АКШ Конгресси Путиндин байлыгы тууралуу маалыматка кызыгууда

396
0

АКШ Конгресси Путиндин байлыгы тууралуу маалыматка кызыгууда

Америкалык конгрессмендер АКШ разведкасынан Россия президенти Владимир Путиндин кирешелери жана байлыгы тууралуу маалымат берүүнү талап кылды. Бул тууралуу Өкүлдөр палатасындагы республикачы Элиза Стефаниктин сайтында айтылган.

Стефаник кесиптеши Вал Деминг менен биргеликте «Владимир Путинге карата ачык-айкындуулук жөнүндөгү мыйзам» аттуу мыйзам долбоорун даярдады. Мыйзам долбооруна ылайык, разведка кызматы “РФ президенти жана анын тарапкерлеринин финансылык абалы о.э. жашыруун тармактары”боюнча маалымат топтоп, отчёт бериши керек.

Мыйзам долбоору Россиянын “Америка демократиясына зыян жеткирүү аракеттери”не  жооп иретинде иштелип чыкты.

“Путин жана анын саясий союздаштары бүт дүйнөдө демократияны алсыратууга умтулуп, ахлаксыз аракеттери жардамында саясий көзөмөлдү күчөтүүгө аракет кылышууда”, – деди Стефаник.

ABC News каналынын кабарына ылайык, январь айында Сенатка “Кремлдин агрессиясынан Америка коопсуздугун коргоо жөнүндөгү мыйзам” деген аталыштагы мыйзам долбоору сунушталган, анда да Путиндин байлыгы жөнүндө маалымат берүү талап кылынган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here