АКШ B-52’лерди Европага жөнөттү

290
0

АКШ B-52’лерди Европага жөнөттү

АКШнын аскерий аба күчтөрү НАТО менен биргелешкен машыгууларга катышуу үчүн Европага алты даана B-52 бомбалоочу учакгын жөнөттү. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.

Телеканалдан билдиришинче, мындай аракет жакында Крымды кошуп алгандыгынын беш жылдыгын чоң салтанат белгилеген Россия үчүн “сигнал” болушу керек. Аталган учак ядролук курал алып жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Телеканалдын маалыматына ылайык, B-52 өткөн аптада АКШ аскерий аба күчтөрүнүн Луизиана штатындагы базасынан учуп, Британиянын Фэйрфорд авиа базасына конгон.

Украина президенти Петр Порошенко эгерде кайрадан шайланып калса Крымды Киевдин юрисдикциясы астына кайтарууну негизги милдети катары белгилөөнү убада кылды. Ал ICTV телеканалынын эфиринде бул максатка жетүү боюнча программасын сунуштады.

Экинчи мөөнөткө шайланууга аракет кылып жаткан Поршенконун билдиришинче, анын планы үч беренеден турат: Крым“оккупациясы” себептүү Россияга каршы санкцияларды кеңейтүү, Керч кысыгы жана Азов деңизин тез арада “деоккупация” кылуу о.э. бул аймакта кемелердин эркин аракеттенүүсүн калыбына келтирүү максатында Россияга каршы санкциялардын “Азов топтому” о.э. Москва БУУнун бир катар конвенцияларын бузганына байланыштуу соттук жараяндарга карата, анын ичинде, БУУда РФга каршы иш-аракеттерди координациялоо.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here