Салтанат Умматка таандык

267
0

Салтанат Умматка таандык

Устаз Абдуддали

Хизб-ут-Тахрир Сирия вилаятыны басма сөз бөлүмүнүн мүчөсү

Усманий Халифалык 1924-жылы кулатылды. Халифалык кулатылганга чейин салтанат (бийлик) мусулмандардын колунда болгон. Расулуллах ﷺ жана ал кишинин Абу Бакр, Умар, Абдуррахман ибн Авф сыяктуу сахабаларынын иштери да ушуга далалат кылат. Абу Бакр адамдарга минтип кайрылган: «Мен силерге карата Аллахка итаат кылганыма чейин мага итаат кылгыла». Умар ибн Хаттаб айтат: «Эгер, менде ийриликти көрсөңөр, мени түздөп койгула». Ал эми, Абдуррахман ибн Авф Умардан кийин кимди халифа кылуу туурасында адамдар менен кеңешти. Булар салтанат Умматка таандык экенин көрсөткөн ачык-айкын далилдер.

Мусулмандардын салтанаты кулаган соң, алардын башына колонизатор кафир Батышка малай залим акимдер келди. Алар мусулмандардын салтанатын тартып алды, Ислам душмандарына кызмат кылуу жана Исламды башкарууга кайтарбоо үчүн мусулмандарга түрдүү азаптарды беришти. Мусулмандар бир нече жылдардан бери ушул абалда жашап келе жатышат. Алар өз укуктарын да билишпейт жана шариятын да колдонушпайт.

Исламий башкаруу кулагандан тартып бүгүнкү күнгө чейинки мусулмандардын абалы оор. Бул доордо Уммат өз салтанатын кайра тикелешине жана укуктарын таанышына жол бербөө үчүн көптөгөн иштер жасалды. 2011-жылга келип Умматта кайра аракет башталды. Уммат өз укуктарын жана тартып алынган салтанатын талап кыла баштады.

Аракет Тунисте башталып, Мисирге көчтү, кийин Ливия, Яман жана мубарак Шам жерине жетип барды. Ошондо Ислам душмандары окуялардын кооптуулугун сезип, эмне кылуу жөнүндө баш катыра башташты.

Бардык адамдар исламий өлкөлөрдө эмне болгонун жана козголоңдору уурдалганын көрдү. Адамдар Ислам ураанын көтөрүп чыккан, бирок түпкүлүгүндө илманийликти жактаган өкмөттөргө алданышты. Умматтын салтанаты кайра тартып алынды. Бирок, бул ирет алар адамдардын талаптары менен ойношушту т.а. салтанатты адамдардын кызыкчылыгы туурасында кыйкырып жаткандарга беришти. Уммат болсо сүкүт сактады жана козголоң Шамга жетип келгенче бардык козголоңдор бирдей болду. Шамда козголоңдун түзүлүшү татаал болгондуктан сунушталган чечимдердин баары жокко чыкты жана козголоңго кийлигишмекчи болгондордун аракети кыйрады. Асаддын үй-бүлөсү зомбулук кылып коом жана мамлекеттин структурасын ыдыратты, оппозициялык саясий чөйрөнүн түзүлүшүнө жол бербеди жана Уммат салтанатын өз кызыкчылыгы үчүн колдонду. 2011-жылдын март айындагы козголоң жарылганга чейин абал ушундай эле.

Адамдар көчөлөргө чыгып, Асад режими куласын деп кыйкырышты. О.э. Умматтын тартып алынган салтанатын кайра тикелөөгө чакырышты. Бирок, жогоруда айтып өткөнүбүздөй «араб жазы» жүз берген башка өлкөлөргө салыштырсак Сирияда саясий чөйрө жок эле. Бул болсо жакынкы келечекте анык чечим болбошун жана бийликке олтургуза турган оппозиция жок экенин түшүндүргөн.

Сириядагы мындай абалга карабастан, кафирлердин жалгыз аракети адамдардан салтанатты тартып алуу болуп калды. Кафир бул үчүн топторду өзүнө тартууда. Кафир бул ишти ошол топтордун кафир өлкөлөрдөгү өкүлдөрү же көрсөтмө берген борборлору аркылуу ишке ашырууда. Мында кафир алсыз жүрөктөрдү тартуу үчүн ыплас акчаларды сунуштоодо жана бул иште белгилүү бир даражада ийгиликке жетишти. Натыйжада, адамдар талап кылган салтанат топтордун кеңейиши жана таасиринин күчөшү алдында жоголуп барууда. Ал тургай, абал ушундай бир даражага жетти, адамдардын салтанаты кайра тартып алынды. Бирок, бул сапар салтанатты козголоңдун башталганда калкты коргоп чыккан жана аны колдоп-кубаттаган кишилер тартып алды.

Салтанатты тартып алган топтор ырайымсыз кылмыштар менен алектене башташты жана адамдар талап кылып чыккандан башкача турмуш түзүмүн тикелешти.

Салтанаттын тартып алынганынын жаркын далилдеринин бири – бул топтор мусулман перзенттерин арзыбаган максаттар үчүн өлүмгө түртүшүүдө. О.э. аларды пайдасыз согуштарга тартууда жана Ислам душмандарынан башкасына пайда бербеген максаттарга кызыктырууда. Жүз берип жаткан бул иштер каршысында адамдар сүкүт сакташууда.

Шамдагы мусулмандардын салтанаты мурда Асад режими тарабынан тартып алынган болсо, бүгүн топтор тартып алды. Бирок, алар өздөрүнө жүктөлгөн вазыйпа жана ролду аткарып болгон соң, башкача айтканда Умматтын кайратын сындыруу вазыйпасын аткарып болгон соң, салтанат куфр пайдасына тартып алынат.

Бирок, бүгүн абал 2011-жылы марттан мурдагы абалдан айырмаланат. Ошондуктан, бул абалдан чыгуу үчүн адамдар унчукпай турууну токтотуп, үндөрүн көтөрүшү жана салтанатын кайра тикелөөнү талап кылып көчөлөргө чыгышы керек.

Бүгүнкү важиб вазыйфа мына ушул. Мусулмандар тартып алынган акыларын жана басып алынган салтанатын ушул жол менен кайра тикелейт. Бул жолдо алар жемелөөчүнүн жемесинен коркпошу лазым. О.э. акыйкатты айтууда адамдардан коркпошу керек. Алар акыйкат сөз ажалды жакындатпасына жана абалды оорлоштурбашына кайра дагы ишенүүлөрү шарт. Болуп жаткан окуяларга сүкүт сактоо жаиз эмес, бүгүн бийлик адамдарды караңгылыкка тартууда, мунун акыбети кырсыктуу болот.

Салтанатты тартып алууга аракет кылып жаткандарды токтотуу үчүн мусулмандар аларды жана алардын салтанатын коргой турган жолду тандашы керек. О.э. алар максат жана жасала турган иштерди белгилеп алышы шарт. Мусулмандар ушул жолго туура келгендерди кабыл алат жана козголоңду уурдап, ага өкүмдар болуп алууга аракет кылып жаткан ар бир фитначыны жок кылат. Бүгүн мусулмандар өз укуктары туурасында унчукпай турушу жана курмандыктарын тартып алып жаткан кимселерге сүкүт сакташы акыбетинде ушул абалга түшүп калышты. Ошондуктан, алар акыйкаттан жүз үйрүгөн кишилер тайпасынан болуп калуудан сактануулары лазым. Расулуллах ﷺ алар жөнүндө мындай деген:

«وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ، لَتَأْمُرُنَّ بِالْمَعْرُوفِ وَلَتَنْهَوُنَّ عَنِ الْمُنْكَرِ، أَوْ لَيُوشِكَنَّ اللَّهُ أَنْ يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عِقَابًا مِنْ عِنْدِهِ، ثُمَّ لَتَدْعُنَّهُ فَلاَ يَسْتَجِيبُ لَكُمْ»

«Жаным колунда болгон Затка ант болсун, силер албетте маъруфка буйруп, мункардан кайтарасыңар, антпесеңер Аллах силердин үстүңөргө Өз даргөйүнөн бир жаза жиберет, кийин дуа кыла бересиңер, (бирок) дуаңар кабыл болбойт».

Бүгүнкү абал өтө оор. Эй Шам калкы, эй Шамдын азат калкы! Региондор кантип режимдин колуна тапшырылганын өз көзүңөр менен көрдүңөр. Регион калкы салтанатты тартып алуучуларга кантип сүкүт сактаганын көрдүңөр. Бүгүн болсо, өз мүлкүңөрдү жана салтанатыңарды кайра алуу үчүн аракет кылбай жатасыңар. Эгер ушул абал уланса келечек жакшы болбойт. Ошондуктан, үнүңөрдү көтөргүлө, бириккиле жана мурдагы ордуңарды ээлегиле. Себеби, маселе олуттуу, ал сүкүт сактоо менен бүтпөйт. Сүкүт сакто кырсыкты гана алып келет.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here