Хизб-ут-Тахрир Борбордук басма сөз бөлүмү: Кытайдын Чыгыш Түркстандагы жырткычтыктары

428
0

Хизб-ут-Тахрир Борбордук басма сөз бөлүмү: Кытайдын Чыгыш Түркстандагы жырткычтыктары

1863-жылдан бери репрессияларга туш болуп келе жаткан Чыгыш Түркстан мусулмандары менен Кытайдын ортосундагы жаңжалдын чындыгын ачыктоо үчүн Хизб-ут-Тахрир Борбордук басма сөз бөлүмү 2019-жылы 25-январда масштабдуу кампания өткөрдү. Мао Цзэдундун жетекчилиги астында Кытайда коммунисттик режим орнотулгандан кийин 1949-жылы тирешүү учурунда бир миллиондон ашуун уйгур мусулмандары өлтүрүлдү. Кытайдын коммунисттик режими Чыгыш Түркстандын эгемендүүлүгүн жоюп, бул аймакты Кытай Элдик Республикасынын курамына кошту жана мусулмандарды өлкөнүн чар тарабына көчүрүп, бул аймакты мусулман калктан тазалай баштады. Бирок, күчтүү уйгур калкы кытайларга моюн сунууну каалашпады, муну 1933, 1944 жана 2009-жылдардагы уйгурлардын козголоңдору тастыктап турат.

Ислам – кытайлардын уйгур мусулмандарына каршы душмандыктын негизги себеби, ал эми мечиттер бул душмандыктын очогу болуп калды. 1949-жылдын өзүндө эле кытай коммунисттери 25 миң мечитти кыйратышты. Ошентип бүткүл аймак боюнча 500 гана мечит калды. Бүгүн, экономика либералдаштырылгандан кийин Кытай бул аймакта диндин ар кандай көрүнүшүнө каршы күрөшүп, өзгөчө уйгур жаштары арасында куугунтуктоо саясатын алып барууда.

Ага карабастан, Чыгыш Түркстан мусулмандарынын бекемдигинен улам, өзгөчө айыл жергесинде Исламдын турмуштагы көрүнүшү жанданууда. Маал-маалы менен уланган башаламандыктар бул регионду термелтүүдө, акыбетте баскынчы мамлекетке каршы агрессиянын токтобогондон жана Кытайдан бөлүнүү тенденциясынан улам бул регион туруксуздук катары мүнөздөлүп калды.

Мындай абал мамлекеттин ичиндеги алсыздыктын себеби болуп эсептелет. Ошондуктан, Кытай уйгурлардын жашоосун толук көзөмөлгө алып, маалымат каражаттарынын региондо өткөрүлүп жаткан камакка алууларды, адам өлтүрүүлөрдү ачыкташына жол бербей жатат. Кытай режими чет мамлекетке качып кетип, репрессиялар жөнүндө айткан уйгурлардын изинен түштү. Кытай бийлиги «терроризмди» шылтоолоп жана эл аралык коопсуздук каналдарын ишке салып чет мамлекетке качкан көптөгөн уйгурларды, өзгөчө Орто Азия өлкөлөрүндө жана Пакистанда жүргөн уйгурларды камакка алды.

Өкүнүчтүүсү, кытайлардын уйгурларга каршы бул жырткычтыктары дүйнөдөгү миллиондогон мусулмандардын көз алдында болууда, алар бул репрессияларды токтотууга эч кандай таасир кыла албай жатышат. Себеби, мусулмандар бытыранды жана бир мамлекет астында биригишпеген. Бүгүн мусулмандардын вазыйпасы – бир халифа астында өз бүтүндүгүн тикелөө. Бул халифа мусулмандарды камкордукка алат жана мусулмандар анын артында туруп согушат, аны менен коргонушат. Абу Хурайрадан риваят кылынат, Расулуллах A айтты:

إِنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَي بِهِ

«Имам анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан».

Мына ошондо Кытай да, башка мамлекеттер да мусулмандарды азапка сала алышпайт, себеби алар ар бир кылмышка жооп берерин билишет.

Биз мусулмандарды биздин ушул кампаниябызга кошулууга жана анда көрсөтүлгөн материалдарды көбүрөөк жайылтууга чакырабыз, биздин бул чакырыгыбыз өзгөрүүгү жасоого кудуреттүү күч-кубат ээлерине жетип барсын. Мына ошондо алар пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелеп чакырыгыбызга шексиз жооп беришет жана өзүлөрүнүн динин колдоого алышат.

Роя гезити, 2019-жыл, 30-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here