутууга алып сүйлөгөн сөзүн ачыктабоону талаб кылды… Ал элдер менен ымалага келишүүгө аракет кылып мындай деди: «Мен эл менен армия ортосундагы алаканын бекемдигине ишенемин. Ушул бекем алака чынчыл жана калыс калк менин айткан сөздүрүмдү туура түшүнүүсүнө түркү болот» («Sky News», 2019.03.13.). Маалым болгондой, негизинен армия өлкөнү көзөмөлдөйт. Бутефлика франциячыл аскерий жетекчилерди кетирип, өзүнө ыктаган британиячыл жетекчилерди жетекчилике алып келүүгө мүмкүнчүлүк таба алды. Ошондуктан, аскерий жана коопсуздук органдарынын жетекчилери британиячыл Бутефлика тарабында турушат. 2019-жылы 8-мартта Британиянын радио уктуруу корпорациясы армия жетекчиси Ахмад Каида Соолихтин ийгиликтерин көңүл толорлук катары баалаганына күбө болдук, анда мындай делет: «Көпчүлүкү адамдар 2013-жылдын сентябрынан тартып Ахмед Каид Соолих Алжир генштабынын жетекчилигин сактап калуу менен биргеликте коргоо министиринин орун басары кызматтын аркалагандан бери аны жана анын командасын Бутефликанын оң колу деп билишет. Бутефлика Францияга дарылануу үчүн кеткенде мурунку чалгындоо кызматтынын жетекчиси генерал Тофык башында турган топ президентти бийликтен кулатууга аракет кылышкан. Бирок, Каид кызматка жогорулганда чалгындоо кызматтындагы көптөгөн офицерлерди иштен четтете алды». Бутефлика  2015-жылы 13-сентябрда генерал Тофыкты чалгындоо кызматтынын жетекчилигинен алып салды.
  5. Мына ушундайча митинг өз-өзүнөн келип чыкты. Бирок, ал созула баштаганда эл аралык мамлекеттер өз кызыкчылыктарына жетүү максатында ага колдорун сала баштады… Анын баянына киришүүдөн мурда 2015-жылы 23-сентябрда жарыяланган суроо-жоопто келген нерсеге токтолуп өтөбүз. Анда Алжирдеги эл аралык күрөштүн вакыйына токтолуп өткөнбүз: «Алжир кошунасына караганда Америка пландарына  күчтүү каршылык көргөзгөн олуттуу мамлекет. Абду Наасир менен биргеликте Америка сызыгында жүргөн Бен Белл кулатылып, Бумедьен бийликке келгенденден тартып Алжирде Британиянын таасири бекем орношту. Франциянын таасир талашуусу бирде алсызданып, бирде, өзгөчө алсыз президенттер доорунда күчөп турду. Бумедьен бийликте 1965-жылы 19-июндан тартып 1978-жылы 27-декабрда өлгөнгө чейин турду. Бутефлика 1999-жылдан тартып азыркыга чейин мамбашчы болуп келе жатат. Бутефлика Британия менен тыгыз алакада. Бутефлика Алжир мамбашчылары арасында биринчи ирээт Британияга сапар жасаган башчы катары 2006-жылы Британияга иш сапары менен барды. Ошону менен бирге, кандайдыр бир таасирге ээ армиядагы франциячыл аскерийлер Бутефликанын Британия менен болгон алакасын билишет, ошодой эле Бутефлика франциячыл саясатчылар менен шайкеш эмес экенин да билишет. Ошентсе да, армиядагы франциячыл топ Бутефликаны азыркы күнгө чейин бийликтен кетире алышкан жок. Британия Алжирде Франциянын таасиринен Америка таасиринчелик корккон жок. Анткени, Британия Франциянын алдан тайган таасирине караганда Американын таасири алда канча күчтүү экенин көрдү. Ошондой болсо да, Британия Алжирде Франциянын таасирин жок кылмай болду, бирок муну азыр эмес, аста секин ишке ашырмай болду. Себеби, учурда Британия Франция менен эмес, Америка менен таасир талашуу күрөшүндө. Ошондуктан, бийлик абалды курчутпастан тымызын франциячыл офицерлерди өзгөрттү. Ал тургай, Бутефлика 2015-жылы 13-сентябрда франциячыл чалгындоо кызматынын мүдүрү Мухаммад Ламинди кызматынан бошоткондо кескиндикти курчуткан жок. Бул кадамдар системага таасир бере тургандай эч бир абалды курчутпаган негизде кылынды. Башкача айтканда, Бутефлика Британиянын колдоосу менен бир нече франциячыл офицерлерди кызматтан алууда ийгиликке жетишти. Бирок, ошондой болсо да армияда Франциянын орду дале сакталып калды. Себеби, армия маданияты жана окуусу Франциядан өздөштүрүлүүдө. Бирок, биз жогоруда айтып кеткендей, Бутефликанын армияга карата «күрөшү» түзүмгө көйгөй жаратпай турган мээлүүн түрдө болду…» цитата бүттү.

Анан тышкары, ошол суроо-жоопто буларга токтолгонбуз: «Британия Американын Алжирде таасир ээ болуу планына каршы күрөшүп жатат, бул күрөш жогорудагыдан айырмаланат…». Мисалы:

а)   Испания 91 жыл колония кылып турган Батыш Сахарадан 1976-жылы чыгып кеткенден кийин Америка Батыш Сахаранын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн «Полисарио» кыймылынан ыңгайлуу учурду көрдү. Америка Түндүк Африкага, айрыкча Алжирге башын тыгып алуу үчүн бул кыймылды шылтоо катары пайдаланды… Бирок, Алжирдеги британиячыл бийлик бул маселени байкап турган. Ал «Полисариону» чек ара тилкелери менен чектеп, аны өзүнүн тыңчылары менен курчоого алды, себеби, ал Америка бул уюмдун ичине өз тыңчыларын киргизишин билген. Америка БУУну көзөмөл кылып, анын Батыш Сахара жаатындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн бардыгына басым кыла алгандыгына карабастан, Алжирде таасир күчүнө ээ боло албады.

б)   Америка Алжирде база жайгаштыруу максатында «Africom» деп аталган атайын бөлүктөгү куралдуу күчтөрдү терроризмге каршы күрөшүү шылтоосу менен Алжирге киргизүүгө аракет кылды. Бирок, муну Алжир четке какты, анткени анын артында турган Британия Америка бул базаны Алжирге жайгаштыруу менен анын ишине аралашууну пландап жатканын сезди. Ошондуктан, Алжирдин ТИМи 2007-жылы 3-мартта: «Алжир Американын Африка боюнча атайын бөлүктөгү «Africom» аскерлеринин штаб-квартирасын Алжирге жайгаштыруусуна кызыкдар эмес», – деген билдирүү берди.

в)   Америка 2012-жылы 22-мартта Малидеги окуяларды пайдаланып, терроризмге каршы күрөшүүнү күчтөөнү жана терроризмдин чеги Алжирге да жетип калды деген шылтоону карманып, Алжир менен аны биргеликте терроризмге каршы күрөшүүдө кызматташуусу үчүн иш сапарларын уюштурду. Бирок, ошого карабастан Алжир жана анын артында турган Британия Американын планын четке какты. Бул иш сапарлардын көрүнүктүүсү Хилари Клинтондун 2012-жылы 29-октябрда Бутефлика менен болгон жоолугушуусу болду» цитата бүттү.

  • Азыркы учурдагы Британия менен Франциянын эл аралык алакаларынан көрүнүп тургандай, алардын ортосундагы күрөш дээрлик спортук мелдеш көрүнүшүндө орун алууда. Бирок, Америка менен Британия ортосундагы күрөш кайнап жаткан эл аралык деңгээлдеги күрөш негизинде бара жатат. Бул кырдаал азыркы күндө да өз нугунда бара жатат. Америка менен Франция каршылык митингдерин өз тараптарына оодарып алуу максатында ар бири элдин арасында кадыр-баркы бар өзүнүн малайларын ишке салып жатат, аларды Британия малайларынын ордун басуусу үчүн бийликке алып келүүгө урунушууда:
    • Америка. АКШ 2019-жылы 5-мартта Америка ТИМинин өкүлү Роберт Палладинонун аркылуу менен мындай деди: «Биз бул митингдерди күзөтүп жатабыз жана аны улантабыз. АКШ тынчтык митингдерин өткөрүүдө Алжир элин колдоого алат» («Би-Би-Си», 2019.03.06.). Бул Алжир окуяларына карата Американын биринчи реакциясы. Ушул билдирүүдөн көрүнүп тургандай, Америка бул митингдерди өз кызыкчылыгына пайдаланууну каалап жатканына далаалат кылып турат. Бутефлика президенттик шайлоо мөөнөтүн жокко чыгаруу токтомун чыгаргандан кийин Америка ТИМинин өкүлү Роберт Паладинонун мындай деди: «Биз жаңы жол негизинде, өнүккөн коопсуз келечекке карай умтулуп жаткан алжирликтердин үмүттүү аркетин колдойбуз. Алжирликтер өз позицияларын тынч негизде билдирип жаткандыктарын урматтайбыз. Ошондой эле шайлоо мөөнөтүн артка жылдыруу токтомун да күзөтүп барабыз жана эркин адилеттүүлүк негизинде Алжир эли өз тандоолорун ишке ашырышын колдойбуз» («Reuters», «Algerian Sunrise», 2019.03.12.). Бирок, Америка өкүл Бутефликанын токтомуна түшүндүрмө берген жок. Америка бул токтомду колдобой тургандыгына жана шайлоо мөөнөтүн жылдырууга каршы экендигине ишаара берген көрүнүштө аны билмексенге салды.

Америка гезиттери Бутефликага каршы экени ачык-айкын болду.  Бутефликанын токтому чыгары менен эле ага каршы позицияда «New York Times» гезититинин митингчилер арасындагы кабарчысы Алжир  оппозициясы Бутефликанын бул кадамдарын айыптап, аны элди алдоо катары санап жаткандыгын жарыялады. Ошол эле маалда «Washington Post» гезити Бутефлика өз мөөнөтүн узартууга аракет кылып, бийликти өткөрүп ордун бошотуудан качып жатканын эскертти. Мына ушундайча негизде Америка Бутефлика менен бирге эмес позициясын гезиттери аркылуу ачыка чыгарды. Америка Алжирге таасирин киргизип алуу аракетинде митингдерди өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылып жатат. Биз жогоруда айтып өткөндөй, Америка ар бир өлкөдө ар кандай окуялардан өз максатына жетүү үчүн пайдаланууда. Ал Алжир элинин кызыкчылыгын ойлоп аракет кылган жок, себеби алардын кызыкчылыгын ойлосо – түздөн-түз болобу, же ыңкылаптар аркылуу болобу, же шериктеш мамлекеттер менен биргеликте болобу, же берилген малайлары аркылуу кылабы, айырмасыз – Мисир, Ирак, Сомали, Сирия, Ооганстан ж.б. өлкөлөрдүн калкын кордомок эмес.

  • Франция: Франциянын позициясы эки анжы, бирде Бутефликаны колдосо, бирде ага каршы позицияда болду. Ал Британия менен тирешпестен, акырын жылчып кирүүнүн ыңгайлуу учурун издеп жатат. Франция Алжирдеги окуяларды кудум өз жеринде болуп жаткандай күзөтүп жатат. Анткени, ал Алжирди мурунку колониясы катары, өзүн анын осуятчысы катары санайт! Франция ТИМи 2019-жылы 4-мартта мындай деди: «Париж Алжир мамбашчысы Абдул Азиз Бутефликанын апрелде өтө турган президенттик шайлоодо талапкерлигин койорун эске салды. Шайлоо ачык-айкын өтүүсүнө үмүт артат». Ал дагы мындай деди: «Кимди мамбашчы кылып шайлоо тандоосу Алжир элинин колунда. Алжирдин келечегин тандоо Алжир элинин колунда» («Рейтер», 2019.03.04.). Франциянын тышкы иштер боюнча мамкатчысы Батист Ле Мойн «Radio France International» берген маегинде мындай деди: «Алжир бийлиги жаштардын митингдерди кылуусуна жол берүүсү керек. Франция жаштардын тынчтык жолу менен өз каалоолорун билдирип жатканына күбө болууда жана алардын өз каалоолорун билдирүүлөрүнө чакырабыз». Бирок, Бутефлика өз токтомун чыгарганда Франция мамбашчы Макрон аны колдоорун билдирип мындай деди: «Алжир мамбашчы Абдул Азиз Бутефлика өзүнүн бешинчи мөөнөткө бара турган талапкерлигин алып салуусу Алжир тарыхы үчүн жаңы баракты ачат». О.э. ал «Акылка сыярлык өткөөл мезгилге» чакырып мындай деди: «Бул өткөөл мезгилде биз достук жана урматтоо менен колдон келген жардамыбызды Алжир элинен аябайбыз». Франциянын ТИМи Ле Дриан Бутефликанын Алжирдин саясий түзүмүн жаңылоо жаатындагы кадамдарын кубаттоосун билдирди» («Радио Алжир», 2019.03.12.).

Ушулардан көрүнүп тургандай, Франция бир туруп митингчилерди колдоого алса, ошол эле маалда Бутефликага карата чагымчылык кылбай, анын токтомун да кубаттады. Анткени, бул эки нерсеге таянат:  биринчиси, бийликти капа кылып козутпай жеңил жол менен кийлигишүү. Экинчиси, Бутефликага каршы Америка менен бир катар болуп калуудан кыйгап өтүп, зарыл учурда өзүн Европанын бир бөлүгү катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Эгер, Франция Алжирде Британиянын ордун баса  алууга кудурети жетпей калса, анда Алжирде Америка таасиринин ордуна Британиянын таасири улануусун абзел көрөт.

Ал эми, Франциянын гезиттерине келсек, 2019-жылы 2-мартта «Франция 24» Франция гезиттеринин макаласын  жарыялады, «Liberation» мындай дейт: «Алжир жаштары коомдук адилетүүлүккө жетүүгө жана өзгөртүүгө, айрыкча, Бутефликадан башка президентти билбегендерди өзгөртүүгө өтө ашык болушууда».  Бул француз гезити дагы мындай деди:  «Алжир жаштары мурункулардын кесепеттерин алар эмнеге көтөрүшү керектигин түшүнө албай жатышат. Бул жаштар чыныгы жасалма президенттин артына жашынган режимдин саясий өкүмдарлыгынан көбүрөөк нерсеге татыктуурак». Ал эми «Le Figaro» гезити Алжирдеги митингдер тууралуу «Алжир бийлигине каршы күчтүү митингдер толкуну» деп аталган макала жарыялады. Гезит мтингдерге «саясатчылар, Эркиндик партиясынын лидери Али бин Флис, президенттикке талапкер Рашид Нказ, мурунку өкмөт башчы Ахмед Бен-Битур, Бутефликаны биринчи мөөнөтүндө өз кызматтынан кетип калган маданият министири Абдел Азиз Рахаби сыяктуу саясатчылар» катышып жаткандыгын жазды. («Франция  24», 2019.03.02.).

  • Британия: Британия эч бир расмий билдирүү чыгарган жок. «Би-Би-Си» Британия радиосу Алжирдеги минтигдерге карата басым кылып чагылдырбастан, жөн гана үстүртөн чагылдырды. Британия гезиттери Бутефликанын иштерин сынга алган жок жана митигчилерди да колдогон жок. Ошондуктан, мындан көрүнүп тургандай Британия Бутефлика менен бирге жана аны колдоого алып жатат. Анын бийликтен кулап калышын каалаган жок. Ошондуктан, ал өзүнүн маалымат каражаттары аркылуу Түркия, Мисир, Судандагы митингдерде өзүнө ыктаган малайларынын билдирүүлөрүн байма-бай басымдуу чагылдырып жана ал жердеги бийликтин зулумун сынга алып, элдерди бийликке каршы багыттагандай, Алжирде элди бийликке каршы багыттаган да жок. Мындай нерселерди Алжир митингдеринде чагылдырган жок. Ушундан билинип тургандай, Британия Алжирде Бутефлика жана анын чөйрөсү кылып жаткан иштерге көңүлү тынч. Анын кара өзгөй саясатына ылайык, ал өз малайлары бийликтен кол жууп калбастыгы үчүн биринчи катарга чыкпастан тымызын ишин улантууда!
  • суроолор үчүн  күчтүүрөөк жыйынтык төмөнкүдөй:

а)   Митингдер саясий жана экономикалык адилетсиздиктен улам, Бутефлика, анын чөйрөсү бийликти, байлыкты бүтүндөй ээлеп алуусу себептүү өз-өзүнөн табигый келип чыкты. Бутефлика тыңыраак баса албай, оңдуу сүйлөй албай жатып бешинчи мөөнөткө баруу айласын таппай төртүнчү мөөнөтүн узартуу аракетинде, ошондой эле анын саясий чөйрөсү өздөрүнүн каалоолоруна ылайык баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизишти. Ал жана анын саясий чөйрөсү жемкордук менен байлык топтоо камында. Алжир өзгөчө мунай жана газга бай болуп туруп элдер жакырчылыкта, кембагалчылыкта жашоо кечиришүүдө. Ал тургай, зарыл муктаждыктарына жете турган нерселерди да сатып ала алышпаган деңгээлге түшүп кетишти, жумушсуздук өз чегинен ашты. Бутефлика жана анын саясий чөйрөсү чет элдик компаниялар менен биргеликте элдин байлыгын тоноо аракетинде. Анын натыйжасында адамдар кыйын жашоо запкысын тартышууда.

б)   Бутефлика өлсөм да бийликтен кетпейм деген негизде бийликке жармашып алды. Армия аны колдойт, ошондой эле британиячыл саясий чөйрө да аны колдойт. Анткени, Британия саясий чөйрөдө таасирге ээ. Ошондуктан, ал саясий чөйрөнү сактап калуу аракетинде. Алжирде өзүнө ыктаган малайлардын бийликке калуусу Британиянын Түндүк Африка боюнча иштеринде Америкага каршы туруу үчүн маанилүү. Алжир Ливияда Америка малайы Хафтарга каршы турат, Америка тарабынан колдоого алынган «Полисарио» кыймылын ооздуктоого салым кошот.

в)   Франция Алжирде саясий, сакофий, экономикалык жактан колонизаторлук кызыкчылыгы бар, илгерки Алжирди колония кылып келген дымагы аны шыкактап турат. Америка таасири жайылышына каршы турууда 1965-жылдагы Бумедьен ыңкылабынан бери Алжирде Британия таасири орногон жана Франция Британия менен ымалага келишип алган, ошондой эле, Батыш колонизаторлугунан кутулуу үчүн умтулуп, Ислам адилетүүлүгүн орното турган туура жолдогу Халифалык мамлекеттин тикелөөгө аракет кылган мусулман өлкөлөрүндөгү кыймылдарга да биргеликте каршы туруу үчүн келишип алышкан. 1992-жылы франциячыл саясатчылар төңкөрүш жасашты, натыйжада жүз миңдеген адамдар өлүп, Алжирдин боштондугу үчүн күрөштө миллиондогон алжирликтерди кыргын кылган Францияны эске салды. Ага карабастан, каршылык толкунун тизгиндөө үчүн франциячыл саясатчылар митингдерге катышты, бирок, айтып өткөнүбүздөй, этияттык менен аралашышты….

г)   Америка митинг кырдаалынан пайдаланып Алжирге башын тыгып алууну көздөп жатат. Ал өзү жамандыктын жарчысы болуп туруп өзүн адилетсиздикке, тирандарга каршы туруучу жана адам укуктарын сактоочу катары көргөзөт. Тескерисинче, аны зулум, адилетсиздик, тирандык эч качан тынчсыздантпайт. Ал тургай, ал өзү зулум менен адилетсиздикти жер жүзүнө жаят, айрыкча, мусулман өлкөлөрүндө тиран түзүмдөрдү колдоого алат. АКШ Саудияда Салманды жана анын баласын колдоого алды, Мисирде канкор Сисини, Иракта Ирак режимин колдоого алды, Сирияда түздөн-түз жана кыйыр түрдө малайлары, шериктештери аркылуу зулумду жайды. Американын камы Алжир элине жардам берүү эмес,  тескерисинче ал Батыш Африка жана Сахара түштүгүндө Франция таасирин сүрүп чыгып, анын ордун ээлеп алуу максатында Алжирде  өзүнө караштуу атайын бөлүктөрү үчүн түзүлгөн «Africom» куралдуу күчтөрүнүн базасын жайгаштырууну жана ал аркылуу Алжирге таасир өткөрүүнү каалап жатат. Американы Алжир байлыктарына ээлик кылып калуудан бөлөк, Хафтардын Ливия батышын көзөмөлдөөсүнө Алжир тоскоолдук жаратап жатканы кыжаалат кылып жатат.

д)   Ал эми, Алжир эли болуп жаткан окуяларды толук кандуу аңдай алышат.  Алар «Биздин мамбашчыны Вашингтон же Париж эмес, биз тандашыбыз керек» деген урандарды көтөрүп чыгышты. Ошондуктан, алар чет элдик кийлигишүүлөрдү, алардын максаттарын аңдай алышат. Алжир элинин колонизатор мамлекеттер өзүлөрүнүн жемкор малайларынын артына туруп, алар менен биргеликте кылган кылмыштарын анык сезе алышат жана бул жаатта чоң тажрыйбаны баштарынан өткөрүшкөн. Алар өзгөрүүгө карай умтулуп жатышат,  Исламдын келишине аракет кылышууда. 1991-жылы Исламды бийликке алып келебиз дегендерди элдин 84%ы шайлаган. Жума намазынан кийин мечиттерден агылып чыккан миллиондогон адамдардын жүрүш кылуусу элдердин арасында Исламий туйгу канчалык экендигин көргөзүп турат. Митингдерде катышып жаткан илманийлер мечиттердеги намаз окуган мусулмандардын ири агымына нааразылык билдиришти.

е)   Бул кыймылдан күтүлө турган натыйжага келсек, Алжирде негизги токтомдорду кабыл алуучу саясий чөйрө – бул британиячыл саясий чөйрө. Ал эми, франциячыл саясий чөйрө жокко эсе, айрыкча Бутефлика бийликте туруп жыйырма жылдан ашык өкүм жүгүзгөн мезгилде  франциячыл саясатчыларды негизги токтомдорду кабыл алган чөйрөдөн бир топ алыстатып койгон. Ошондуктан, алар британиячыл саясий чөйрө менен негизги эмес маселелерде гана шериктеш иш алып баруу үчүн гана жарышат. Алардын мындан аркы абалы учурдагы митигдерден кандай ийгиликтүү пайдалана алышат, ошого жараша болот.

Ал эми, Американын Алжирде таяна турган саясий чөйрөсү жок. Ал адатынча мындай учурда армияга ыктайт. Бирок, азыр армия бийликти кубаттап жатат. Башкача айтканда, учурдагы митингдер Британияга малай саясий режимди Францияга же Америкага буруп жибере турган деңгээлде эмес.

ё)   Ал эми, Бутефлика дагы бийликте кала береби же жокпу дегенге келсек. Ал учурда өкүм жүргүзө ала турган абалда эмес, өкүмдү анын айланасындагы британиячыл саясий чөйрө жүргүзөт. Каршылык митингдери күчөшү чындыктан алыс эмес, эгер толкундоо күчөп мунай жана газ тармагына коркунуч жаралса, Британия адатынча кара өзгөй саясий айлакерлигине салып Бутефликаны бийликтен кетирүүгө ыктайт.  Башкача айтканда Британия бир Бутефликаны кетирип, өңү-жүзү башка, тили сайраган башка бир Бутефликаны бийликке алып келет!

ж)  Бирок, режим Аллахтан жана Анын Расулунан алыс болсо, элди кыйынчылыктан чыгарып жыргал жашоого алып келбейт. Зулум жана жемкордуктун башаты болгон Батыштын капиталисттик түзүмү өкүм жүргүзгөн жерде эч качан кембагалчылык, жакырчылык, жумушсуздук жоюлбайт. Тескерисинче, көйгөйлөр, кыйынчылыктар кемчиликсиз Аллахтын түзүмү менен гана чечилет. Көпчүлүгүн мусулмандар түзгөн каршылык митингдериндеги элдер өз көйгөйлөрүн «Пайгамбарлык жолундагы Халифалык мамлекетин» тикелөө аркылуу чечүүгө аракет кылуулары лаазым. Халифалык менен гана бул дүйнө жана акырет бакытына кайтышат. Дүйнөнүн булуң бурчуна адилетүүлүк нуру жайылат, бактысыз жашоого чек койулат. Аллах айтат:

فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشْقَى * وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكاً

«Ким менин хидаятыма ээрчисе ал адашапайт жана бактысыз да болбойт. Ким менин зикиримен жүз үйрүсө ага машакаттуу жашоо болот» [20:123-124]

12-ражаб, 1440-х.

21-март, 2019-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here