“Аялдардын укуктары” деп жар салып жаткан Батыштын чыныгы жүзү

733
0

“Аялдардын укуктары” деп жар салып жаткан Батыштын чыныгы жүзү

Пакистандын Карачи шаарында төрөлгөн Афият Сиддики АКШнын эң алдыңкы университеттеринен болуп эсептелген Гарвард университетин артыкчылык диплому менен аяктаган жападан-жалгыз доктор. Ал Массачусетс Технология Институтунда медициналык билим алган. Анын түрдүү университеттерден алган 144 ардактуу диплому да бар. Неврология тармагында иштеп, нейрохирург адистиги боюнча диплом алды. Медицина тармагында ага тең келе турган доктор ал тургай АКШда да табылбайт…!

Окууну бүтүргөн соң өз мекенине кайтып, хижаб салынган доктор Афият айым адамзатты биологиялык куралдардын кесепетинен куткаруучу жаңы программанын үстүндө иштей баштаган. Бардык балээ Афият Сиддикинин жубайы анын жашыруун иштерин америкалыктарга маалымдаган күндөн башталды. Себеби, эгерде ал өз ишин игиликтүү аяктаса, миллиарддаган долларга курулган АКШнын биологиялык куралдары эч нерсеге жарабай калышы анык болчу. Ошондуктан АКШ разведкасы ага “бул программаны токтотууну жана толук бүтө элек болсо да, өтө чоң өлчөмдөгү акчага сатууну” сунуштады. А бирок, ал “бүтө элекмин” деп бул сунушту четке какты.

Ошондон кийин, 2003-жылы апасынан кабар алуу үчүн Исламабаддан Карачиге бара жаткан Афият Сиддики аэропортто үч баласы менен жоголуп кетти. Кийинчерээк болсо, аны АКШ разведкасы Пакистан полициясынын жардамында уурдап кеткени белгилүү болду. Аэропортто сайылган уколдон эсин жоготкон Афият айым АКШ жана Афганистандын жүзүндөгү кара так болгон Баграм камагында өзүнө келген. Аны эркек туткундардын арасына кошуп коюшкан. Ал сакчылардын тынымыз азаптоосу жана туткундардын зордукташы себептүү түнү менен азап тартып чыгат эле. Кыйноолор себептүү бир бөйрөгүнөн жана ичегилеринин бир бөлүгүнөн ажырады. Рухий жактан кыйноо үчүн бир нече күндөп азаптуу кыйкырып жаткан балдарынын үнү угузулду. 7 жаштагы баласынын канга буланган сүрөтүн көргөзүштү, кызы Марямдын оорудан өлгөндүгүн айтышты. Ал беш жылдан ашык камактын бир кишилик камерасында кармалды.

Афганистандагы “Талибан”дын колуна түшүп, андан соң бошотулган, кийинчерээк мусулман болгон белгилүү англис журналисти Ивонн Ридлинин билдиришинче, Афият Сиддикиге карата колдонулган кыйноолорго, ал тургай, эң күчтүү эркектер да чыдай албайт эле. Нью-Йоркто биринчи сотко чыкканда абалы өтө оор болуп, боюн түздөп тура албай, ал тургай отурганда да бирөөгө сүйөнүп отурат эле. Аябай арыктап, денесинде айыга элек жарааттары бар эле.

Кармалган кезде берилген белгисиз дарынын таасиринен психологиясы бузулган жана жоголгон балдарынын кайгысы себептүү рухий түшкүндүккө түшкөн о.э. кыйноолор себептүү оор жарааттарды алган Афият Сиддики олуттуу дарыланууга муктаж болсо да, АКШ буга уруксат бербеди.

Мына силерге “Аялдардын укуктары” деп тынымсыз жар салып жаткан Батыштын чыныгы жүзү.

Афият Сиддикинин апасы рамазан айларынын биринде аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Афият айым апасы менен сүйлөшкөндө: “Мен түшүмдө тез-тез Пайгамбар саллаллаху алайхи васалламды көрүп жатам. Бир көргөнүмдө мени Аиша розияллоху анхонун жанына алып барып, “кызыбызды жаныңа ал” деди”, – деп айтып берген.

Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин Ислам үммөтү ушундай абалга түшүп калды. Негизи, бул Үммөт адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт болуп эсептелет. Бул үммөт «эй Муътасим, кайдасын» деп кайрылган бир муслима аялдын намысын коргоо үчүн Рум кошуунуна каршы Ислам аскерин аттандырган Муътасимдин урпагы!

Расулуллах с.а.в.:

إِنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ

«Имам-халифа калкан, анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен коргонулат», – деген.

Афият Сиддикинин окуясы жогорудагы хадисте айтылган “калканга” өтө муктаж экендигибизди дагы бир жолу далилдеп турат. Башкача айтканда, биз өзүбүздү коргоочу Халифага муктажбыз. Үммөттү Аллах Субханаху ва Тааланын шарияты негизинде бириктирүүчү бир Халифага муктажбыз. Ал Халифа бардык жердеги Үммөттү куткаруу үчүн армияны аттандырат. Халифалык мамлекети курулганда гана Үммөттү коргоо мүмкүн болот. Мына ошондо гана аялдардын намысы корголот.

Ушундай болгон соң Ислам үммөтү көзүн чоңураак ачышы жана пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн колунан келишинче аракет кылышы важиб. Анткени, Халифалык Афият айымды эле эмес, дүйнөнүн ар жеринде мусулман болгону үчүн гана азапталып жаткан бардык мусулмандарды куткарат.

Киямуддин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here