Суроо-жооб: Салам соода алакасынын шаръий өкүмү жана үй курула электен мурда аны сатуунун өкүмү?

632
0

Суроо: Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Аллах сизди коргоосуна алсын.
Бул суроого сизден канааттандырарлык жооп таба аламбы: куруучу компаниялар (phoprolos) үйлөрдү кура электен мурда сатуусу салам соодасы болуп эсептелеби же жокпу? Бул шаръий жактан туура болуп саналабы? Башкача айтканда кура электен мурда эле ага ээлик кылуу?Фаре Фархат.

Жооб: Алейкуму салам рахматуллоохи уа баракаатуху. Сен эки нерсени сурап жатасың. Биринчиси: үйдү кура электен мурда сатуу салам соодасы болобу же жокпу? Сенин сурооңдон түшүнүлө турган нерсе: эгер ал салам соодасынын бабына кирсе, анда ал шаръий жактан жайиз болот, анткени салам шаръий жактан жайиз эсептелет деген нерсе түшүнүлүп жатат. Экинчиси: үйдү кура электен мурда сатуу шаръий жактан жайизби?Биринчинин жообуна келсек, үйдү кура электен мурда сатуу салам соодасынын бабына кирбейт. Анын баяны төмөнкүдөй: салам соодасы бул: «Бир аздан кийин белгилүү бир мөөнөттө товар алуу үчүн акчасын алдын ала берүү. Же бир товар алыш үчүн анын орун басары катары ошого окшош эле бир товарды белгилүү бир мөөнөткө берүү». Бул соода шаръий жактан жайиз. Бул соода алакасына таразага тартыла турган, эсептеле турган, чен өлчөм кылына турган нерселелер кирет. Экинчи «Шахсия» китебинде мындай деп келет: «Саламдын жайиздиги сүннөт менен сабит. Ибн Аббастан мындай дегени риваят кылынат:«Набий (с.а.с) Мединага келгенде, алар мөмөнү бир жыл, эки жылга «салаф» соода кылышат эле. Пайгамбарыбыз: Ким курманы салаф соода кылса белгилүү бир өлчөө, белгилүү бир вазн менен белгилүү бир мөөнөткө салаф кылсын, – деди». Муслим риваяты. Абдуррахман ибн Абза жана Абдулла ибн Абу Авфадан мындай дегендери риваят кылынган:«Биз Расулуллах (с.а.с) менен бирге олжолорду колго түшүрөт элек. Алдыбызга Шам набатийлери (ажамга аралашып кеткен арабдар) келип турушат эле, биз алар менен буудай, арпа жана мейизде белгилүү бир мөөнөткө салаф соодасын жүргүзөт элек. Мен: Алардын эгиндери бар беле же жок беле? – деп сурадым. Алар: Бул жөнүндө алардан сурабайт элек, – деп жооп беришти». Бухарий риваяты. Башка риваятта мындай деп келген:«Биз Расулуллах (с.а.с), Абу Бакр жана Умар заманында бир коум менен буудай, арпа, курма жана мейизде салаф соодасын кылат элек. Аларда бул нерселер жок эле». Абу Давуд риваяты. Бул хадистердин бардыгы саламдын жайиз экендигине ачык далил болот. Эми кайсы нерселерде салам жайиз жана кайсыларында жайиз эместигине келсек, бул нерсе хадисте жана ижмада ачык көрүнүп турат. Муну мындай түшүнөбүз: Салам – ээ болбогон нерсенин соодасы жана толук ээ болбогон нерсенин соодасы. Бул эки соодага тыюу салынган. Салам мындан насс менен мустасна кылынды жана тыюу андан башка соодага хос болду. Ошондуктан, салам дурус боло турган нерсе насста көрсөтүлгөн болушу керек. Насска кайрыла турган болсок, салам кайл жана вазн менен өлчөнө турган о.э. эсептеп алына турган бардык нерседе жайиз экендигин көрөбүз. Кайл жана вазн менен өлчөнө турган нерседе саламдын жайиздиги Ибн Аббас риваят кылган хадис менен сабит болгон. Расулуллах (с.а.с):«Ким курмада салаф кылса, маалым бир баада жана маалым бир вазнда маалым бир мөөнөткө кылсын», – деген. Ибн Аббастын башка риваятында мындай деп келген: Расулуллах (с.а.с):«Ким бир нерсени салаф соода кылса, маалым бир өлчөө, маалым бир вазн менен маалым бир мөөнөткө кылсын», – деди. Бухарий риваяты. Бул болсо, салам кылына турган мал кайл жана вазн менен өлчөнө турган нерселерден болушуна далил болот. Эми саламдын эсептеле турган бардык нерседе жайиз экендигине келсек, мисалы азыкта салам жайиздигине ижма кылынган. Бул ижманы Ибн Мунзир накл кылган. Бухарий риваят кылып айтат: Бизге Шуъба хадис риваят кылды: Мага Мухаммад же Абдулла ибн Абу Мужалид кабар берди: «Абдулла ибн Шаддад ибн Хад жана Абу Бурда салам жөнүндө ихтилаф кылып, тартышып калып, мени Ибн Абу Авфа Gнун алдына жиберишти. Мен андан бул жөнүндө сураган элем, ал: Биз Расулуллах A, Абу Бакр жана Умар заманында буудай, арпа, мейиз, курмада салаф кылат элек, – деди». Бул хадис азыкта салам жайиз экендигине далалат кылып жатат. Азык кайл менен, же вазн менен, же санак менен өлчөп алынат. Азык кобз кылып алуу шарт кылынган нерселер түркүмүнөн болгону үчүн кобз кылуу ага тиешелүү болгону сыяктуу жана эгер азык кайл, же вазнда, же санакта ашыкча кылып алына турган болсо риба болуп калганы үчүн риба ушул ашыкча кылып алууга тиешелүү болгону сыяктуу, бул өкүм т.а. саламдын жайиздиги да азык өлчөнө турган кайл, вазн же санактын бардыгына тиешелүү. Азык кайл, вазн же санак менен өлчөнгөнү үчүн да салам ага тиешелүү болду. Хадисте саламдын кайл жана вазн менен өлчөнө турган нерседе жайиз экендиги айтылып, санак менен өлчөнө турган нерседе жайиздиги айтылбаган болсо да, азыкта саламдын жайиздигине ижма кылынганы эсептеп алына турган нерсени да салам кылуу жайиз боло турган нерселер түркүмүнө кирүүчү кылып коёт.Бирок, салам кылына турган нерселердин сыпаты анык белгилүү болушу керек. Мисалы Иран буудайы, Бруней курмасы, Мисир пахтасы, Индия жибеги, Түркия анжири сыяктуу. Кайл же вазн да анык васф кылынып, белгилүү болушу керек. Мисалы, Шам соъсу, Ирак ратлы, килограмм, литр сыяктуу» цитата бүттү.Ошондуктан, салам соодасына таразага тартыла турган, чен өлчөм кылына турган жана эсептелип санала турган нерселердин бардыгы кирет. Ал эми, кайсы нерселер таразага тартыла турган, чен өлчөм кылына турган жана эсептелип санала турган нерселер болушун билүү бул нерселердин вакыйына идирек кылынышы менен болот. Ал нерселер окшош нерселер бабына киреби же окшош эмес кымбат баалуу нерселер бабына киреби, ошону айырмалоо керек.Окшош нерселер: анын окшошун базардан табууга мүмкүн болгон нерселер. Мисалы, бир сыпаттагы бир килограмм ун айырмасы жок өзүндөй эле башка бир килограмм ун сыяктуу.Ал эми кымбат балуу нерселер анын окшошун базардан табууга мүмкүн эмес нерселер. Башкача айтканда, ал бири-бирине окшош нерселер сыяктуу эмес, кайталангыс өзүнчө нерселер. Мисалы, үй, ага окшош башка үй болбойт, анткени ар бир үй өз-өзүнчө айырмаланып бири-бирине окшошпойт. Мисалы, анын салынышы, жайгашкан жери, архитектуралык түзүлүшү сыяктуу нерселерде эч качан бири-бирине окшошпойт…Таразага тартыла турган, чен өлчөм кылына турган жана эсептелип санала турган бири-бирине окошош нерселер: буудай, ун, арпа, курма, мейиз ж.б.у.с. Бул нерселердин сыпатын өзгөчөлөнтпөстөн алардын окшошун базардан табууга болот. Башкача айтанда, бул нерселер бири-бирине окшош нерселер. Бул нерселер менен салам соодасын жүргүзгөн учурда сатуучу сатып алуучуга белгилүү бир мөөнөттөн кийин ага белгилүү бир салмакта, же чен өлчөмдө, же белгилүү бир эсепте товардын белгилүү бир түрүн белгилебестен ушул эле товардын окшошун ага кайтарып берүүгө убадалашат. Башкача айтканда, товардын кымбат баалуу сортун эмес, ага окшошун кайтарып берүүгө убадалашат. Мисалы, сатуучу бир сыпаттагы тонна ун берсе, сатып алуучу мейли ал баланча жердин уну, же аны сатып алганы, же белек катары алганы айырмасы жок, кайсы жактан таап берсе, аны сатуучу алышы керек болот. Бул нерселердин баары соода келишимин кылып жатканда эч кандай кыйматы жок. Балким, окшош нерсенин ортосундагы айырмачылыкты кетире турган белгиленген ошол түрдөгү нерсени белгилүү бир мөөнөттө таап бериши кыйматка ээ. «Навави Равзату тоолиб» китебинде окшош нерселердин жактамасын аныктоо бабында 5-бөлүк 19-18-беттеринде окшош нерселердин беш жактамасын келтирген, анын акыр жагында мындай дейт: «Экинчи жактаманын туурасын мындай айтууга болот. таразага тартыла турган, чен өлчөм кылына турган нерселерде салам соодасын кылуу жайиз». Үйлөр салам соодасына кирбейт. Анткени, ал таразага тартыла турган, чен өлчөм кылына турган жана эсептелип санала тургандардын катарына кирбейт. Ал окшош нерселерден эмес. Курула элек кандай гана үй болбосун – ал башка үйлөргө салыштырылып сүрөттөлүшүнө карабастан – башка үйлөрдөн айырмаланып турат. Мисалы, салына турган орду, жасалгалары сыяктуу нерселерде. Башкача айтканда, үй салам соодасына кирген окшош нерселер бабына кирбейт. Ошондуктан, ал салам соодасына кирбейт. Ушуга негизделип, курула элек үй салам соодасынын бабына кирбейт. Салам соодасы тууралуу келген далилдер да аны өз ичине камтыбайт. Ошондуктан, шаръий жактан үйдү салам соодасы аркылуу сатуу же алуу жайиз эмес.Ал эми, курула элек үйдү сатуунун өкүмү жөнүндөгү экинчи суроонун жообуна келсек, бул тууралуу 2016-жылы 31-мартта берилген суроодо жооб бергенбиз. Анда мындай делген: «Курула элек батирлерди сатуу.А. Адам өзү ээлик кыла элек нерсени сатуусу жайиз эмес. Бул тууралуу көптөгөн хадистер келген:Хаким бин Хизаам (р.а.) айтты: Пайгамбар (с.а.с)га келип айттым: «Мага бир киши келип, менде жок нерсени базардан сатып келип, кийин ага сатууну сурады». Пайгамбар A айтты: «Өзүңдө жок нерсени сатпа». Тирмизи риваяты, «Сунан» китеби.Абдуллоох бин Амр (р.а.) Пайгамбар (с.а.с) айтты: «Бир соодада салаф жана соода болбойт, бир соодада эки шарт болбойт. Кепилдене элек (товар колуна тийе элек) соодада пайда көрүү болбойт. Өзүңдө жок (ээлик кылбаган) нерсени сатуу болбойт». Тирмизи риваяты.Ошондуктан курула элек үйдү же батирди сатуу шаръий жактан жайиз эмес. Анткени, адам ага ээлик кыла элек, ал тургай анын орду да жок.Б. Корутундулап айтканда, курула элек үйдү сатуу жаиз эмес. Анткени, анын орду да жок. Соода шаръий жактан туура болушу үчүн жок дегенде анын каркасы, дубалы турган болушу керек. Үрптө үй туруп калыптыр деген таризде болсо гана сатууга болот. Бул, мендеги талаш-тартышты кетире турган туура басымдуу көргөн пикир. Айрыкча, бул маселеге байланыштуу маселелер өтө эле көп учурда.Г. Жыйынтыктап айканда, Исламда соода келишимдери бул сыяктуу талаш-тартыштарга чек койот, сатуучу сата турган нерсесине ээлик кылуусу жана сата турган нерсесинин орду болушу, сатып алуучу бул нерселерди сатуучудан толук талап кылуусу менен болот. Аллах тафик берүүчү» цитата бүттү.

4-ражаб, 1440-х.11-март, 2019-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here