Пентагон Түркияны “олуттуу акыбеттер” менен коркутту

411
0

Пентагон Түркияны “олуттуу акыбеттер” менен коркутту

Пентагон Түркия Россиядан С-400 ракета комплекстерин сатып ала турган болсо, мунун акыры жаман болушун айтып, коркутууну улантууда. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.

Айрыкча, АКШ коргоо министрлигинин маалымат катчысы Чарльз Саммерс, Анкараны “оор натыйжалар” күтүп жатканынан т.а. Вашингтон менен аскерий тармакта мамиле бузулушу мүмкүндүгүнөн эскерткен.

О.э. Анкара С-400дү сатып алуу менен американын F-35 учактары жана Patriot зениттик-ракета комплекстеринен куру калышы  мүмкүн экендигин кошумчалаган.

2017-жылы Москва менен Анкара С-400 зениттик-ракета комплекстерин жеткирип берүү келишимин түзгөндөн кийин Түркия менен АКШ ортосунда дипломатиялык келишпестиктер пайда болду. Вашингтон Түркиядан Американын Patriot комплекстери акысына Россиянын курал-жарактарынан баш тартууну талап кылууда.

А бирок, Анкара бул маселеде олуттуу позициясы бар экендигин жана Американын ЗРКтерин сатып алган күндө да С-400дөн баш тартуу планы жоктугун айтып келет. Мамлекет жетекчилигинин пикиринде, бул темалардын “бири-бирине тиешеси жок”.

Келишимге ылайык, Россия Түркияга С-400дүн төрт дивизионун жеткирип берет. Алардын жалпы баасы 2,5 миллиард долларга бааланууда. Анкара С-400 боюнча келишимдин бир бөлүгүн төлөйт, бир бөлүгү кредит катары берилет. Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар С-400дү мамлекетте жайгаштыруу иштери 2019-жылдын октябрь айында башталарын билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here