Экс-мэр 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

289
0

Экс-мэр 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев кабарлаган.

Адвокаттын билдиришинче, материалдар менен таанышуу жараяны башталган. Юрист белгилегендей, иликтөөнүн жүрүшүндө бир канча эреже бузуулар аныкталган.

 Буга чейин, экс-мэрге акыркы айып тагылып, 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылган. Кубанычбек Кубанычбек Кулматов 2014-жылы мэр болуп турганда эки мектептин курулушуна бөлүнгөн 2 миллион доллардык грантты мыйзамсыз пайдаланган деп айыпталууда.

Сергей Слесарев Бишкектин дагы бир экс-мэри Албек Ибраимовдун иши да сотко берилгендигин кошумчалады. Бирок, соттук жараян качан башталары белгисиз.

Албек Ибраимов “ТНК “Дастан” жана “Дастан Инжиниринг” ишаканаларынын ортосунда буюм сатып алуу үчүн түзүлгөн келишимдин баасын атайылап жогорулатып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргендикте айыпталып кармалган. Мындан тышкары, Албек Ибраимов пайда көрүү максатында өзүнүн жеке ыйгарым-укугун пайдалануу менен Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мэриянын башка кызмат адамдары менен менчикке берүү боюнча кылмыштуу схема уюштургандыкта айыпталууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here