Иран да афган өкмөтү менен “Талибан”га ортомчулук кылуу ролун аткарууга киришти

579
0

Иран да афган өкмөтү менен “Талибан”га ортомчулук кылуу ролун аткарууга киришти

Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Али Шамхани Кабулга сапарынын алкагында “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөрүлгөнүн маалымдады. Бул тууралуу “Tasnim” агенттиги кабарлады.

Ал бул тууралуу Афганистан президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мухиб башында турган топ менен жолугушууда билдирди.

 “Биз Афганистан өкмөтүн кабардар кылган абалда “Талибан” кыймылы менен бир топ кеңешүүлөрдү жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Келечекте да бул иш-чаралар уланат”, – деди Али Шамхани.

Ал аталган сүйлөшүүлөр Афганистанда коопсуздук көйгөйүн чечүүгө жардам берүү максатында өткөрүлгөнүн билдирген.

 17-18-декабрь күндөрү Абу-Дабиде талиптер менен АКШнын өкүлдөрү ортосунда жолугушуу болуп, ал жолугушууга Саудия менен Пакистандын делегациялары да катышкан.

9-ноябрда Москвада болуп өткөн сүйлөшүүлөрдө болсо, Россия, Афганистан, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, АКШ, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышкан. Мындай эл аралык масштабдагы жолугушууга “Талибан” кыймылынын саясий офисинин делегациясы алгачкы жолу катышты.

Туркистон:

Афганистан эл аралык саясатта дагы кайрадан борбордук орунга чыгып барууда. Эл аралык саясаттагы таасирдүү мамлекеттердин “Талибан” кыймылына көңүл буруусу күчөп жатышы бул сөзүбүзгө далил боло алат. Алардын ар биринин өзүнчө, бири-бирине туура келбеген кызыкчылыктары бар болуп, Афганистан дагы кайрадан аскерий жана саясий кагышуу майданына айланып барууда.

Мурда Афганистан СССР менен АКШ ортосундагы стратегиялык аскерий фронт милдетин аткарып, ондогон жылдар согуштук абалда турган болсо, эми Россия, АКШ жана Кытай ортосунда туруп калды! Иран, Өзбекстан, Пакистан сыяктуу майда мамлекеттер ошол ири мамлекеттердин кызыкчылыктары негизинде иш алып баруучу малайлары десек туура болот! Бул малай мамлекеттер өз боордошторун ири жырткыч мамлекеттерге фитна жолу менен салып берип, өздөрү алардын жугундуларынан үмүттөнүп жатышат! Буга Палестина, Сирия, Ливия, Афганистан, Ирак…. кыянаттарында күбө болуп жатабыз!

“Талибан” кыймылы эл аралык саясаттын Афганистан стратегиясын белгилөөсүндөгү негизги факторго айланып калды. Башкача айтканда, ал афган калкы менен биригип, АКШ баскынчылыгына каршы дээрлик жеңишке жетише алган исламий жамаат болуп, мамлекеттин чоң бөлүгүн ээлеп алды. Афганистан стратегиялык жактан өтө маанилүү региондо жайгашкан мамлекет болуп, учурда ал Орто Азия мамлекеттери Россияга алтернатива болгон дүйнө менен алака кылышы мүмкүн болгон аймак болуп турат. АКШ Афганистандан ушул максатта пайдаланмакчы болуп, “Талибан” менен тынчтык келишимин түзүү негизинде иш алып барууда. Ал эми Россия болсо, тескерисинче, “Талибан”дын афган өкмөтү менен күрөшүн күчөтүү максатында ага курал-жарак сунуштамакчы болууда. Кытай да Борбор Азиядагы кызыкчылыктарын коргоо менен бирге Шинжаңдагы зулумдарына каршы региондо жүз бериши мүмкүн болгон жаңжалдардын алдын алуу максатында Афганистан проблемасына аралаша баштады.

Бирок, эл аралык саясаттын Афганистандагы келишпестиктери, бул ири мамлекеттердин Орто Азия регионунда жайгашкан кызыкчылыктары үстүндө жүрүп жатат. Ошондуктан, Афганистан проблемасы Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстан мамлекеттеринин да проблемасы болуп, ал жердеги келишпестиктер биз тарапка сөзсүз таасирин тийгизет.

“Талибан” болсо, Афганистан аркылуу өтүшү күтүлүп жаткан жаңы транзиттик жолдор үчүн стратегиялык маанилүү аймактын ээси болуп калды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here