Түркия С-400 качан жайгаштырылышын билдирди

297
0

Түркия С-400 качан жайгаштырылышын билдирди

Түркия улуттук коргоо министри Хулуси Акардын билдиришинче, Россиянын С-400 зениттик ракета комплекстерин жайгаштыруу жараяны үстүбүздөгү жылдын октябрь айында башталат. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Анын айтымында, азыркы учурда Түркиянын аскерий аба күчтөрү С-400 ракета комплекстерин кайсы жерге жайгаштыруу жакшыраак экендигин изилдеп жатышат.

О.э. ал С-400 Түркия “калкын коргоо” үчүн зарыл экендигин билдирди.

Акардын айтымында, Түркия тараптан Россиянын зениттик ракета комплекстерин сатып алуу “мажбурий чара” болгон.

Буга чейин, Россия менен Түркия Кара деңизде машыгууларды өткөргөнү кабарланган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here