Ашраф Гани “Талибан”га мамлекетте офис ачууга уруксат берүүгө даяр

384
0

Ашраф Гани “Талибан”га мамлекетте офис ачууга уруксат берүүгө даяр

Афганистандын президенти Ашраф Гани “Талибан” кыймылынын мүчөлөрүнө Кабул, Нангархар же Кандагарда офис ачууга уруксат берүүгө даяр экендигин билдирди.

“Эгерде “Талибан” офис ачууну кааласа, аны эртең эле Кабулда, Нангархарда же Кандагарда ачууга уруксат берем ”, – деп айткан Гани Нангархар провинциясына сапары учурунда. “Биз өлкөдө бекем жана татыктуу тынчтыкты камсыздайбыз”, – деп кошумчалаган президент. 

Кабарда келишинче, талиптер өткөн аптада бир катар талаптардын арасында, расмий офис ачуу маанилүү экендигин белгилешкен. “Талибан” кыймылынын расмий өкүлү Сухайл Шахин билдиргендей, талиптер “Катардагы офис эл аралык коомчулук тарабынан таанылышы керек” деп эсептешет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here