АКШ аскерлери Сириядан чыгып кете баштады

367
0

АКШ аскерлери Сириядан чыгып кете баштады

Америкалык аскерий кызматкерлер Сириядан чыгып кетишүүдө. Бул тууралуу “Zakon.kz” кабарлады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майкл Помпеонун билдиришинче, АКШ “ИШИМ”ге каршы кампанияны улантат жана Жакынкы Чыгышта туруктуулукту камсыздоо үчүн болгон күчүн жумшайт.

Журналисттин Америка аскерлеринин Сириядан чыгып кетүү мөөнөтү жөнүндөгү суроосуна Помпео: “Анык мөөнөт тууралуу эч кандай маалымат бере албайм, себеби, Сириядан качан чыгып кетишибизди душмандар билишин каалабайм”,- деп жооп берди.

Помпео АКШ Иранга каршы кампанияны улантышын билдирип: “Биз бул жаатта натыйжаларга жетишүүнү улантабыз. Болгону, Америка аскерлери Сириядан чыгып кеткенден кийин бул иштер менен алектенебиз”, – деди.

 Мындан тышкары, Сириядагы диний азчылыктын коопсуздугун камсыздоо о.э. түрк жана күрт күчтөрү ортосундагы жаңжалдардын алдын алуу маанилүү экендигин айтты.

Ал: “Бул милдеттер дагы деле Америка миссиясынын бир бөлүгү болуп эсептелет”, -деди.

АКШ президенти Дональд Трамп да 2-январь күнү журналисттер менен жолугушуу учурунда Сириядан Америка аскерлеринин чыгып кетүү мөөнөтүн анык айткан эмес.

Сириядан Америка аскерлери чыгарылышы тууралуу Трамп 19-декабрда жарыя кылган.  Ал Сирияда “ИШИМ” жеңилгендиги себептүү аскерлер чыгарылышын билдирген.

“The New York Times” басылмасы Ак үйдөгү булактарга таянып, АКШ аскерлеринин Сириядан чыгарууга төрт ай мөөнөт белгиленгендигин кабарлаган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here