Экс-президент учурдагы президентти диалогго чакырды

453
0

Экс-президент учурдагы президентти диалогго чакырды

22-февралда экс-президент А. Атамбаев башында турган КСДП партиясы басма сөз жыйынын өткөрдү. Жыйын жүрүшүнөн баамдалгандай, анда негизинен экс-президент менен бийликтин ортосунда тил табышууга чакырык ташталды.

Конференцияда КСДП мүчөсү И. Карамушкина экс-президенттин учурдагы президент С. Жээнбеков менен жарашууга урунуп келгенин айтты.

Партиянын расмий өкүлү К. Жолдубаеванын айтымында, мурунку жана азыркы президенттер такыр тил табыша албай жатышат, бирок, бул алар бири-бирине душман дегенди түшүндүрбөйт, балким, алар болгону оппоненттер гана.

Ошентип, КСДП мүчөлөрү Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосунда жолугушуу болорунан үмүттөнөрүн билдиришти.

Басма сөз жыйынында Кундуз Жолдубаева келерки парламенттик шайлоодо экс-президент КСДП тизмесинин сап башында болорун жарыялады. Партия төрагасынын орун басары Асель Кодуранова мурунку президент шайлоого катышарын, бирок, өкмөттө эч кандай кызматка о.э. президенттикке да талапкер болбой тургандыгын кошумчалады.

Жогорудагылардан көрүнүп тургандай, экс-президент учурдагы президентти тил табышууга чакырууда. Эгер ошондой болсо, эч кандай төңкөрүшкө шыкакчы болбой турганын, тек гана парламенттик шайлоого катышарын жана бийлик талашпай турганын уктуруп жатат.

Белгилүү болгондой, азыркы жетекчи топ мурункусун алсыратууда Кытайдын ТВЕА компаниясынын Бишкек ЖЭБин модернизациялоогу ишинен пайдаланган. Андагы коррупциялык иштерди Атамбаев командасындагы ири кадрлардын мойнуна илген. Эми болсо экс-президенттин кол тийгистигин алууга карай баратат. Азыркы бийликтин колундагы “күзүр картасы” ушул.

Бирок, азыркы бийликтин ойлогону да жеңил эле ишке аша койбойт. Анткени, учурдагы жетекчи топ элдин ишенимине жетише албай келет. Мисалы, быйыл ишке салынган жаңы кодекстер жараяны калкта бийликке карата катуу нааразылыктарды жаратууда. Бул нерсе жазында элдик толкундоолор болуп кетиши ыхтымалдуугун арттырууда.

Ооба, А. Атамбаев мөөнөтү бүтөрдө түптөгөн жетекчи топ башкарууда калууга алсыздык кылды о.э. жаңыдан келген бийликтин соккулары анын командасын кыйла күчсүздөнтүп койду. Бирок ошентсе да, анда “түтөп турган” элге “чакмак” болуу мүмкүнчүлүгү бар. Экс-президенттин колундагы “күзүрү” ушул. Ал ушуга таянып, диалогго чакырып жатат.

Ушулардан тыянак кылсак, эски жана жаңы бийлик бири-бирин айыптап жаткан нерселер да, жана аларды бириктирип турган  нерселер да, негизинен, эки маселеде көрүнөт. Биринчиси, ЖЭБдин модернизациясы; экинчиси, жаңы кодекстердин катаалдыгы. Бул саясатчылардын ушул кылмыштуу маселелерде бири-бирин айыптай алууларынын себеби, ал маселелердин элге зыян алып келгендигинде. Ал эми бириктирип турган себеби, ушул кылмыштуу маселелердин ишке ашуусуна экөөсү тең кызыкдар болгондугу. Демек, жогорудагы кылмыштуу маселелерде эки бийлик тең бирдей айыптуу. Анткени, алар ушул кылмыштардын аткаруучулары. Бирок, мындан да жаманы, эки бийлик өкүлдөрүнүн тең бул кылмыштардын чыныгы буюртмачыларын эл көзүнөн жашырып жаткандыгы. Эмесе кеп башынан келсин.

ЖЭБ модернизациясы жаатында Кытай-Кыргызстан сүйлөшүүлөрү К. Бакиевдин президенттик доорунда эле башталган. Ал Атамбаев доорунда бышырылып, анын мөөнөтү акырында бүтүрүлгөн. Ал кезде С. Жээнбеков премьер-министр эле. Мында Кытай 386 млн. доллар кредит берген жана бул сумма 2033-жылга чейин 480 млн доллар болуп кайтарыла турган болгон. ЖЭБди модернизациялоо иши Кытайдын ТВЕА компаниясына тапшырылган. Эксперттердин талдоосуна ылайык, иш жүзүндө кытай компаниясы 250 млн долларлык кызмат аткарып, бирок аны кымбатка т.а. 380 млн долларга баалаган (бийликтегилер бул айырманын канчасын пара катары алганы белгисиз). Демек, мындагы Кыргызстанды карызга батыруу кылмышынын чыныгы буюртмачысы – Кытай болгон. Аткаруучулар болсо биздин акимдер болуп калышты.

2019-жылдан тартып ишке түшкөн “жаңы кодекстер” маселеси да Бакиевдин учурунда эле башталган. Аны “сот тармагын реформалоо” чүмбөтү менен Дүйнөлүк Банк “сунуштаган”. Кыргызстан Дүйнөлүк Банк кредиттеринин кийинки транштарын алуу үчүн ушуга мажбурланган. Б.а. мамлекеттик бюджетти жарандар чөнтөгү эсебинен толтуруу о.э. бюджеттин сарп каражатын үнөмдөө аркылуу Дүйнөлүк Банктын шарттарын аткарууга жетишүү үчүн ушул реформа киргизилген. Бул маселе да Атамбаев убагында бышырылып, 2017-жылы кол коюлган. Мына эми Жээнбеков убагында ишке түштү. Демек, бул кылмыштагы буюртмачы Дүйнөлүк Банк болгон.

Эми болсо, бул кылмыштарды аткаруучу акимдерибиз дагы деле кылмыштарына тообо келтирбестен, дале болсо өз кылмыштарын улантышууда. Бул кылмыштар артында турган колонизаторлорду жаап-жашырып, алар менен элдин ортосуна парда болуп жатышат. О.э. бул кылмыштардан келип чыккан кесепеттерди кайра өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланышып, мамлекетте кризистик абалдарды келтирип чыгарышууда. Ушул жолдо араздашып, ушул жолдо тил бириктирүүгө урунушууда.

Эй эски-жаңы элбашылар, колонизатор кожоюндарыңарды таштап, элдин кызыкчылыгын тандай турган убагыңар келбедиби?! Акыры, силерди ушундай баткактарга батырган, өз элиңерге жек көрүндү кылган ошол кафир кожоюндарыңар эмеспи! Кожоюндарыңардын дүйнөсү үчүн ахиретиңерди кыясыңарбы? Силер элдин көзүнө парда болуп тартылуунун ордуна – элиңер менен биригип, колонизаторлукка каршы чыга турган учур келди го…

Калкка кыянат кылуу үчүн тил бириктирүү жолдорун издебестен, калкыңардын кызыкчылыгын коргоо үчүн, ахиретиңердин абадчылыгы үчүн бирикпейсиңерби!

Аллах Таала айтат:

وَتَعَاوَنُوا عَلَى الْبِرِّ وَالتَّقْوَى وَلَا تَعَاوَنُوا عَلَى الْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ

– «Жакшылык жана такыбалык жолунда көмөктөш болгула, күнөө жана чектен ашуу жолунда көмөктөш болбогула!».

Кыргызстандагы Хизб-ут-Тахрирдин маалымат бөлүмүнүн раиси Абдулхакийм

23. 02. 2019

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here