Уйгурлардын үйлөрүнө бир миллиондон ашык кытай жайгаштырылды

536
0

Уйгурлардын үйлөрүнө бир миллиондон ашык кытай жайгаштырылды

Кытай өкмөтү бир миллиондон ашуун этникалык кытайларды Шинжаңдагы уйгурлардын үйлөрүнө жайгаштырды. Аларга уйгурлардын жашоосундагы Исламдын ар кандай көрүнүштөрү жөнүндө маалымат топтоо милдети жүктөлдү.

Кабарларда келишинче, уйгурлардын “туугандары” катары мусулман үй-бүлөлөргө киргизилген тыңчылар ошол үй-бүлөлөрдүн Ислам динине канчалык ыктагандыгын күзөтүп, бул тууралуу өкмөткө кабарлашы керек.

Америкалык антрополог Даррен Байлер даярдаган отчётто келишинче, “кытайлык туугандар”  уйгурлардын намаз окушу же окубастыгы, Рамазан айында орозо кармашы жана аялдардын кийиниши о.э. үй-бүлөдө исламий сөздөр колдонулушу, ал тургай кошунасы менен “ассаламу алейкум” деп учурашуусу жөнүндөгү маалыматтарды блокнотуна жазып жүрөт. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн қарта оюндары жана кинофильмдерге карата мамилеси да этибардан четте калбайт.

О.э. ошол үйдө кытайлыктар сунуштаган сигаретти же спирттик ичимдиктерди четке кагуу жана эркек-аялдардын кол берип учурашпастыгы да каттоого алынат.

Мындан көздөлгөн максат, уйгурлардын арасындагы “саясий тарбиялоочу” лагерлерге жөнөтүлө турган мусулмандарды аныктоо. “Азия Коомдору” борбору тарабынан жарыя кылынган отчётто келишинче, бул маалыматтар лагерге жөнөтүлө турган уйгурларды аныктоо үчүн топтолууда.

Отчётто келишинче, мусулмандардын үйлөрүнө жайгаштыруу үчүн 2014-жылы 200 000 миң, 2016-жылы 110 000, 2017-жылы болсо бир миллиондон ашуун кытай жөнөтүлгөн.

Кытай өкмөтү да бул кабарды расмий түрдө тастыктады. Бирок, бул абалды Кытайдын маалымат каражаттары “түрдүү этникалык топтор ортосунда достук алакаларды орнотуу жана бири-бирине көмөктөшүү о.э. жарандар жана чиновниктер ортосунда «жакындашуу» түзүмүн пайда кылуу” катары үгүттөп жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here