Трамп Афганистан жаңжалын «жөнгө салуу» үчүн Пакистандан жардам сурады

309
0

Трамп Афганистан жаңжалын «жөнгө салуу» үчүн Пакистандан жардам сурады

Афганистанды басып алганынан 17 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин Вашингтон «Талибан» кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу аракеттерин күчөтүп жатат. АКШнын президенти Дональд Трамп Афганистанда уланып жаткан согушта келишим түзүү үчүн сүйлөшүүнү колдоп-кубаттоодо Исламабаддан жардам сурап, Пакистандын премьер-министри Имран Ханга кат жолдоду. Бул тууралуу Пакистандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматтарына ылайык, Трамп катында Афганистандагы жаңжалды жөнгө салуу «Эң маанилүү аймактык багыт» экендигин, ушуга байланыштуу Вашингтон Пакистандын колдоосуна жетишүүгө жана Афганистандагы абалды жеңилдетүүгө умтулуп жатканын айтып өткөн.

Исламабад тараптан берилген билдирүүдө, Трамптын согушка АКШ жана Пакистандан көп каражат жумшалгандыгын моюнга алгандыгы жана Исламабаддын «жакшы ниет менен» ар кандай сүйлөшүүлөрдө жардам бериши айтылат.

Ак үйдө “Пакистандын ички разведка мекемелери жана башка аскерий түзүлүштөрү идеологиялык себептерден улам, узак убакыттан бери Талибанга курал-жарак жана каражат жагынан жардам берип келет” деген пикир үстөм. О.э. Вашингтон расмий Исламабадды жихадий топтор Пакистан аймагына жайгашып алганына кайдыгерлик кылууда айыптап келет. Ал эми, Исламабад болсо муну четке кагып келет.

Буга чейин Трамп “Fox News” телеканалына берген интервьюсунда үстүбүздөгү жылдын башында Пакистанга бериле турган миллиарддаган доллардык жардамды токтотконун билдирип: “Пакистанга жыл сайын 1,3 миллиард доллар төлөп келдик. Эми мындай кылбайбыз. Мен бул жардамды токтоттум, себеби алар биз үчүн эч нерсе кылбай жатышат. Бир дагы иш кылбай жатышат”, – деген эле.

Трамптын бул билдирүүсүнө Пакистандын премьер-министри Имран Хан Твиттердеги баракчасы аркылуу жооп берип: “Талибанга каршы күрөштө биз аларга жардам бердик. Бул күрөштө 75 миңден ашык адам өлүп, 123 миллиард доллардан ашуун каржылык зыян тарттык. АКШнын 20 миллиард доллар жардамы биздин чыгымдарыбыз алдында арзыбаган нерсе”, “Трамп мына ушундай курмандыктарды бере турган союздаш таба алар бекен?” “АКШ өз каталарын жашыруу үчүн Пакистанды айыптоонун ордуна, 1 триллион доллар жумшаганына карабастан Талибан эмне үчүн мурункудан да күчтүүрөөк болуп калганына жооп берсин”, – деген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here