АКШ сенаты Түркияга ультиматум койду

286
0

АКШ сенаты Түркияга ультиматум койду

“Түркия – же Россияны, же Батыш мамлекеттерин тандашы керек”, – деди АКШ сенатындагы куралдуу күчтөр комитетинин төрагасы Жеймс Инхоф.  Бул тууралуу, РИА “Новости”  кабарлады.

Инхоф Пентагондун Конгресс үчүн даярдалган отчётуна комментарий берип: “Эгерде Түркия F-35 программасында калууну кааласа, ал Россиядан С-400 системасын алуудан баш тартышы керек”, – деди.

Инхофтун айтымында, Түркия АКШнын НАТО боюнча өтө маанилүү өнөктөшү. Ошол себептен улам ал өз макамына ылайык аракет кылышы керек. “Түркия же Россияны, же Батышты тандашы керек. Эгерде С-400 сатып алууну улантса, аны терс акыбеттер күтүүдө”, – деди сенатор.

 О.э. “Блумберг” агенттиги АКШ жана НАТО Түркиянын С-400 сатып алышына эмнеге мынчалык тынчсызданып жатканын да айтып өттү. Аскерий эксперт Стивен Залогиндин билдиришинче, Түркияга С-400 менен бирге россиялык аскерий адистер да келишет жана алар С-400дү американын F-35 учагына каршы сынап көрүшү  мүмкүн.

“Россиялык адистер С-400 радарларын Түркиянын F-35 учактарына каршы сынап көрүшү мүмкүн. Бул америка учагынын антирадар мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышы мүмкүн”, – деди эксперт.

 Белгилүү болгондой, Түркия менен Россия жалпы баасы 2,5 миллиард доллар болгон төрт даана ЗРК С-400  дивизионун жеткирип берүү боюнча келишим түзгөн. Аталган келишим 2017-жылдын декабрь айында түзүлгөн. Келишимге ылайык, комплекстин биринчи партиясы 2019-жылдын октябрында жеткирилиши керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here